Мадамин Каратаев, саламаттык сактоо министринин орун басары: “Жашы жете элек кызга үйлөнүү – укук бузуу болуп эсептелет”

-Мадамин Мусаевич, депутат Ирина Карамушкина жашы жете элек кыздардын турмушка чыгуусу Сузак районунда өзгөчө көп катталганын билдирди. Сиздерде ушундай маалымат барбы?

– Бул жалаң эле Сузак районуна мүнөздүү көйгөй эмес, мындай көрүнүштөр башка райондордо да бар. Жашы жете элек кыздар төрөгөн үч учур катталды. Бул маселе боюнча жалаң эле саламаттык сактоо министрлиги эмес, ИИМ, билим берүү, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрликтери баары чогуу иштеши зарыл. Мыйзамда кыздардын 18 жашка чейин турмушка чыгуусуна тыюу салынган. Муну ата-эне, коомчулук ойлошу керек, мектеп мугалимдери тарбиялоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүлөрү тийиш. Мен айтпадымбы, мектептерде медициналык пункттар жок. Пункттар болуп, сөзсүз эле врач болбосо да медайым оотурушу керек. Анан ал медикте график болот, “азыр 8-класска кирем, анан 9-класска кирем, кароо жүргүзөм” деген.

– Депутаттар туура маселе көтөрүштү. Жашы жете элек, айталы, он жети жашка толгон кызга үйлөнүп алган жигиттердин баары кылмышкер болуп эсептелеби?

– Кылмышкер же кылмышкер эмес экенин сот чечет. Бирок, он беш жашар кызга үйлөнүп алган – бул ошол кыздын укугун бузгандык болуп эсептелет да. Кыз он сегизге толгондо аң-сезими жетишип, акылы толуп, «мен ушул жигитке турмушка чыксам болот, же болбойт» деп өз алдынча чечим кабыл ала алат. Баш кошуу деген жөнөкөй нерсе эмес да. Бул жерде үй-бүлөлүк, чарбалык, репродуктивдүү функциялар бар.

Маектешкен: Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *