Кызмат үчүн биригүүнүн кыяпаты

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров шайлоодо кеңири конфигурациядагы бирдиктүү оппозициялык биримдикти түзүү жана бирдиктүү талапкерге токтолуу боюнча сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганын билдирди. Анын айтымында, айрым президенттикке талапкерлердин жана оппозициялык күчтөрдүн ортосунда шайлоодо бирдиктүү платформа аркылуу бир талапкерге токтолуу демилгеси натыйжа бере элек.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров бийликтин талапкерине туруштук берип, күчтүү атаандаштыкты камсыздоо үчүн кеңири оппозициялык альянсты түзүү демилгесинин оош-кыйыштарына токтолду: “Биз “Кыргызстандын кайсы жол менен алып кетебиз” деген альтернативалуу идеянын айланасында биригишибиз керек эле. Инсандын же кызматтын айланасында эмес, идеянын айланасында баш бириктиришибиз зарыл экенин айтып келгенбиз. Эми алар ошентип “Мен -президент, сен – премьер” деген ураанды көтөрүп, “сиз – мугалим, мен – студент” деген ырдагыдай болбошу керек эле. Бул жерде шашылыш болуп кеткен сыяктуу болуп жатат. Андай болбошу керек эле. Тилекке каршы, мына ошондой болуп кетти. Анан эми бул сөзсүз түрдө жанагы биз айтып жаткан саясий күчтөрдүн кеңири коалициядагы союзун түзүүгө терс таасирин тийгизет. Тилекке каршы мен ойлоп жүргөн конфигурациядагы биригүү болбой калды.  Ошол жагы өкүнүчтүү. Бирок эми кеңейтилген конфигурациядагы биримдикти түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр баары бир жүрө берет. Бул эми чоң саясий күрөш. Эгерде мына ошондой бирдиктүү талапкер катары бир лидер чыгып, программалык негизде иш алып барып, өз ара шартташкан болсок, анда мен мына ошондой өзгөрүүлөр үчүн, өзүмдүн талапкерлигимди алып салып болсун, мына ошондой программаны ишке ашырам деген инсан менен кол кармашып, үзөңгүлөш болгонго даяр элем”.

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *