Маевка айылында бир нече уурулук кылган жергиликтүү тургундар кармалды

2017-жылдын 6-сентябрында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Маевка айылынын 34 жаштагы М.Э. аттуу жашоочусу кайрылып, арызында ушул жылдын август айында жабырлануучунун үйүнөн киришип, дрель, темирди ширетүүчү аппарат, жана болгаркасын уурдап, изин жашырып качып кетишкен белгисиз жарандарга карата чара көрүп берүүлөрүн билдирген. БУл туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышкан. Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-аракеттери көрүлүп, натыйжасында кылмыш ишине шектүү 20 жаштагы Б.У. жана 18 жаштагы А.Ж., А.К. аттуу жергиликтүү тургундар кармалган. Шектүүлөргө карата сот тарабынан үй камагына алуу чечими чыккан.

Тергөө учурунда кармалган жарандар Маевка айылында катталган башка дагы 5 кылмыш ишине тиешеси бары аныкталган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *