Малик Аликеев, белгилүү ырчы жана обончу: «Мөлмөлүмдү» аткарып, тил уккам»

Чындыгында эле кыргыз элинде ар түрдүү өнөргө, талантка эгедер инсандар миңдеп саналат. Дүйнөнү саны менен эмес, сапаты менен багындырган, касиет жылоологон, өз атын кылымдын кыйырына алтын тамгалар менен жаздырып келе жаткан кыргыз элине анан кантип сыймыктанбай, суктанбай коё аласың. Жок дегенде, «Өзү эч нерсе кылып кыйратпаган, атасынын кылганын айтып мактанат» дегендей өзүбүз кыла албасак дагы кыргыз тарыхын жана маданиятын дүйнө элине таанытып келе жаткан улутташтарыбызды, жердештерибизди айта жүргөнгө, туура баалай билгенге, кадырына жеткенге дагы үйрөнсөк. Мына ошондой ак жаркын талантка ээ болгон, чыканактай кезинде кыргыз элине таанылып, өлгөндөрдү тирилтип, өчкөндөрдү тутантып келе жаткан белгилүү ырчы Малик Аликеевди маекке тартканбыз.

— Ассалому алейкум, Малик байке. «Саламдашпай иш баштаба» дейт кыргыз элинде. Анын сыңарындай алгач саламдашып, ал-жайды сурашып алалы. Кыргыз эли көчмөн, жоокер, ошол эле учурда той-аш, шаан-шөкөт, майрам күндөр өңдүү рухий байлыктарды дагы эч качан унутпай келген эмеспи. Ушуга Сиздин көз карашыңыз кандай?

— Алейкум салам. Мен дагы алик алып, анан, сөзүмдү баштайын анда. Сен өзүң айткандай кыргыз эли жалаң эле баатырдык, эрдик, согуш-жаңжал менен гана күн кечирбестен, эл-жерге, жашаган жерине, туулуп өскөн айылына, улуу-кичүү замандашына болгон мамилелерин, кээ жерде арзууларын ырга салып, ырга салалбаганы күү менен комузга салып келген да. Анан ошол эрдикти, баатырдыкты, даанышмандыкты даңазалаган, шерденткен ырларын беш койдун артынан эле ырдап жүрө берген эмес да туурабы. Чыгарманын баары эл алдында, аш-тойлордо ырдалган, дастандар айтылган, күүлөр күнү-түнү жаңырып турган. Ошондуктан мен өнөр адамы катары түз кабыл алам. Ал эми мен майрамдардын ичинен жаңы жылды аябай жакшы көрүп, күтүп тосом. Жаңы жылды албетте, апам менен тосом. Себеп дегенде апам мага аябай эмгек жумшап чоңойткон. Атамдан бала кезимде айрылып калгандыгыма байланыштуу, апамдын мага жасаган эмгегин айтып эмес, санап бүтө албайм.

— Жакшы. Апа, эне жөнүндө сөз козгоп калбадыңызбы. Кыргыз элинде «эр тайын тартат» деп, көп касиет, таланттар энеден, тайлардан ооп келет экен. Дегеле касиет, талант дегенди кандай кабыл аласыз?

— Талант, касиет деген бул адамзатка берилген өзгөчө шыбага, белек экен да. Ошон үчүн менин оюмча касиети, таланты жок адам болбойт. Биз көбүнчө талант десе эле өнөр адамдарын айта берет эмеспизби. Себеби талант, чабанда, дыйканда, устада, саяпкерде да бар. Талант жок болсо түшүм, мал-жан, аштык, идиш-аяк каяктан келет, туурабы? Анан азыркы күндө айрымдарыбыз кичине өнөр көрсөтүп коюп эле, талантмын деп ойлоп жүрүшпөйбү. Анын мыктылыгын эки нерсе аныктайт экен. Биринчиси, эл болсо, экинчиси, убакыт. Анткени эл жаман-жакшы деп отурбай баарына эле дем бере берет. Себеби эл болгондон кийин бардык нерсенин өз угарманы, көрөрманы, колдоочусу көп болбосо дагы чыга берет экен. Мен ага деле каршы эмесмин. Бирок убакыт, мезгил деген нерсе, эч кимди аябайт турбайбы, ал сындайт экен, кээде сыздадат. Тетирисинче, кээде кубантат, көтөрмөлөйт. Ал эми ал тагдырга жараша дечи. Мени дагы Кудай Таалам ошондой өнөрдөн куру калтырбаптыр, бирок «аккан арыктан суу агат» дегендей, мага талант, ырга болгон шык апам тараптан эмес, атам тараптан келген нерсе болуш керек деп ойлойм.

— Бактыбек Мамытовдун сөзүнө жазылган бир белгилүү ырда «… Мен атамдын илип кеткен камчысымын» деп айтылат. Чынында эле бул касиет Сизге атаңыздан келди деп ойлойсузбу?

— Ооба. Себеп дегенде менин атам Осмонкул, Атай жана башка залкарлар менен чогуу иштешкен экен учурунда. Болгону согуштан кийин ден соолугу жакшы болбой айылда иштеп калыптыр. Атамдын көптөгөн ырларын чыгаралбай, башкаларга тең кылалбай келе жатканым бар. Бир ырын мисал кылайынчы, куру айтсам ишенбей жаткандай карайсың (күлүп): «… Өмүрдүн гүлү ачылды, ойгонсом жүрөк шашылды, кайра бир кантип төлөймүн, өткөн бир өмүр жашымды», — деген атамдын ырлары бар экен. Мен бул ырды архивден 15 жыл издеп жүрүп араң таптым. Ырларын издеш керек, ага убакыт деген душмандашып алгандай, көп ойлор бар, ошого жараша тоскоолдуктар дагы болбой койбойт экен.

— «Атын атасаң, куту сүйүнөт» дегендей атаңыз жөнүндө кеп куруп калдыңыз. Кененирээк маалымат берип өтпөйсүзбү?

— Эми менин жерим Таластын баш жагында Каракол деген айыл. «Эл башы болгончо, суу башы бол» дегендей суунун башы биздин айылдан башталат, туулган жерим ошол жерде. Эми, менин кичине тагдырга капачылыгым бар. Себеп дегенде мен атамды көрсөм дагы көп эстей албай калдым. Мен беш жашта атам каза болуптур. Бирок апама ыраазымын, аталуу балдардан кем кылбай, ичирип-жедирип, сураганымды алып берип чоңойтту. Ошентсе дагы билгенимден кеп кыла кетейин. Асан Кайбылдаев деген кыргыздын музыка изилдөөчүсү, мыкты адамы бар болчу. Ал киши дагы өтүп кетти. Анан мен бой тарта баштаган убактардын бир күнүндө шаарга биринчи жолу келип калдым. Ал убакта жанагы бир чамадан менен эле жөнөтүп ийчү да, мени да апам ошентип жөнөтүп ийди. Келгенден кийин бир күнү чамаданды аңтарып карап атсам эле ичинде кат жүрөт. Катты ачсам «Аликеев Жунуштун урук-туугандарына же балдарына» деп катка жазып коюптур. Анан ойлонуп отуруп «муну изилдебей эмне кылып жүрөм?», — деп, баягы катты алдым дагы чуркаган боюнча жөнөдүм же шаарды билбейм же орусча билбейм. Ошондо муногу 12-кичи район жаңы курулуп аткан. Ошондо жанагы котлован деп коет эмеспи, жаңы казылып баштаптыр. Көрсө, этаж үйлөрдү ошентип курат турбайбы. Мен ошого түшүп кетип атпаймынбы (күлүп). Бир убакта тырмалап атып кайра чыктым. Баягы каттагы адрести таппайм же орусча билбейсиң, иши кылып, ээсим оогондо, араңдан зорго, эптеп таптым. Звоногун бассам бир киши чыгып эле: — «Сен кимсиң, эмне коңгуроону чырылдатып жатасың, ыя?», — деп кабагын чытып калды. Көрсө, тамашакөй киши экен кийин билсем. Мен эптеп: — «Могу катты жибериптирсиз го. Мен Маликмин», — дедим. — Кайсы Малик?, — деп, үч жолу кайталап сурады. Аликеев Жунуштун баласымын десем «аа, кайра кайталачы» дейт. — Аликеев Жунуштун десем: — «Анда, балам кир үйгө», — деди. Үйгө кирдик: — «Ээ кемпир бул атанын баласы турбайбы, тамак асып кой», — деп, анан колуна комуз алып комузда шумдуктуудай ойноп кирди, комузду аябай жакшы чертет экен. Анан экөөбүз отуруп тамак бышкыча мен комуз чертип, ырдап бердим, ал дагы күүлөрдү чертип берди. — «Сен атаңды билесиңби?» — деди. Мен «билбейм», — дедим. — «Анда атаңдын 17 записи бар, сен ошону тап, балам. Мен кыргыз элин көп араладым, көп жүрдүм. Көп балдарга жардам берсем дейм. Бирок алардын аталары көп башка кызматтарда иштешиптир. Ата-энесине ишенип алгандардан кыйраткан неме чыкмак беле дедим. Алгач ошон үчүн сени үйгө киргизбей такыганым ошол. Сен атанын уулу экенсиң дегеним, атаңдан калган өнөрдү улайын деп келгендигиңден улам киргиздим. Көрсө, сен чындап эле атанын уулу экенсиң», — деп башын ийкегилеп калганда: — «Чуңкурга түшүп кетип, зорго таптым үйүңүздү», — десем: — «Мына атанын баласы ушундай болот, айланайын», — деп бетимен сүйүп кучактады. Экөөбүз таң атканга чейин отуруп, күүлөрдү чертип, анан «атаң чертип ырдап жүргөн ырлардын тизмеги» деп кагазга түшүрүлгөн чыгармалардын аттарын берген. Ошентип, атамды көрбөсөм дагы көргөндөй болуп, чечекейим жазылып, атамдын ырларын, күүлөрүн тапкам.

— «Атам өлсө, өлсүн атамды көргөн өлбөсүн» деген ушул экен да. Улуу залкар адам менен сүйлөшүп, даамдашып, насиптеш болгон турбайсызбы. Анан айтсаңыз, ушундан улам суроо туулуп атат да. Сизди көпчүлүк, коомчулук башында төкмө акын катары акындарды ээрчип, шакирт катары келген деген сөздөр бар. Төкмөчүлүгүңүз, комузчулугуңуз барбы? Обон чыгарасызбы?

— Күү деле чыгарам, күү ойной алам. «Атам менен энеме» деп аталган жана башка көпчүлүккө белгилүү болбогон көп обондорум, ырларым деле бар. Менде кысылуу болгонбу билбейм. Мен биринчи жолу келгенде төкмө акын болом деп келгем. Ал убакта мындай болчу да, айыл, район, областтар арасында түрдүү конкурстар көп болуп турчу. Ушундай иш чарага активдүү катышкан жаштарды музыкалык институтка атайын жолдомо менен жөнөтүшчү. Мен ошол атайын жолдомо менен азыркы Б. Бейшеналиева атындагы окуу жайга келип, биринчи экзаменден өтүп кеттим. Ошол учурда партиянын 27-съезди (Коммунисттик партиянын Борбордук комитети — О.К.) болуп жаткан. Комиссиянын арасында орустар отурат. Алар ошону сурашат. Айылдан келсең, орусча тантырайсың да ошентип өткөм. Анан экинчи экзаменге чейин жатаканага жаткырып коюшту. Жети бала бир бөлмөдө тыгылып жатабыз. Экинчи экзаменде суроонун бир эле жерин белгилеш керек экен. Мен баарын эле чийе бериптирмин. Ошентип отуруп, анан институттан кулап калдым. Анан эмне кылыш керек? Бирдеме издеп табыш керек да же шаарды билбесең. Алдагы филармониянын жанындагы подземкадан, ошол жердеги филармонияны таба албайм. Биягына чыксам батыштан, тиягынан чыксам чыгыштан чыгып калам. Адашып атып араң филармониянын эшигин таап бардым. Эптеп сурап жүрүп Замирбек Үсөнбаевге жолуктум. Концерт коюп барганда анча-мынча таанышып калган жайым бар эле. Айттым: — «Замирбек байке, ырдап жүрдүм эле, кандай кылсам болот», — деп, андан кийин Тууганбай Абдиевге, ырамаатылык агайга, ошо кишиге жолуктум. К. Асанбаев деген киши бөлүм башчы болуп иштейт экен. Аябай жакшы киши болчу. Көрсө, филармонияда 2 жылдык студия бар экен. Ал жагына барсам айтышты «сен баягы келип жүргөн бала белең, а сен өттүң бар кете бер, күзүндө келесиң» деп койду. Сүйүнгөнүмдү айтпа десең. Андан кийин баягы айылды сагынып калган жаным, куса болуп, кубанган бойдон айылды көздөй кеттим. Апама айттым да «мен өттүм» деп. Ошентип 2 жылдык студияга тапшырып калдым. Ошол жердин фойеси бар, ал жерден ырдаганды жакшы көрчүмүн. Бир күнү Кожожашты ырдап жатсам, азыр акустика деп коет го, ушундай жаңырып турса мага жакчу. Берки жактан ырдап атсам мугалимдерим айтчу экен «Муногу кайсы бала? Ырдап аткан, үнү укмуш экен» деп. Ошондон кийин гана Эстекем кабыл алды. Эстекем менен андан кийин Ош, Кыргызстандын бардык жерине, Тажикстанга чейин бардым, устатым менен жерди көрүп, элге таанылып келдим.

— Мына эми, устат-шакирт деген темага өзүнөн-өзү эле келип калдык окшойт. Залкарлардын залкарлары өздөрүнүн чыгармаларын аткараардан мурун устаттарынын чыгармаларын аткарып, алсак, Арстанбек, Токтогул, Карамолдо башкаларды айталы биринчи устаттарынын ырларын, күүлөрүн ойногондон кийин гана өздөрүнүн чыгармаларына орун берчү экен. Сиз үчүн устат-шакирттиктин орду кандай?

— Устат-шакирт деген азыркы убакта, мисалы үчүн жеңил-желпи ырларды ырдагандарды айтып коёюн, себеп дегенде Эстекем айтчу да, баягы «жакшы комузчу тактап чертет, өз устатын мактап чертет» деп, эми жаманы өзүн даңктап чертет экен дегендей да. Эстекемдин дагы бир касиети ушул болчу, улуу залкар Калык, Осмонкул, Алыкеңдерди «алар минтип ырдачу эле, алардан мен тарбия алдым элем» деп, ошондон баштап туруп, анан концерт берчи эле. Мен азыр ошол касиетти, сапатты алардан үйрөнгөм, мен эч качан унуткан да, жоготкон да жокмун. Кандай эфир болбосун биринчи устаттардын чыгармаларын аткарып, анан башка чыгармаларга орун берем. Анткени, алардан ырларды үйрөндүк, аларсыз алыс узай албайт элек, мына чыныгы таланттуу адамдар ошолор эле, эми анын бири жок калды окшойт.

— Сиз да шакирт күткөндүрсүз?

— «Мен баягыны минтип жанымда алып жүрдүм, тигинтип тарбияладым, үйүмдө жашады» деген мурунку шакирттер жок. Азыр баары эле Женижок, Токтогул, Калык, Алымкул болуп калбаса дагы, кудайга шүгүр кыргыздын комузун кармап жүргөн жаштар көп аны дагы айта кетейин. Азыркы турмуш, абал нук башка жакка бурулуп атат. Улуу залкарлардан кийин Эстекем, Тууганбай, Ашыкемдер эмне деген залкарлар эле. Алар бир өзүнчө доор болуп өтүп кетти. Тарых барактарына кирип кетишти. Ошол убакта элдин көнүлүндө өнөрпоздор бир-бирин жетелеп жүрүш керек болчу. Азыр «жүрчү, мен сени үйрөтөйүн» десең дагы сага эч ким келбейт. А биз ал убакта үйүнө чейин издеп барып, «сабак берип койуңузчу» деп алардын артынан калбай чуркаар элек. Ушундай тарбия бар болчу. Бизде ушундай сезимдер азыркы убакта эмнегедир азайып баратат. Чынында азыр мугалимдер окуучулардын артынан «окуп койчу, үйрөнүп койчу» деп ээрчиген заман. Бирок деген менен азыр деле өтө аракет кылган, үйрөнүүгө дилгир жаштар бар экендигин да белгилей кетпесем, калыстык болбой калат.

— Анда, өткөн кылымдын 80-жылдардагы Малик менен 21-кылымдын башындагы Маликтин айырмасын айтып бербейсизби?

— Ал убакта мен бала болчумун. Мен өзүмдү ал убакта элге таанылганымды деле билбейт экемин. Дос балдарым менен кетип баратсам, элдер карашат «булар эмне мени карап атышат, неге карай беришет» десем, алар деле билишпейт да, «билбейм» деп коюшат. Көрсө, ошол убакта мен элге таанылып аткан убагым экен. Өнөрдүн арты менен ошол мезгилде Москвага чейин барып келдим. Ал учурда негизги оюм эле «безилдеп эле ырдап турушум керек экен» деп ырдап тургам. Эми азыр деле кудайга шүгүр. Безилдеп ырдап турбасам дагы эл оозунда болуп, күйөрмандарым таанып турушат…

— Азыркы Малик эмне деп кыялданат, эмне кыялдары аткарылбай калды?

— Азыркы Малик ошол убактагы балалык кыялдарынан дагы эле кала элек. Анткени, кыял баары бир орундалат экен го (күлүп). Азыркы Малик кичине салабаттуураак болуп калды. Бирок дагы эле ошол күнгө кайрылгым келет. Себеби ошол балалыгымдан жаңы чыгып аткан убагымды, чыгармачылыктагы сезимдеримди, ал убакта жаш болуп, көп нерсени түшүнбөй деле калыптырмын. Баягы, жанагыдай устаттар, залкарлар менен жүрүп өткөрүп жибериптирмин. Бирок, ошондо эсимде, аны да айта жүрүш керек. Мен филармонияга жаңы келгенде мен-мен дегендер тийиштүү деңгээлде бааланбай, баркталбай калышты. Мына Бурулча Какишова деген эжебиздин «Балалык өтүп кетээрин, байкабай жүргөн экемин» деп ырдаганы эсимде да. Ушундай залкарлар өтүп кетти. Ошондой адамдарды кыргыздын тарыхында, маданиятында кала тургандай тийиштүү наамдарды тирүү кезинде берип, мамлекет көңүл буруш керек болчу. Маданият өнүкмөйүн экономика өнүкпөйт болуш керек. Анан азыркы Малик ошолордун баарын башкача, салабаттуу көз карашта карап калган Малик да.

— Малик байке айтсаңыз, азыркы күндө өнөр адамдары, дегеле кайсы сферада иштебесин бардыгыбыз эле Өкмөткө, мамлекетке күнөө коюп, шылтаган учурлар көбөйүп кетип бара жаткан жокпу?

— Жок, ал андай эмес. Өзүм жөнүндө жооп берейинчи. Мен ушул убакка чейин тигил-бул чоңго кирген жан эмесмин. Болгон арман улуу таланттардын наамдарды албай, тааныш-билиш, башка жолдор менен сыйланып калышында болуп жатпайбы. Өкмөткө, мамлекеттке таарынып жатып алганыбыз жок. Дагы дүйнө кезип, Түркияга чейин барып кыргыз обондорун ошолордун алтын сарайларында угузуп жатабыз. Эми Өкмөт эмес, анда иштегендер адам, талант тагдырларын чечип жатканында болуп жатпайбы. Учурунда Арстанбек, Токтогул, Жеңижоктор эл берген наамына ыраазы болуп келишкен.

— «Басмайылдын кысканын минген билбейт, ат билет. Азаматтын жакшысын тууган билбейт, жат билет» дегендей эмгек туугандардан дагы, мамлекет тарабынан да бааланбай калган учурларда мындай абалдан кантип чыкса болот?

— Эми, бул мындай, андан чыгыш үчүн биз баары бир элге таянышыбыз керек. Эл деген бар, элден айланса болот. Демди ошолор берет. Чынында биз чыгарманы биринчи элге арнайбыз, тартуулайбыз. Бул жерден адам чөгүп кетпеш керек. Мына наам бересиңби, бербейсиңби, наамдын маани-маңызын, баасын, баркын кетирип албадыкпы. Азыр ачыгын айтканда, эл берген наамдан өтөөрү жок. Себеби эл гана чыныгы тараза боло алат. Эл көрүп турат. Ошондуктан жаакты жанып, тынбай ырдап турушубуз керек.

— Арстанбек, Токтогул кечээки эле жашап өткөн Эстебес, Тууганбай, Ашыраалы өңдүү залкарлар Манас айтышкан, күү чертишкен, дастандарды, секетпайларды сыздатышкан, бир эле өнөрпоз ошонун баарын алып жүргөн. Ал эми бүгүнкү күндө ошол эле ырчылар бир жагы менен кетип, күүсү, дастаны айтылбай калып жатпайбы?

— Туура, анын бардыгын алып кете албай жатабыз. Айтыш фонду ачылып, төкмөлүк кетти. «Манас» фонддору ачылып алар өнүгүп кетти.

— Ошондо дагы бир коом ачыш керекби?

— Жо-ок, мындай да, комузчулукту дагы алып кеткен, төкмөлүктү дагы алып кеткен, дастанчылыкты дагы кошо алып кеткен, же болбосо мисалы, Ашыралы Айталиев менен Тууганбай Абдиев, Токтогул менен Калыктын айтышканын, Калык менен Эшмамбеттин айтышканын, ошолордун баарынын айтыштарын дагы айтыш керек. Ал үчүн куйма кулак, чебер комузчу болуш керек. Эртеден кечке өнөрдүн гана артынан түшүш керек да. Ал эми азыр биз жеңил нерселерге көнүп алып, элдин дагы табитин буздук. Бирок биз айтканды, ырдаганды элдин баары уга бербейт экен. Азыр башка улуттун музыкасын жактыргандар дагы көп. Элде дагы суроо-талап азайып кеткендиктен, жалкоолонуп кеттик өңдөнөт. Майдаланып атабыз ачыгын айтканда. Себеп дегенде мен жаңы келгенде манасчылар концерт беришчү. Жалаң манасчылар келгенде филармонияга эл батчу эмес. Анан дастанчылар концерт бергенде, ошол жерде жалаң дастандар айтылчу. Ошонун баары көрсө, элдин жанагы айтып жатпаймынбы, сөзгө маани берип, элдер куюлуп, агылып ошол жерге келгендигинде да. Азыр чогултуп көргүлөчү. Концерттин көпчүлүк билеттери күч менен сатылып, залга киши толбойт.

— Ошондо угучууларбы же өнөр адамдары майдаланып баратабы?

— Өнөр адамдары да, угуучулар дагы майдаланып бара жатат. Бирок биз көбүрөөк аракет кылышыбыз керек. Угуучуларды биз тарбиялашыбыз керек. Бир жаман музыканы Ош базарына барып, коюп койсоң. Ошону уга берет дагы, элдин кулагына сиңе берет. Ошонун ордуна эле жанагы барктуу, салттуу ырларды коюп койсоң, анда сиңмек, бул жерде бизде жанагы идеология деген керек да. Ошонун бүт баарын тартипке салып, бардыгын бириктире турган идеология жок экен. Ар ким өзүнүн турмушу, жашоосу менен кырылышып атат, а сенин сөзүңдү, манасыңды дагы эч кимге кереги жок болуп атат.

— Сиз, маектин башында «бала болуп, ошол убакта атак-даңк эмне экенин түшүнбөй калыптырмын» дегендей кылдыңыз. Ошол мезгилде кыргыз коомчулугунда «Мөлмөлүм» десе Малик, Малик десе «Мөлмөлүмдү» түшүнүп калган мезгил эле да. Бирок, Маликтин өзү ошол «Мөлмөлүмдүн» сөздөрүн түшүнбөй эле ырдап жүрүптүр деген сөздөр дагы болгон. «Мөлмөлүм» жөнүндө сурабай кетсек маегибиздун тузу кемип калат го?

— Ооба, «Мөлмөлүм» жөнүндө сөз кылганда мен дагы ар дайым толкунданып кетем. Себеби менин тагдырым бул чыгармага тыгыз байланышта болуп келе жатат десем адашпайм. Биз бала кезде эл радиону көп угат эле. Ар бир үйдө, дубалдарда илинип турчу. Ошол кезде бирөө чыгып эле «Мөлмөлүмдү» ырдайт, кроватта жатып алып угам, кыялданам, уга берем, жадабайм. Ошол убакта кулагыма сиңип калыптыр да, анан келип эле чоң сахнага чыгып эле «Мөлмөлүмдү» ырдагам. Кийин суроо беришти «муну каяктан үйрөндүң, атайын даярдандың беле же китептен окудуң беле» деп. Жок, ал даярдангандан эмес, ал кулагыма, жүрөгүмө сиңип калгандыктан мыкты аткарылып, элге жакса керек да. Ошол жүрөктү эзген нерсеси, жанагы тил укканым бар. Кадимкидей эле эл алдында ырдап жаткам. Эл астында кары-картаң кемпир, чалдар, жаш балдар олтурушкан, анан эле «… Болоор болбос баш баккан, Бөдөнө тумшук мамагың…” деген жеринен: «Аа, жашабагыр, ырдаган ырын», — деп мени бир кемпир урушуп калды. Мен таарынып «эмнеге мени урушуп атат» деп, Эстекемдерден сурайм да, алар каткырып күлүшөт «атаңды көөрү десе, ырдаган ырыңдын маанисин түшүнөсүңбү» депчи. Кийин түшүнүп атпаймынбы (күлүп), өзүң кенедей болсоң, эненин сүтү оозуңан кетелек болсо, ырдап атсаң апалардын алдына жанагы сөздөрдү болушунча созуп, көздү сүзүп, анан урушат да. Эркектер боору эзилип, сандарын чабып, кыйкырып угушат, мен сөзүн түшүнбөй эле кыйкырык-сүрөөнгө шерденип ого бетер күчөп ырдачумун. Бирок баары бир, кээ жерлерде апамдай болгон аялдарды көрүп калганда, ал жеринен аттап кетчүмүн. Келгендер ыраазы болбой калышчу экен. Ошол жерин уккулары келип күтүп турат экен да (күлүп). Бир ырды, бир сап ыр өзөк кылып турат. Бул ыр мурун эле классикага айланган ыр экен көрсө. Ошол убакта сары радиодон укканым Токтосун Тыныбеков экенин кийин билбедимби. Мына ошондой…

— Малик байке маңыздуу, таржымалдуу маегиңизге чоң ыраазычылык билдиребиз. Чыгармачылык ийгиликтер жылоолой берсин!

Маектешкен Октябрь Капалбаев

Булак: Ачык Сөз

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *