Маданият майданындагы тымызын, кансыз согуш же манкуртизацияга, варварларга каршы күрөштө чыныгы патриоттук дух-кайрат керек!

Башынан жакшы башталган иш демейде аягы да жакшы болот деп үмүт артуу көнүмүшкө айланган ишеним-адаттардын бири эмеспи. Бул өңүттөн алып караганда, өлкөнүн жаңы Маданият министри Азамат Жаманкуловдун иши жакшы жышаан менен башталгандай болду. Биринчиден, жаңы эле дайындалган жаш министр “Маданият Күнүндө” алгачкы ирет өзүн “презентациялап”, мурда тар чөйрөдө, министрликтин тегерегиндеги өзү министрдин орун басары катары тейлеген тармакта гана аздыр-көптүр таанымал болсо, эми жалпы өлкөнүн жарандары анын докладын өзгөчө ынтаа коюу менен угушуп, жаңы министрдин дараметин сын көз караштан өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Жаш курагы 31деги Азамат Жаманкуловдун өмүр баяны менен ишмердик тажрыйбасын чагылдырган резюмеси да массалык-маалымат каражаттарында дароо жарыяланды. Анын Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча секретариатынын жетекчиси болгондугу, жана башка коомдук уюмдарды жетектегени маалымдалды. Эки жогорку билими бар экендиги маалым болду. Бирок, алардын экөө тең (биринчи адистиги боюнча “Уюм менеджери”, экинчиси — Финансы”) маданият тармагынан алыс экендиги көрүнүп калды. Мындан биз трагедия жасайлык деген деле оюбуз жок. Тек гана, министрликке талапкер катары аталгандардын тизмесине учкай көз жүгүртүү аркылуу, аталган тармакта министрлик кызмат ордуна даяр кадр жок болуп калгандыгы баарына ачык ашкере болгондугун өкүнүү менен белгилеп коюу ашыктык кылбас…

Көрсө, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кадрдык маселелердеги кетирген орой каталары үчүн канчалык катуу сынга алганыбыз менен деле, маданият тармагында жетекчи болууга дээрлик тажрыйбасы жок, жада калса чакан маданий мекемени да башкарып көрбөгөн, ыраматылык журналист Султан Жумагуловду бул кызматка өзүнө ишеничтүү, тар чөйрө арасынан кайсалап, татыктуу кадр таппай калгандыктан улам гана дайындаганын моюнга алат окшойбуз?!

Арийне, жаман айтпай — жакшы жок демекчи, коомубузда жүрүп жаткан азыркы коррупция менен күрөшүү жараяны күч алган кезде бул тармак үчүн чоочун жана да жаңыча ойлоно ала турган жаш жетекчи келишинин оң жагы да бар деп айтууга болот. Албетте, эгерде жаңы жетекчи өз моюнуна тагылган бийик миссияга татыктуу болууга умтулуп, бул тармакты ондогон жылдар бою былгып-сасып кеткен былыктардан арылтып, биротоло тазалап, жаңыланууга багыт ала алса!.. Эми анын кандай багытты тандап алып, кайсыл жол менен кетишин жакынкы эле мезгилдин жүрүшү өзүнөн-өзү эле ачык-айкын тастыктап коет.

Кандай болгон күндө да, бир нерсе талашсыз. Азыркы кезде жалпы маданий коомчулукту түйшөлткөн бир суроо: жаңы жаш министр чын дили менен берилип иштеп, бул тармакты оңдоо үчүн колумдан келгендин баарын жасаймын деген чечкиндүүлүккө бара алабы?

Же бул тармактагы жедеп чырмалышып-быкшып калган, эбак эле коррупциялашып бүтүп калган “зубрлардын” азуусунда чайналып калуудан коркуп, баарына “макул-макул” деп, жайгара берип, өзүнө көйгөйлүү маселелер менен кайрылгандардын баарын тең ыраазы кылууга умтула берип, куру сөз, кургак убадалар менен “тойгузуп”, өзүн да, жалпы элди да кыйнай берүү менен, эптеп убакыт өткөрүп жүрүп эле, мурдагы катардагы, изи да калбаган министрлердей болуп кетип калабы?..

Андай болсо, жаш министрдин абалы абдан аянычтуу: бир жагынан жаалдаган, ар кандай материалдык байлыктарды (айлык акыларынын көтөрүлүшүн, иштөө шартынын оңолушун ж. б.) талап кылгандардын армиясы турса, экинчи жагынан ар кандай сыйлык-наамдарды сурап, министрдин андан бөлөк иши жоктон бетер, күн сайын анын эшигинин алдынан кетпегендердин “үйүрү” турат… Сыйлык-наам берүү тармагы эң эле коррупциялашкан, булганыч чөйрөгө айланган. Ачык эле сатылып, же бийлик кошоматчыларына гана “бекер берилет” деген принцип орноп калган. Дегеле, бул жаатта объективдүү критерийлер иштелип чыгылып, кыйшаюусуз сакталбаса, мамлекеттик сыйлык-наамдарды такыр эле жоюп салуу деле максатка ылайыктуу болмок. Мамлекеттик бюджетке да кыйла чоң үнөм алып келмек. Анан калса, 40–50, ашып барса 300–500 нускадагы, эч ким окубаган, чалажан китептерин чыгарып алып, “Эл жазуучусу”, “Эл акыны” деген наамдарды алгандар толуп жатат.

Чыныгы чыгармачыл инсан наамы-сыйлыгы менен эмес, өз чыгармасы менен көрүнүүсү тийиш. “Федор Достоевский — баланча сыйлыктын лауреаты”, же “Габриэль Гарсиа Маркес — Колумбия Эл жазуучусу” деп көрчү, кулакка канчалык өөн угулат?!

Баарынан да татаалы жана эң жооптуусу — маданият тармагына жарыбаган каражат бөлүнгөнүнө карабастан, ар кандай мамлекеттик маанидеги иш-чараларда мамлекеттик идеологияны жүргүзүүнү татыктуу алып кете турган команданын жоктугу болуп калары анык. Анткени, мыкты-профессионал кадрлар аз айлык акыга эч убакта барышпайт. Ал эми жарыбаган айлык менен эптеп күн өтсө болду деп жүргөндөр — баягы эле мойнунан байланып калып, ууга жарабаган учурду эске сала берет…

Министрликтин аппаратын бул тармакка өз идеясы жана программасы менен келген, жигердүү жетекчинин мобилдүү командасына айлантуу үчүн кардиналдуу түрдө реорганизациялап, кадрдык-уюштуруучу реформаларды башкы ведомстводон баштап, ага баш ийген бардык уюмдарда жасоо зарыл.

Ансыз деле, азыр жашы токсондон ашып, жүздү багынтайын деп калган аксакалдардан баштап, азыр жашы жетимишке жетип-жете электерге чейинки маданий ишмерлердин мууну “Легендарлуу Күлүйпа Кондучаловадан кийин министрге жарыбай койдук!” — деп арман кылып келе жатышканы маалым. Эми ал социализмдин гүлдөп-өскөн доору болчу да? — деген контраргументтерди айткандар да чыгышы мүмкүн. Мейли, мурдагы учурларын тим коюп, азыркы эгемендиктеги отуз жылга чейинки “маданият тарыхына” эле көз чаптыра турган болсок, бул мамлекеттик ведомство не деген гана азаптуу сыноолорду баштан кечирбеди. Өз алдынча тармак катары жоюлуп кетип, Билим берүү министрлигинин короосунда кодуланып жүргөн кездери болду. Такыр жоюлуп кете турган абалдарга чейин жетип барып, департаментчилик (өз алдынча болгон, бир чоң башкармачылык да эмес!) деңгээлине түшкөн кейиштүү учурлар да орун алды!..

Кыскасы, жаңы жаш министрдин парламенттеги добуш берүү процедурасы аяктагандан кийинки өз кубанычын жашыра албай, жаш балача сүйүнүп, кубанычтуу жылмайганына караганда, бизде аргасыздан бул жаш жигит өзүнүн моюнуна канчалык оор жүк илинип жатканын жана да алдыдагы милдеттерди аркалоо абдан татаал маселелер менен коштолорун анча деле жакшы аңдабай жатат окшойт деген түкшүмөл ой жаралды.

Азамат Жаманкуловду алдында “авгийдин атканасын” тазалоодон кем эмес болгон, ары өтө оор, ары өтө булганычтуу түйшүктөр күтөт. Ал ыпластыктардын катмарлашып, “катып” калган түпкү тарабын айтпай эле коелук. Эң эле соңку, жаңы катмарларына келсек, жаш жетекчи ушул “свежий сасык жыты” али да кете элек былыктарды тазалап, бул ведомстводогу иштерди оң жолго кое алса, ушунун өзү эле ал үчүн абдан чоң жана артында кала турган жакшы иштерден болуп калары шексиз.

Республикалык Тарых музейи менен М. В. Фрунзенин Үй-музейиндеги тарыхый, баалуу (же, тагыраак айтканда, материалдык жактан бааланган чен-өлчөмдүк баасы жок!) экспонаттардын, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканадан баалуу тарыхый манускрипттик-китептердин табышмактуу түрдө уурдалып, карасанатайлык менен жок кылынып, же жик билгизбей, атайылап, изсиз жоготуу фактылары тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилиши керек. Прокуратура органдары дагы мындай фактыларга өз баасын берип, тиешелүү адамдарга сот органдары бул маданий оор кылмыштары үчүн мыйзамда каралган татыктуу жазаларын берүү зарыл.

Антпесе, улуттук маданиятыбызга орду толгус жоготууларды келтирүү мындан ары да улана берет. Ансыз деле адам кебетесиндеги манкурттар, улуттук руханий баалуулуктарыбызга атайылап, ачык эле кыянатчылык кылгандар улам көбөйүүдө. Бая күнчөрөөк кайсыл бир телеканалдан тарых музейиндеги жоголгон экспонаттар (аларды өздөрүнүн инвентардык номерлери менен караса — жүздөп саналат!) жөнүндө сырткы кебетесинен билимдүү эле көрүнгөн бир жаран: “Ал экспонаттар кантип жоголмок эле? Музейдин кызматкерлери айлыктарынын аздыгынан улам, аларды сатып, ошону менен жашап жүрүштү да!” — деп, аларды актагандай сүйлөп жатат. Баракелде, логика болбосоң кое кал! Же, акчасы аз деп, каалагандай сата бергидей, мамлекеттик баа жеткис байлыктар алардын жеке чарбасы беле?!

“Орду толгус жоготуу” дегенибиз — соңку беш-он жыл ичинде Бишкек шаарынын (борбордо ушундай болуп жаткан соң, башка региондорду айтпай эле коёлук!) ар кайсыл аймактарында жайгашкан көптөгөн шаардык китепканалар “ирилештирүү” деген “реформанын” айынан талкаланып жок болду. Айрым тандалган китептер ар кайсыл көчөлөрдө жана базарларда сатылып, калгандары макулатурага (!) өткөрүлдү. Мындай варвардык мамиленин себеби, айрым маалыматтарга караганда, ал китепканалардын имаратын жана турган жерин (жеке менчик үйлөр сыяктуу, бак-шактуу, кенен жер участогу менен камсыз болгон китепканаларды) бошотуп, кимдир бирөөлөр өздөрүнө менчиктештирип алуу үчүн даярдашкан!..

Айтор, жаш жана энергиялуу жаңы министр билек түрүнүп иштеймин десе, чече турган жана жыйылып калган оор маселелер абдан көп… “Борборлоштуруу” демекчи, жогоруда аталган майда китепканаларды жок кылуудан ким пайда тапты? Азыноолак кары-картаң адамдардын жана да өзү жашаган аймактан алыска кете алышпаган кичинекей балдардын китепканага имерилишкенин байкап калсак, али да болсо китеп окугандар аз эмес! — деп өзүбүзчө ичибизден кубанып калар элек. Эми алардын шаардын чокортосундагы А. Осмонов атындагы китепканага барышары деле күмөн.

Ушул эң ири, көзгө басар китепканабыздын азыркы абалы тууралуу. Бир кездеги олтурууга бош орун таппай, кезек күтүп, кайнаган окурмандар карааны турмак, бирин-серин каттаган окурмандар гана калган. Дээрлик бардык бөлүмдөрдүн аңгыраган чоң залдары бош турганына күбө болосуң. Кандайдыр бир атайын даталуу иш-чаралар өткөрүлүп, же юбилейлик жолугушуулар, конференциялар сыяктуу учурларда гана фойеси бир аз жандана түшкөнү байкалбаса, ээн залдуу бөлүмдөрүн жалгыз кызматкер “кайтарып” олтурганын, же ал дагы зериккенинен улам, башка бир бөлүмдөгү коллегасына кетип калганын байкоого болот.

Ушундай руханий бай ресурс, потенциал такыр пайдаланылбай жатканына аргасыздан кейийсиң да, китепканага баргандан кайра маанайың чөгүп кетесиң. Себеби, Москвадан жана башка ири шаарлардан келе турган, сейрек жана баалуу басылмаларга финансылык каражаттын жетишсиздигинен улам көптөн бери такыр эле жазылбай, албай калышкан. Деги, мындай болгон соң, ирилештирүү деп, майда китепканаларды талкалоонун канчалык кажети бар эле? — деген суроо жаралат. Ошол “борборлоштурулган” ресурстар, каражаттар кайда жумшалууда жана кимдер тарабынан кандай пайдаланылууда? Заманбап, ийкемдүү технологиялар неге пайдаланылбайт? Жаш министр Азамат Жаманкулов бул суроолорду конкреттүү кызматкерлерден сурап алат го деп ишенгибиз келет… Маданиятыбыздын деңгээли дүңгүрөтө той берип, юбилейлик же кандайдыр бир календардык даталарды галочка үчүн эптеп өткөрүп коюу менен эле өсүп кетпейт. Дал ушундай мамиледен улам, улуу манасчы Саякбай Каралаевди “композитор” деп атап, Биринчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын ачылышында, айылдык сабатсыз катындай: “Тоюбуз тойго улансын!” — деп каалоо айткан министр деңгээлине чейин түштү.

Көйгөйлүү маселелерди санай берсек, чеги жоктой. Ошондуктан, азырынча жаңы муундун өкүлү болгон, жаш министр Азамат Жаманкуловдун ишине ийгиликтерди гана каалап туралык. Келечекте айтыла турган калган сөздөрдүн баары тең, албетте, анын өзүнүн жасаган реалдуу иштерине жараша болору талашсыз чындык.

Ишенбек Муртазаев

Булак: “Жаңы ордо

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *