Максатбек ажы Токтомушев, КР мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы: “Орозодо арак-шарап сатылган кафелерден ооз ачтыруу жакшы эмес”

Рамазан айынын кирип келиши менен өлкөбүздүн башкы азирети муфтийи улуу орозо, андагы шарият тыюу салган эрежелер, соопчулуктуу иштер тууралуу баян этип берди. Өлкөбүздүн башкы имамынын пайдалуу кебин момун мусулман бир туугандарыбызга тартуу этип турубуз.

— Урматтуу Азирети муфтий ажы, ана-мына дегиче Жараткандын эң сүйүктүү улуу Рамазан айынын башталышында жолугуп турабыз. Быйылкы улуу ай кандай айырмачылыктары менен өзгөчөлөнөт? Өлкөбүздүн аймагында болжолдуу канча момун мусулмандын орозо кармаары боюнча маалыматыңар барбы?

— Урматтуу мекендештер, ага-ини, эже-карындаштар! Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын жана өзүмдүн атыман сиздерди касиеттүү Рамазан айы менен куттуктайм!

Алланын белеги болгон, рухий калыптануунун, чын ыкластуулукка жетишүүнүн айы болгон бактылуу мезгил – Рамазан айы келе жатат. Касиеттүү Куранда “бул айда Алла Таалага жагуучу иштерди аткарууга, кайрымдуулукту жана ырайымдуулукту көрсөтүүгө Алла Таала тарабынан сооптор көп эселенип көбөйтүлүп берилет” деп айтылган. Дал ушул айда Мухаммад пайгамбарыбызга (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) касиеттүү Куран түшкөн. Алла Таала “Рамазан айы – бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү (2:185) жана кимде-ким ага кире турган болсо, аны орозо кармап өткөрсүн” деп буюрат. Орозо – бул адамдын Алланын мээримине жетишүүгө багытталган чын ыкласы менен Жаратканга кулчулук кылуусу. Рамазанда Алла Тааланын касиеттүү Курандагы буйруктарын, көрсөтмөлөрүн аткаруу менен Жаратуучунун ыраазылыгына ээ болуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ал эми бул болсо бактылуулуктун, рахаттын, жакшылыктын да эң бийик туу чокусу. Хадисте айтылгандай, Алла Таала айтат: “…акыйкатта орозо мен үчүн кармалат жана ал үчүн соопторду өзүм берем. Анткени, адам мен үчүн деп өзүнүн нафси-каалоосун тыят, тамактан баш тартат!”. Орозо кармаган адамды эки кубаныч күтөт: бири – ооз ачаар мезгилде, экинчиси өзүнүн Роббиси менен жолугушууда жана чындыгында орозо кармаган адамдын ооздон чыккан илебинин жыты Алла үчүн аңкыган мускустун жытынан жакшыраак!”

Рамазан – руханий жаңылануунун жана тазалануунун айы. Жердеги баардык тирүү жандыктар, айбандар, канаттуулар жаңылануу жана өзгөрүү процессинен өтүшөөрү белгилүү. Алланын чексиз мээрими жана белеги бул – Рамазан. Бул айда бизди күнөөлөрдөн токтотуучу, жакшылыкка тарбиялоочу, руханий жан азыгын берүүчү жана бизди жакшы жакка өзгөртүүчү ибаадаттар кылынат. Рамазандын пайдалуулугун билген адам бул жакшылыктан куру калбайт. Дин сабырдуулукту жана такыбалыкты талап кылат. Орозо кармоо менен адам такыбалыкка – Алладан коркуу касиетине ээ болот. Алла Таала айтат: “О, ыйман келтиргендер! Сабырдуу жана чыдамдуу болгула…” Ушул чакырыкка амал кылуу менен, ушул сыпаттарды киргизүү менен өзүбүздүн ашказан, тил, көз, кулак, кол, бутубузду эле сыноодон өткөрбөстөн, аң-сезимибизди жана жүрөгүбүздү да сыноодон өткөрүүбүз керек. Өлкөбүздүн 90%ы мусулман болгондуктан, орозо кармагандардын саны жылдан жылга өсүп келүүдө. Өзгөчө жаштар арасында орозо туткандарды көп баамдап жүрөбүз. Бул дагы Алла Таалабыздын берген чоң нематы, себеби, коом ыймандуу болсо, келечегибиздин оңолоорунда шек жок.

— Кудайга тобоо, соңку убакта орозо туткандар, ага удаа сооп табыш үчүн ооз ачыргандардын саны жылдан жылга өсүп баратат. Ооз ачыргандар кандай шарттарга маани бериши керек? Маселен, арак-шарап сатылган, шарактаган шаң-кечелер орун алган кафелерден ооз ачырганга болобу?

— Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) ооз ачтырууда биринчиден, анын күнөөлөрү кечирилет, экинчиден, канча орозо кармаган кишиге ооз ачтырса, ал кишилер орозодо канча сооп тапса, ошончо сооп эч кемчиликсиз ооз ачтырган инсанга дагы берилет. Минтип ооз ачтырган инсандар улуу соопко жетишет. Кандайдыр бир чыныгы себепсиз же майда-чүйдө нерселерди шылтоолоп орозо кармабай коюу жакшы эмес. Атайын билип туруп орозо кармабаган адамдар тууралуу сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) мындай айткан: “Эгер кимдир бирөө чыныгы себепсиз Рамазандын бир эле орозосун таштаса, эгер кийинчерээк өмүр бою ошол орозонун ордуна розо кармаса да, анын ордун толуктай албайт жана ошол катаны оңдой албайт” (“Сунан ад-Дармий”, Китаабус-Саум).

Ооз ачтыруу да чоң сооптуу иштерден. Жолдо баратканда орозолуу адамга бир хурма, мөмө жемиш же суу берилсе дагы ооз ачтыргандыктын сообуна ээ болот. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) “бир хурма менен ооз ачтырып бергенге да, бир гана суу менен ооз ачтырганга да, бир аз сүт бергенге дагы бул сооп берилет” деп айткан. Ал эми арак-шарап сатылган кафелерден ооз ачтыруу жакшы эмес. Себеби, орозо кармаган инсан бул айда руханий тазаланууну максат кылып, шарият тыйган нерселерден карманат. Албетте, ооз ачтырууда шаан-шөкөт коштолбогон адал тамактануучу жайлар бар эмеспи, мына ошол жерлерден мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ачтырса болот. Бул орозону орчундуу бир себептер менен кармай албагандарга тиешелүү болот.

Орозо туткан адам орозо тутпаган пендеге арак куюп же пиво ташып берсе, анын туткан орозосу кабыл болобу?

— Орозо кармаган инсан бул айда баардык терс көрүнүштөрдөн өзүн тыйып, бул айды ибадат менен өткөрүүсү керек. Ал эми арак, пиво сыяктуу шарият арам кылган нерселерди орозо кармаган адам кимдир бирөөгө куюп бермек турсун, аны кармаганы чоң күнөө.

— Өлкө башчылардын атынан аймактарга барып ооз ачырмай салт болуп келе жатат. Бул жагы шариятта канчалык деңгээлде туура болуп саналат?

— Бул дагы Жараткан Алла Тааланын элибизге, башкача айтканда, жетекчилерибиздин жүрөктөрүнө мээримдүүлүк салганы. Кээ бир адамдар өздөрүнүн мал-жанынан чыгарып кайрымдуулук кылышпайт. Ал эми орозо кармагандарды, кедей-кембагалдарды жана жалпы эле элди тамактандыруу Жараткан Алла Таалага жаккан амалдардан. Адамдардын курсагын тойгузуу пайгамбарлардын кылган иштеринен. Ал эми жетекчилерибиздин аймактарда ооз ачтыруу иштеринин уюштурушу – бул шариятта макталган, жакшы амалдардан болуп саналат.

— Орозо тутууда аял-эркек дебей кармануучу негизги эреже катары кайсыларга өзгөчө көңүл буруу кажет? Дегеле касиеттүү Рамазан айында Жараткан Алланын кандайдыр бир сыйкырдуу көрүнүштөрүнө туш болуп же аян алган учуруңуз болду беле?

— “Саналуу күндөрдө орозо кармагыла. Силерден ким бирөөсү ооруп калса же сапар үстүндө болуп калса, кармай албаган күндөрдүн ордуна башка күндөрдү санап кармасын. Орозо кармаганга күчү жетпегендер күнүгө бир жардыны тойгуза тамак берүүсү керек. Ким өзү каалап ашыра жакшылык кылса, ал өзү үчүн ошончолук жакшы. Эгер билсеңер, орозо кармаганыңар өзүңөр үчүн дагы жакшы” (Бакара сүрөөсү, 184-аят). Орозонун парз болуу шарттары бар:

  1. Мусулман болуу.
  2. Балагат жашына толгон жана акыл-эси ордунда болуу.
  3. Орозо кармоого күчү жетүү жана тургун болуу, оорулуу адамга жана сапардагы жолоочу адамга орозо парз эмес. Бирок, мындай адамдар орозо кармай берсе дурус. Эгерде кармабаса, башка ыңгайлуу күндөрдө бир күнгө бир күн казасын аткарат. Өмгөктөткөн карылыктан улам орозо кармоого чама-чаркы жетпегендерге орозо парз эмес. Ошондой эле хайз, нифас маалындагы аялдарга жана өзүнө же баласына зыяны тийүүсү мүмкүн болгон кош бойлуу аялдар менен бала эмизип жаткан мезгилдеги аялдарга да орозо парз эмес. Алсыз, карыган адамдар орозонун фидясын (ордун толуктоочу) берет. Орозонун казасын кылбайт. Ал эми жолоочу менен хайз, нифас маалында орозо кармай албаган аял калган орозонун казасын кылышат. Жолоочу үчүн сапар узактыгы намазды кыскартып окуганга өлчөө кылынган 90 чакырымдан ашса, орозо кармабаганга уруксаат.

Орозону эмнелер бузат?

  1. Билип туруп бир нерсе жеп-ичүү.
  2. Жыныстык байланыш жасоо.
  3. Атайылап кусуу.
  4. Орозону бузуучу абалдардан сактануу.
  5. Хайз менен нифастан таза болуу.

Аялзаты хайз же нифас абалында орозо кармоосу дурус эмес. Бул абалдагы кармалбай калган орозо күндөрүн кийинчерээк Рамазан айы өткөн соң казасын аткарат. Жунубдуктан тазаланып, гусул даарат алуунун орозого байланышы жок. Тагыраагы, түн ичинде түшүркөөдөн же жыныстык байланыштан улам жунуб болгон адам саарлык жеп, ооз бекиткен соң, кийинчерээк гусул даарат алса болот. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ушундай кылганы хадисте баяндалган. (Муслим, Сыям-77; Ахмад бин Ханбал-6/34, 36, 38, 67). Күндүз уктап калганда түшүркөөдөн жунуб болуп калса да орозого кедергиси жок. Гусул даарат алса гана жетиштүү.

Бул улуу айда 30 күн бою сиз баштаган аалымдарыбыздын оозун ачырганга кезекке туруп, куштар болгондор көп болсо керек. Жеке өзүңүздүн мисалыңызда, айрымдардыкына ооз ачканга баралбай, таарынтып алган жагдайлар көп эле болгондур

— Чындыгында Рамазан айында ооз ачырууларга чакырыктар көп болот. Баардыгына барганга аракет кылам, айрым учурларда белгилүү бир себептер менен баралбай калам. Ал учурда алдын ала кабар берип, баралбастыгымды билдирип коём. Таарынткан учурларым деле боло элек, себеби, шартымды түшүндүрүп айтам.

Муфтият тарабынан бул улуу айда калктын жакыр катмарына, жардамга, дары-дармекке муктаждарга кандайдыр бир деңгээлде кайрымдуулук иштер болобу?

— Улуу Рамазан айы башталгандан тарта өлкө аймагындагы баардык мечиттерде муктаждардын арыздары кабыл алына баштайт. Ошондой эле муфтиятка дагы кайрылышат. Ыйык Рамазан айында жарандарыбыздан келип түшкөн битир-садаканы таратып берүү боюнча атайын комиссия түзүлүп, арыздардын ар бири каралат. Садака-битирдин 50%ы жергиликтүү мечиттерде калтырылса, 15%ы облустук казыяттарга, 15%ы райондук хатибияттарга берилет. Ал эми 20%ы муфтиятка келип түшүп, комиссия тарабынан шарттарына карап таратылып берилет. Акыркы жылдары гемодиализ менен ооруган жарандарыбызга жана оор операция жасалуучу мекендештерибизге көбүрөөк бөлүп атабыз. Ар жылы орозо башталганда жарандарыбыздан арыздар келип түшө баштайт. Чүй жана Бишкек шаарындагы баардык карылар, балдар, жетимдер үйлөрү жана ден соолугунан жабыркагандар, турмушу оорлор, көп балалуулар, жалпы алганда 700гө жакын арыз келип түшөт. Бул арыздардын ар бири комиссия тарабынан текшерилип, карылар, балдар үйлөрүнө орто эсеп менен 20 миң сомдон берилсе, гемодиализ менен ооругандарга 8 миң сомдон берилди. Ал эми турмушу оор жарандарга 5 миң сомдон берилген. Муфтиятка бөлүнгөн 20% 7 миллионду түзсө, 3 миллиону өлкө аймагындагы диний окуу жайлардын студенттерине жана мугалимдерине жардам иретинде берилсе, калган 4 миллион сом толугу менен муктаждарга таратылат. Битир-садаканын 1 сомун калтырбастан муктаждарга таратып беребиз. Себеби, бул акча каражаты шарият боюнча бей-бечараларга таратылышы милдеттүү болот.

Калыгул Бейшекеев

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *