Лутфилла Бусурманкулов жакында сериал тартат

Ырчылык өнөрдөн сырткары алып баруучулук, тамадалык, продюсердик милдеттерди аркалап келе жаткан ырчы Лутфилла эми сериал тартууга киришкени турат. «Жакында жакшы сериал тартканы жатабыз. Сүйлөшүүлөр болду. Баары чечилди. Азыр түштүктө жаш ырчылардын бата концертин өткөрүү үчүн жүрөм. Бул иштер аягына чыкса эле сериалды баштайбыз. Карап көрсөм, бизде кыргыз тилинде жакшы сериалдар жок экен. Демөөрчүлөр менен сүйлөшүп, сериал тарталы деп чечтик. Жакында кастинг уюштурабыз. Сценарий карап жатабыз азыр. Кудай буюрса, эл көрө турган кино тартабыз» – дейт ырчы.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *