Малик Нурдинов Кашкар менен Cүйүндү көзгө илбей, “чүкөңөрдү алыс ойногула” деп койгонбу?

ОИИБнин башчысы Малик Нурдинов бул кызматка келгени өздүк курамдын ашмалтайын чыгарып, ич ара бөлүп жарууга жол берип жатканы айтылып келет. Ош облусундагы айрым жетекчиликти өзү каалагандай алмаштырып, кадр саясатына да кийлигишип жатканын кулагыбыз чалууда.

Кечээ жакында Ош облусунун СКМ башчысы Нурлан Жаанбаев менен катардагы кызматкери капитан Эрнис Абдыжапаров уруша кетип, аягы мушташка чейин жетип, учурда экөө тең ооруканада жатканын көргөн-билгендер кабарлашты. Мындай алешемдиктердин орун алып жатканы Нурдиновдун өздүк курамда кадыры жоктугун жана алгылыктуу иш алып бара албай жатканын айгинелейт. Малик Нурдинов убагында кримчөйрө менен байланышы болгонун, аларга куратор болуп келгенин ЖМКлар жазып чыгышкан. Анан ушундай адам криминал менен күрөшөм деп төшүн кагып жатса таң калат экенсиң эй.

Баса, Малик Нурдинов учурда министр Кашкар Жунушалиевди да, ИИМ орун басары Сүйүн Өмүрзаковду да көзүнө илбей, “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” дегенсип, өз билгенин кылып жатканы айтылып келет. Айтмакчы, ИИМдин орун басары, Ош облусу боюнча кураторлук кылган Сүйүн Өмүрзаков дагы, Кара-Кулжадан эмеспи, андыктан “эки кочкордун башы бир казанда кайнабай” Нурдинов Өмүрзаковго кол шилтеп коюптур. Буга чейин ММКларда жазылып келгендей, Нурдиновдун мындай жосунсуз жоруктарын Кара-Кулжалык
болгонуна жана Жээнбековдорго жакындыгына байланыштырышууда. Көрөгөч Маамыттын айтымында, Малик Нурдинов жетекчиликке “эмне кыла алмак элеңер, колуңардан эмне келет, бар, чүкөңөрдү алыс ойногула,”- деп өйдө жактагы маселе чече алган, кудуреттүү адамга таянып жүрөт имиш.

Ал эми ИИМ министри Кашкар Жунушалиев мына ошол таасирдүү адамдан айбыгып, Малик Нурдиновдун жосунсуз жоруктарына үн ката албай, тилин тишине тиштеп олтурганы айтылууда…

Биз муну менен эмнени айткыбыз келет, Малик Нурдиновго окшогон чала сабат жетекчинин өз билемдигине чекит коюп, анын былыктарын ыкчам түрдө текшерүүгө алууну тиешелүү органдардан өтүнөбүз. Тез арада Нурдиновго чара көрулбөсө, Ош ОИИБинде абал чатак...

Ош ОИИБнин ардагерлери жана кызматкерлеринин атынан

Булак: “Майдан”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *