“Кызыл зонада” жашаган 38 бүлө. Дача СУ кырсыгы өкмөткө сабак болгон жокпу?

Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылына караштуу аймак бар. Бош жаткан жер 2010-жылы 4,5 сотыхтан бөлүштүрүлүп. 38 адам жерлүү, андан кийин үйлүү болушкан. Жер айыл өкмөтү тарабынан берилген. Бир-эки жылдын ичинде бош турган аймакка үйлөр курулуп, бак отургузулуп жашоо уланып баштаган. 3-4 жылдан кийин гана тургундар алар жашаган аймак “кызыл зона” экенин билишкен.

Ал эми жер бөлүштүрүүгө катыштыгы бар жооптуу адамдар: “булар жерди басыл алышкан (самазахват)”.- дел кутулуп кетишкен. Жерди сатып алышкандарга тийиштүү документтер берилген эмес.

Ошол убакта апрель революциясы орун алгандыктан айыл өкмөт башчысы аларды: “Абал бир аз тынчысын, андан кийин документтештиребиз”,- дел жооткоткон. Бирок, абал тынчымак тургай, арадан 8 жыл өтсө да бүгүнкү күнгө чейин документтер берилген эмес. Документ болбогондон кийин үйлөргө катталууга мүмкүн эмес, тургундар балдарын туугандарынынын үйүнө каттоого тургузуп, бала бакча, мектепке орноштурууга аргасыз. Кыскасы, 40ка чамалаш үй-бүлө “инопланетяндардай” эле жашоо кечирип келишүүдө.

Аталган аймактын тургуну Гүлнара Жумабекова буларды айтып берди:

Акча бердик, бирок, документ албадык…

-2006-2007-жылдары Төмөнкү Ала-Арча айылынын Коллекторный көчөсүнүн батыш тарабы бош турган экен. Үй салгыла деп айыл өкмөтүндө иштегендерге ошол кездеги башчы Ачакеева бөлүштүрүп бериптир. Он чакты адам жер алып, турак-жай салышкан. Качан гана үйлөр курулуп бүткөндөн кийин айылдык кеңештин депутаттары “булар мыйзамсыз курулган үйлөр” деп токтом чыгарышыптыр. Анан да ал же шаарга, же районго карабаган талаш аймак болуп чыгат,  2009-жылы айыл өкмөт башчылыгына Нуржан Шайлообеков келгенден кийин архитектура жана башка тийиштүү кызматтардан 9 адам келишип, акт түзүшүп, чегараны бөлүшөт. Кичи Чүй каналына чейин Төмөнкү Ала-Арча айылынын жери болуп катталат. Анан калган жерди да 4,5 сотыхтан бөлүшүп, ар бир адамдан 1,5 миңден 3 миң АКШ долларына чейин алышып, сатышат. Алардын катарында мен да сатып алдым. Мен акчаны айылдын старосткасы Калыбеков Асанга бергем. Ал киши “айыл өкмөт башчысы сурап жатат”-деп, акчаны чогултуп кеткен. Бирок, эч кандай “расписка” жаздырып албаган экенбиз. Биздин көзүбүзгө дароо эле электр энергиясын тарткан кучак жеткис чоң столбалар урунган. “Бул эмне?”- деп сураганыбызда, “бул иштебейт, коркпой турак-жай сала бергиле”,- деп коюшкан. Жерге эч кандай документ беришпеди, кызыл китеп да жок. Биз 2010-жылы алганбыз да, март айында, бир айдан кийин апрель революциясы болуп кетип, документ талап кылганыбызда: “Абал бир аз тынчысын, анан маселелерди чечебиз”, – деп коюшкан. Алардын оозеки айткандарына ишениптирбиз, чынында…

“Кызыл зонадагы” бак-шактуу айыл…

– Мен 2 жылга чейин үй салбай жүрдүм, биринчи документтерди алайын деп ойлогом. Бирок, 2012-жылы айыл өкмөтүнөн мага: “Үй курбасаң жерди тарттырып жибересиң”, – деп эскертишти. Документти сурасам: “Айылдын генпланы иштелип чыга элек, ага силердин аймакты киргиздик. Иштелип чыгаары менен документти колуңарга карматабыз”,- дешти. “Жерди тарттырып койбойун”- деп, үй курдук. Күтүп жүрүп, чыдамыбыз кеткенде айыл өкмөтүнө барып, документтерди талап кыла баштадык. Колума 2009-жылы Ачакееванын колу коюлган документти карматышты. “Биз Шайлообековдун тушунда жерди алсак, Ачакееванын бул жерде кандай тиешеси бар?”- десем, ага да бир жооп табышты. Ар жолу барганымда генпланды шылтоолошуп, “эртең, бүрсүгүнү” деп жүрүп отурушуп, ал арада Нуржан Шайлообеков айыл өкмөт башчылыгынан кетип калды.

2013-2014-жылдары гана биз жашаган аймак “кызыл зона” экенин билдик. Эрежеге ылайык, ал жерге калк жашаган конуштар түптөлбөшү керек экен. Үйлөрдүн үстүнөн тартылган зымдарда жогорку кубаттагы электр энергиясы бар дешти. Кайра дагы айыл өкмөткө бара баштадык, ал убакта башчы болуп Муратбеков иштеп баштаган, бизге “кызыл зонадагы” жерди сатып салышканын айтсак, кебелбеди: “Күтүп турсаңар документ даярдалат”, – деп. Айлабыз кетип, Аламүдүн районунун акимине кирдик, ал дагы генпланды шылтоолоду.

Сотко берсе, эптеп кутулуп чыккыла…

2016-жылы биз жашаган аймакты Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынан келип, текшерүүгө ала башташты. Ал убакта айыл өкмөтү бизди жерди өз алдынча басып алгандардын катарына кошуп, тийиштүү акты чыгарууга да үлгүрүшүптүр. Мамэкотехинспекция: “Бул жер захват болгон жер экен, биз силерди сотко бергенге аргасызбыз”,- дешти. Айыл өкмөтүндөгүлөр бизди чакырышып: “Сотко беребиз деп жатышат. Сотко беришее, адвокат жалдап эптеп өзүңөр бир жолун таап кутулгула. Үйлөр курулуп, бак-дарактар көктөп, айылга айланып калганыңарды айткыла”,-дешти. Анысына да макул болдук. Бирок, ошону менен инспекция бизди да, айыл өкмөтүн да сотко беришпеди. А биз “кызыл зонада” жашап жатканыбызды тастыктоо максатында Чуй облустук жогорку кубаттуулуктагы электрдик тармактар ишканасына арыз менен кайрылдык. Алар келип, текшерип көрүшүп. 1968-жылы эксплуатацияга берилген ВЛ-110 кВ электр зымы өтөөрүн тастыктаган жооп жөнөтүштү. Эреже боюнча жогорку кубаттуулуктагы электр мамычасы орнотулган жерде курулуш иштерин жургүзүүгө, короо-жай кармоого, дарак отургузууга, суугат жасоого тыюу салынат экен. Бизге жерди айылдын старостасы Калыбеков, жер маселелери боюнча адис Аскер Жаркынбаев (ал азыр да аталган кызматга иштейт), айыл өкмөт башчысы Шайлообековдун катышуусунда бөлүнүп берилген. Алар өздөрү башында туруп, 4,5 сотыхтан бөлүп, кимибиз кайсы жер тилкесине ээлик кылганыбызды тиз-мелеп жазып кетишкен. Кызыл зона болсо, ал жерде үй-жай курууга мүмкүн болбосо, анда эмнеге бизге өздөрү бөлүп беришкен? Карапайым адамдарды алдап, кооптуу аймактагы жерди саткандарды таап, мыйзам чегинде жазага тартса болбойбу? Ушул суроого жооп издеп, кайрылбаган адамым калбады. Азыр ал аймакта 38 бүлө жашайт, ар бир үйдө жок дегенде эки жаш бала бар. Он жылга жакын убакыттан бери курулуш иштери да жүрүп, короо-жай кармап, бак отургузуп жашап жатабыз. Башта, “кызыл зонада” экенибизди билгенге чейин көңүл бурбаптырбыз, а азыр катуурак шамал болсо эле, электр зымын тиктеп үрөйүбүз учат. Жаш балдарды тыя албайсың, электр мамычалардын түбүндө ойногон учурлары да кездешет.

Башты айландырган чынжырча

– Өкмөт башчылыгында Темир Сариев турганда акыбалыбызды түшүндүрүп, өкмөт аппаратына кат жаздык. Ал жактан ишти текшерүүнү Чүй облустук прокуратурасы тапшырма беришти. Чүй Аламүдүн прокуратурасына тапшырды. Райондук прокуратурадагылар РИИБге өткөрүшөт. тергөөчүлөр бизден эч нерсе сурашпайт, баягы эле айыл өкмөтүндө иштегендерден сурамыш болушат. Алар “ооба, акчаларын алый, жерди сатканбыз”, – деп айтышмак беле, “жерди өзүмбилемдик менен басып алышкан”, – дешет. Ошону менен бир канча убакыт өткөндөн кийин “мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу” деп туруп, кылмыш иши ачылбаган бойдон, иликтөө токтотулат. Аны угуп, биз кайра Чүй прокуратурасына арыз менен кайрылабыз. Алар райондук прокуратурам, райондук прокуратура РИИБге тапшырма беришет. Тигилер кайра эле баягыдай мөөнөтү өттү дешет да ишти жабышат. Кайра дагы өкмөттүн аппаратына кат жолдодук, анда деле баштагыдай жооп. Акырында айлабыз кетип, 2017-жылдын март айында ал кездеги президент Атамбаевге кайрылуу жолдодук. Анда деле иш ордунан козголбоду. Ошентип, чынжырчага айланып, канча жылдан бери айыптуулар табылбай, тегеренип жүрөт. А биз болсо башка бара турган жерибиз болбогондон кийин кооптуу аймакта күн кечирүүгө аргасызбыз.

(Уландысы бар)

Арина Рысбаева

P.S. Кийинки санда Аламүдүн райондук прокурорунун орун басары Шабдан Муратбеков жана айылдын мурдагы старостасы Асан Калыбеков менен жер сатып алуучулардын сүйлөшүүлөрүн жаздырган аудионун стеннограммасын жарыялайбыз. Ошондой эле, 38 адамга кызыл зонадагы жер тилкесин сатып, айыбын “өзүм билемдик менен жерди басып алышкан” деп жер ээлерине төңкөрүп кутулуп кеткен Нуржан Шайлообеков тууралуу соз болот.

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *