Алмаз Атамбаев илдирген “Кайран элим, кайда баратабыз?” деген жарнактарды жер-жерлерде айрып, өрттөй башташты

Баягы Атамбаев илдирген “Кайран элим, кайда баратабыз?” деген баннерлердин баш оорусу дагы деле бүтө элек. Жалпы Кыргызстанды каптаган бул жарнактардын кээлерин шамал айрып салса, кээлерин белгисиз бирөөлөр айрып жатканы айтылууда.

Жакында Кара-Суу районундагы илинген баннер аз күн өтпөй жыртылып, аны жергиликтүү милиция текшерүүгө алып, жыйынтыгында ал шамалдан айрылды деп жарыялашты.

Ал эми бүгүн Лейлек районунун Сүлүктү шаарына илинген жарнак өрттөнүп кеткени маалым болду. Албетте,  ал өзүнөн-өзү өрттөнбөсө керек. Элдин ынтымагына доо кетирген мындай баннерлерге жергиликтүүлөрдүн кыжыры келип, ушундай ишке баргандыр. Канткен күндө дагы мамлекеттин акчасын минтип шамалга сапырбай, башка зарыл болгон нерселерге жумшаганыбыз оң эмеспи?..

4 comments

  • Islambek says:

    Чындыгында эле Кыргызстанда диний радикализм күчөп кетти, бирок аны тизгиндөө үчүн күчтүү далилдер жана идеологияга таянуу керек, ушул сыяктуу баннерлер кырдаалды дагы татаалдаштырат жана элди экиге бөлүп салат. Кандай кийим кийинүү – бул ар бир адамдын жеке укугу, кайсы бир бийлик да ага аралашуу укугуна ээ эмес. Ооба, эгер ошондой адамдар (хижаб кийингендер же сакалчандар) мыйзамды бузушса, анда башка жарандар сыяктуу аларды да мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу керек. Бирөөнүн кийимин же сакалын же денесин ачып жүрүүсүн мазактоого эч кимдин акысы жок. Ушул дүйнөгө келген ар бир адам ардактуу жана сый-урматка татыктуу!

  • Кыргыз Жигити says:

    Эгер Атамбаев акылсыз башы менен ушундай ишин уланта турган болсо, анын бийлигине эл тарабынан чек койулат… Кыргызстанда андай ашыкча капкара оронуп алгандар жок , кудайга миң шүгүр жаштарыбыз Советтин отеисттик тарбиясын алган динден алыс мугалимдерден мектептерде тарбия алып жатканына карабастан жаштарыбыз арасында динге кызыккандар көбөйүп жатат… Атамбаев өздөрүн арамдан сактаган намыстуу кыздарыбызга асылбастан , жарым жылаңач жүргөн , уятсыз , чала орус Кыргыздын кыздарын жакшы тарбия берүү тууралуу ойлонсун…

  • Гулбара Мамазияева says:

    Ээнбаштыка конгонбуз да.Кичине тартип болсун десе болбойбуз. Эми орттогондорду таап жазасын бериш кк тиешелуу органдар. Бул эмне деген шумдук…

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *