Мамат Орозбаев, ЖКнын экс-депутаты: “Ош облустук керек-жарак коомунун башкы имаратынын 51 пайызы мага мыйзамдуу сатылган”

“Майдан.kg” гезитинин 6-июндагы санында “Мамат Орозбаев Ош облустук керек-жарак коомунун Башкы имаратын талашып жатат” деп жазганбыз. Жогорку Кеңештин төрт жолку чакырылышынын депутаты, коомдук ишмер Мамат Орозбаев редакциябыздын түштүктөгү өкүлүнүн босогосун атайы аттап, өзүнө таандык документтерди бүт көтөрүп келиптир. Басылмабызга жарыяланган материал боюнча өз оюн ортого салды… Өзүңүз тараза болуңуз окурман!

 – Мамат мырза, биз билгенден Сиз кооперация системасында дегеле

жат адам эмессиз да?

– Туптуура. Мына, 50 жыл бою бир гана кооперация системасында үзгүлтүксүз эмгектендим. Ошол сиңирген эмгегимдин аркасында төрт жолу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына дагы катарынан шайландым. Ошондо деле парламентте өлкөбүздөгү кооператорлордун кызыкчылыктарын тынымсыз коргогонго батындым.

– Ушул тапта ардактуу эс алууда жүрөсүз да?

– Ооба.

– Анда Ош облустук керек-жарак коомдору жана кооперативдер Биримдигинин башкы имаратына Сиздин кандайча тиешеңиз бар?

– Дал ошол Ош облустук керек-жарак коомдору жана кооперативдер Биримдигинин башкы имаратынын 51 пайызы мага баланстык баада 11 миллион сомго калыс эле бааланып сатылган. Айтмакчы, бул сунушту 2016-жылдын 10-ноябрында Ош облустук керек-жарак коомдору жана кооперативдер биримдигинин уюштуруучулары дагы бүтүндөй колдошкон. А түгүл ошогездеги жыйналышка Ош облустук керек-жарак коомдору жана кооперативдер Биримдигинин дал азыркы төрагасы Бектемир Ражапов өзү жетекчилик кылып, бул сунушту абдан кызуу кубаттаган. Мындан тышкары протоколго чогулуштун төрагасы сыңары дагы колун коюп, а түгүл мөөрүн баскан.

– Мамат мырза, адистер “Ош облустук керек-жарак коомдору жана кооперативдер Биримдигинин Ош шаарындагы башкы Кеңсесинин баасы Мамат Орозбаев тарабынан атайылап эле төмөндөтүлгөн” деп какшап жатышпайбы?

– Муну эми Ош облустук керек-жарак коомдору жана кооперативдер

Биримдигинин азыркы төрагасы Бектемир Ражаповдун абийирине гана койдум. Алар жалдаган адистер көп жагынан Ош облустук керек-жарак коомдору жана кооперативдер Биримдигинин башкы имаратынын азыркы наркын ашкере эле ашырып жиберишкен. Ошону үчүн мени дагы бул сапар коомчулукка жек көрсөтүү далбасасын катуу жасашты. Бирок, эл – тараза. Дагыле калыстыктан тайый элек. Баарынын тең мага көңүлү түз! Чындык акыры орнойт деген терең үмүттөмүн.

Булак: “Майдан.kg” гезити

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *