Лунараны министр кылышса болмок

Интриганын баары парламенттен башталары ырас. Айрым убакта кызматтагыларга атайын аңчылык кылынат. Эгерде айтканы дал келбесе билмексен болуп кутулушат. Капыстан кичине илинчегин таап алышса тимеле кайта-кайта микрофонго чыга калып, биротоло күм-жам кылып таштоого чейин барышат. Өз кишиси болсо үстүнөн танке менен тебелесе да үн катууга жарабайт. Бул парламенттин табияты болуп калды.

Кандай дегенибиз менен парламенттеги депутат Ирина Карамушкина эч убакта калыстыгынан кайра тартпай келет. Кээ бирлерине жакпаса да өзүнүн көз карашын айткандан артка кайтпайт. Маселен, социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы (арыз жазды дешти) орун басары Лунара Мамытованынбашкаларга караганда жакшы иштегенин, өз кызматына каныгып баратканын жашырбай айтып, коргоду. Керек болсо ушул тармактын министри кылып дайындаса да ишти жайгармак деп Ирина айым безеленгди. Лунара начар жетекчи болгондо мындай батыл кепти депутат айтмак эмес. Чамасы көралбастыктан эле Лунара жапа чегип калгандай…

Булак: “Ачык сөз”

4 comments

  • Rahat says:

    Лунара эч кандай мамлекеттик кызматта иштеген эместиги болбосо, аракет кылды. Системага жаныдан келген адам чынгыдыгында кыйналат, эч нерсени тушунбой. Ошону учун ал Америкага окууга барганы туура болгон. Уйронуу керек эле. Мурда системада иштеген адам үчүн албетте баары тушүшүктүү, мисалы, Жылдыз Полотова 23 жылдан бери иштейм дейт. Анын тажрыйбасы көп болгондон кийин, ага командировканын эмне кереги бар. Лунара кобүрөөк чыгып сыртка, көбүрөөк үйронсо, жакшы иштейтпи эле.

  • Канат says:

    МАмлекеттик кызматка сунуш болгондо, уяты бар адам өзу эле айтат, жооок, мен буд тармакта бир күн да иштебесем, барганда да кыйратпайм, ошол системада таржрыйбасы мол, ондогон жылдар бою иштеп келе жаткан адамдар иштесин деп айтат. Ал эми ары жок, эптеп креслого олтурсам деген бетбак, жулуна берет, мен барам, мен иштейм деп….Уятсыздардан элди сактай көр….

  • Азамат says:

    Туура чечим болду, накта адистер иштесин бул тармакта!

  • Алмаз says:

    Кадрлар тажрыйбалуу болушу керек. Жоопкерчилик керек.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *