Лейлекте белгисиз адамдар жергиликтүү депутаттын далысына ок атышкан

Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында жергиликтүү кеңештин депутаты Кубаныч Баяновго  белгисиз адамдар артынан ок чыгарышкан. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда окуя 5-ноябрга караган түнү болгон.

“Кубаныч Баянов айылдык кеңештин төрагасы. Окуя 5-ноябрь күнү саат 22.30 чамаларында болгон. Жабырлануучу Тажикистандын Худжант ооруканасына жеткирилген”, – деп маалымдашкан милициядан.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *