Махамаджан Ахмедов: “Чемпион Нурлан Абдыкалыковдун өлүмү сыр бойдон калды”

КР эмгек сиңирген машыктыруучусу Махамаджан Ахмедов агабыз бокс боюнча кыргыздан чыккан СССРдин тунгуч чемпиону, эл аралык спорттун чебери Нурлан Абдыкалыковдун биринчи саяпкери. Мындан сырткары, СССРдин чемпиондугунун байге ээси Кеңешбек Дүйшеевдин жана бүгүнкү күнгө чейин 20дан ашык спорттун чеберлерин таптаган устат. Мындан алтымыш ашык жыл мурун Кочкор айылында туулуп-өсүп, бокс ышкыбозу катары алгач республиканын жаштар арасында, кийин Ыраакы Чыгыш аскер округунун чемпиону, СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн байге орундарынын ээси болуп, 45 жылдан ашуун ошол эле Кочкордо, бокс айдыңында өзүнүн дагы бир шакирти, СССР спортунун чебери Жаныбек Имангазиев менен бирге жаш балдарды мушкерликке машыктырып келет.

— Махам аке, кыргыз боксунун легендасы Нурлан Абдыкалыков сизге кандайча келип калган?

— Нурландын Шумкар деген таякеси Кочкордо зоотехник болуп иштечү. Бокс ышкыбозу эле. Ошол жигит Нурланды мага апкелди. 5-класста окуган өзү теңдүүлөр арасында өзгөчөлөнгөн бала экен. Байкап көрүп эле жактырып, таякесине “Нурландан бирдеме чыгат” дедим. Менде 8-классты бүткөнгө чейин машыкты. Анан биз аны азыркы Шералы Сыдыков атындагы спорт-интернатка өткөрүп бердик.

— 18 жашында чоңдор арасында СССР чемпионатына катышкан турбайбы, ошол жөнүндө айтып берсеңиз, эсиңиздеби?

— Эсимде, аны кантип унутайын. 1984-жылы Ташкент шаарында бокс боюнча СССРдин чемпионаты өткөн. Жарым финалда а кездеги дүйнө чемпиону, казакстандык Виктор Демьяненко менен рингге чыгып, атаандашын эси-көөнүнөн калгыс кылып сабап, эки кашын жарып, бетин түздөп, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишкен. Финалда орусиялык Степанов менен чыкмак. Ал ачык эле  айтып, “кыргыз бала менен боксташпайм. Ал мени өлтүрөт” деп коркуп, рингге чыкпай койгон.

— Кийинки жылы Ереван шаарында СССРдин чемионатында да кызыктуу окуя болгон дейт, сиз билсеңиз керек?

— Ооба, 1985-жылы кезектеги СССРдин чемпионаты Ереван шаарында болду. Биринчи беттешинде казак мушкери, эл аралык спорттун чебери Эрик Хакимовду бурчтан чыгарбай сабап атып утту. Анан орустун атактуу мушкери Яновскийди да артыкчылык менен жеңди. Калган беттештерине катышпай калдым. Биздин адамдардын айтуусунда, Нурлан үчүнчү беттешинде армян баланы жалпайтып, жарым финалдык мелдеште дагы бир армянга чыгып калат. Рингде, мелдеш учурунда өзү менен өзү ыгы жок сүйлөнүп, башкача кыймыл аракеттерди жасап ийген учур байкалган экен. Атаандашы Багдасарянды утуптур. Дагы бир версия бар, армяндар атайын “кара маг” жалдап, Нурланга каршы дуба окуткан дешет. Мунун канчасы чын, канчасы калп – биле албайм.

— Финалдык мелдеш болгонбу?

— Ошол чемпионатка баланы даярдаган Тё деген корей улутундагы машыктыруучу финалдык мелдеш болгону жатса, тетиктери чачырап кеткен жапон магнитофонун оңдоп туруп алды дейт. Туруп-туруп “эмнегедир мага жакпай жатат” деп ара-чолодо сүйлөнүп атты дейт. Ошонусуна карабай Тё биздин баланы финалдык мелдешке алып чыгып, кезектеги СССРдин чемпиону кылган. Анткен менен мелдеш бүткөндөн кийин ооруканага жаткырышыптыр. Доктурлар “психикалык жактан жабыркаган” деген диагноз коюшкан.

— “Чемпионаты менен кара жерге кирсин!” деп коёт эмеспи, жанагындай рингде өзү менен өзү сүйлөшүп баштаганын байкаган машыктыруучу Нурланды “ден соолугуна байланыштуу” деп мелдештен четтетип койсо болот беле?

— Мен да ошону ойлоп атам. Эгер машыктыруучу жанагындайды байкагандан кийин момент токтотуп, рингге чыгарбаш керек болчу. “Он заболел” деп, мейманканада эс алдырып койсо, кийин бала өзүнө келмек.

— Өзүнө келмек дегениңизди түшүндүрө кетсеңиз?

— Нурланды Тё деген машыктыруучу автомат кылып коюптур. 1984-85-жылдын аралыгында СССРдин курамында кайсы гана мелдеш болбосун алпара берген. Тиягы Америкага чейин, быягы Африка, Европаны кыдыртып. Бала чарчады, эс алдырып, денени калыбына келтирип, ири-ири мелдештерге гана катышып, эң негизгиси жайкы олимпиада оюндарына аз-аздан даярдыкты көрсө сонун болмок.

— Нурландын өлүмү азыркыга чейин сыр бойдон калууда, мүмкүн көз тийип кеттиби деп ойлойм…

— Туура айтасыз, бала 18 жашында СССРдин эки жолку чемпиону болууга жетишти. Ал кезде мындай ийгилик жараткан мушкер бизде жок болчу. Талашка түштү. Машыктыруучулардын баары Нурланды өздөрүнө имерип көрдү. Мындан жогоруда айткан корей улутундагы Тё илип кетти. Албетте чеберчилигин арттырып, 60 жана 63 килограмм салмак чениндеги СССР эле эмес дүйнө жүзүндөгү мен-мен деген мыкты мушкерлердин сап алдына алып чыкты. 1985-жылы Еревандагы СССРдин чемпионатынан кийин Москва шаарынын Бурденко атындагы ооруканага жатып чыккандан кийин эле баланын иши жүрбөй калды.

— 1988-жылы кайтыш болду. Сиз Нурланды акыркы жолу качан көрдүңүз?

— 1987-жылы Фрунзеге мушкер жаш балдарымды апкелип мелдешке катыштырдым, Ленин заводунун клубунда өткөн. Нурлан рингдеги калыс болуп жүрдү. Биз көпкө сүйлөштүк. Юрфакты бүткөндөн кийин жумушсуз калды. Анткени военный билетине “не здоров” деп жазып коюптур. Олимпиада чемпиону болушкан америкалык мушкер менен Яновскийди айтып, “экөөнүн тең ит акмактарын чыгарып уттум эле. Алар олимпиада чемпиондору, а мен болсо бу жерде. Агай, мен кыйналып атам” деп кейигендей болгон. “Нурлан, кеттик Кочкорго, баягы жериң, өзүңдүн элиң. Экөөбүз балдарды машыктырабыз, сенин тажрыйбаң мага караганда көп. Эриш-аркак иштей беребиз” десем, “жок агай, Кочкорго бара албайм” деди. Ошондон кийин 10 күн өткөн жок, каза болуп калды. Эстеген сайын муун-жүүнүм бошоп, көзүмө жаш келе түшөт. Ченебеген бала эле…

— Махам аке, азыр биз турган бокс залы Нурландын наамындабы?

— Ооба, Нурлан Абдыкалыковдун наамында. Кочкор айылы ушу чакан бокс залы менен сыймыктанат. Азыр да бу жерде Жаныбек экөөбүз 30-40 баланы бир күндө машыктырып турабыз. Мактаныч болбосун, 20дан ашык спорттун чебери алгач ушу жерден уядан учуп, алды эл аралык мелдештерди багынтып, арты бир нече жолу өлкө чемпиондору болушту.

— Сөзүмдүн аягында, белгилүү журналист Назира Ахмедова сиздин кызыңыз экенин билебиз, бат-бат сүйлөшүп турасыздарбы?

— Күн сайын. Мен чалам, же ал, акыбал сурашабыз. Байбичем экөөбүз төрт кыз бир уулду болуп, тарбиялап өстүрдүк. Эң кичүүм бокс менен алектенет. А Назира болсо үйдүн экинчиси. Тырмактайынан жанына тың болду. Мектепти артыкчылык аттестат менен аяктап, БГУну да ошондой окуп бүттү. Кезинде КТРКда Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин жеке телекабарчысы болуп иштеди. Учурда БГУнун журналистиканын кафедра башчысы. Жаңы долбоор үстүндө иштеп атканын айтты, “телеканал ачам” дегендей кылып атат. Кызымдын дымагы күчтүү. Байбичеме “ушу кызымды бизге Жараткан өзү бериптир” десем, “Ой сен кыздарыбызды бактыңбы? Сен бокс мелдеши өткөн жерге көтөрүнүп кетип калгандан башка эч нерсе билбедиң. Кыздардын, анын ичинде Назираны мен эле багып чоңойттум” деп тамашалаштык. Кыргызда жакшы бир сөз бар “тамаша-тамаша, бирок, чындыкка жараша” деген. Анын сыңарындай, өмүрүмдүн баарын бокска, Кыргыз боксуна арнадым. Машыктыруучулук кесип абдан татаал. Өкүнбөйм. Колумдан келген шакирттерди даярдап чыгардым. Алар мени эч бир жер караткан жок. Сыймыктанам.

Автор: Сурат Жылкычиев

Булак: Азия Ньюс

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *