Мадылбеков түштөн кийин “жөтөлдү”

Бакиевдер тактан кулатылган 2010-жылдын 7-апрелинен кийинки талап-тоноочулукка шектелип, аты аталып жүргөн Туратбек Мадылбековго үн бүттү. Ал Райкан Төлөгөнов камалып кеткенден кийин чээнге киргендей дымып калды эле. Эми баш көтөрүп: «Атамбаевдин мындай нысапсыз жегич экенин ким билиптир? Бакиевди мамлекетти жеген деген олуттуу доомат жок. Эми салыштырсам Атамбаевдин тескери иштери Бакиевдерден бир топ өтүп кетти…» – деп маек берди. Ошондой эле «Мародер деп өлгөн адамдын дүнүйөсүн тартып алганды айтат. Бул биринчиден. Экинчиден, мага эч ким эч кандай байлыкты тартып алганымды далилдеген эмес» – деп актанды. Ал эми мародер катары айыптап жүргөн мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев менен түз эфирде жекеме-жеке чыгууга даяр экенин да айткан.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *