Махабат Мавлянова, Жогорку Кеңештин депутаты: «Аймактарды өнүктүрбөсөк, өлкөнүн өнүгүшү кыйын»

– Махабат Эргешовна, учурда Бишкек жылуулук борборунда болгон авариянын кесепетинен шаар тургандары кыштын түкүрүк жерге түшпөгөн суугунда жылуулуксуз калышты. Үшүп кайыккан жарандар ТЭЦти жаңылоого жумшалган 386 миллион доллардын дайынын билгиси келүүдө…

–  Бул жерде аябай күмөндүү иштер көп. Коррупция күч экени көрүнүп турат. ТЭЦке жумшалган 386 миллион доллар Мамлекеттик сатып алуулардын негизинде эмес, эч кандай тендер уюштурулбастан, түз келишимдин негизинде ишке ашырылган. Башында эле мыйзам бузулган.  Өкүнүчтүүсү Бишкек ТЭЦин  386 миллион долларга 30% модернизация кылган Кытайдын TBEA компаниясы Тажикстанда 350 миллионго биздикиндегидей эле кубаттуулукта жаңы ТЭЦ курган. Ушунун өзү эле шектенүү жаратып жатат.  Мына абал болсо бул. Ири суммада каражат жумшалган ТЭЦте авария тууралуу сөз болбош керек эле. Шаар тургундары кышында үшүп, тоңбостон, мурдагыга караганда эки эсе жылуу үйдө отуруш керек болчу. Азыркыга чейин шаар тургундары нормадагы жылуулукту ала албай отурушат. Мектеп, бала бакча бир жумага убактылуу жабылды. Үйлөрдүн муздактыгынан балдар ооруп жатат. Туташ кризис. Мунун баары шалаакылык, коррупциянын кесепетинен чыкты. Келишимди кайра карап изилдеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу абзел.

– Быйылкы жылды президент «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыялады. Аймактарды өнүктүрүш үчүн эмнеге көңүл буруу керек деп эсептейсиз?

– Бул абдан туура чечим. Негизи аймактарды өнүктүрбөсөк өлкөнүн өнүгүшү кыйын. Аймактарда жумушсуздук күч болгондуктан, жарандарыбыз чет өлкөлөргө иш издеп кетип жатышат. Миграциянын агымы азыркыга дейре токтой элек. Кайсы айылга барба, бардык тармакта көйгөй арбын. Бир топ мектептердин, больницалардын техникалык абалы, кадр маселеси  оор.  Мугалимдер, врачтар жетишпейт. Айылда таза суу, жол маселеси начар. Логистикалык борборлор жок. Ошол себептен, реформа жүргүзүш үчүн аймактарды өнүктүрүүгө акча каражаты керек. Президенттин жарлыгы 2018-жылы чыкты. Биз бюджетти 2017-жылы декабрда бекиттик. Демек, аймактарды өнүктүрүүгө делип акча каражаты каралган эмес. Андыктан өкмөт бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизип, кайсы проритеттүү жактарга акча салыш керектигин белгилеп, атайын программа кабыл алыш зарыл. Акча булактарын так көрсөтүш керек. Акча каражаты жок эч кандай  программа ишке ашпайт. Негизги көңүл жумушсуздукту жоюуга бурулуш керек. Ал үчүн кайра иштетүүчү ишканаларды  курууга олуттуу маани берүү абзел. Өкмөт кайсы аймакка кандай ишкана куруу зарылдыгын так эсептеп, кайсы тармакты өнүктүрүүгө акча каражатын таба алат,  кыска мөөнөттө  атайын программа иштеп чыгышы милдет.

Мына мектеп, больницалардын ремонтуна  12 миллиард сом керек болсо, болгону 9 миллиард сом каралган. Дагы 3 миллиард сом жетпейт. Калкты таза суу, сугат суусу менен камсыз кылыш үчүн 450 миллион доллар керек   болсо, 65 миллион доллар каралган. Башкы маселе каражат булагын табуу. Антпесе айылдарды, аймактарды өнүктүрүү кагаз жүзүндө эле калат…

– Аймактарды өнүктүрүү үчүн ар бир жаран кандай салым кошуш керек деп ойлойсуз?

– Негизи ар бир жаран өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну мекен алдындагы милдети катары кабыл алышы парз. Ошол себептен мейли мамлекеттик кызматкер болобузбу, мейли жөнөкөй жаран болобузбу колдон келген салымыбызды кошо алсак, аз да болсо өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзүлөт. Мен дагы аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуу максатында экономикалык аймактар боюнча мыйзам киргизип жатам. Азыр ишкана ачуу, анын документтерин даярдоо  ишкер үчүн оор. Мен киргизип жаткан мыйзам мына ушул көрүнүштү жеңилдетүүгө багытталган. Ар бир региондо экономикалык зоналар түзүлгөндөй шарт түзүлүш керек. Ишкер кайра иштетүүчү бир ишкана ачам  десе, ошол аймактын жетекчилиги суусун, электр энергиясын, жерин даярдап бериш керек. Ишкер келип каалаган ишканасын куруп, жумуш орундарын камсыз кылуу менен алектениш керек. Өндүрүштүк ишкананы кайсы жерге курам, сууну, электр энергиясын кайдан алам деп баш оорутпашы кажет.  Ар бир аймактын шартына байланыштуу жеңилдиктер каралат. Маселен, алыскы аймактарга курулган ишканага жумуш орундарын түзүп берип жатканына байланыштуу, инвесторлорду кызыктыруу максатында убактылуу мөөнөткө салыктан бошотулушу мүмкүн. Эми бул маселелер аймактардын экономикалык  жагдайына, географиялык шартына, элдердин турмуш-шартына, рыноктун, башкача айтканда өндүрүлгөн товарды сатуунун ыңгайлуулугуна, кайра иштетүүчү чийки заттын жетиштүүлүгүнө көз каранды.

Маектешкен Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

Булак: Фабула 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *