Мамдума депутаттары транспорт үчүн жылына 700 миң рублдан сурашууда

Мамдума депутаттарды транспорт менен камсыз кылуунун жаңы ыкмасын ойлоп тапканын парламент вице-спикери Игорь Лебедев кабарлады. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн жылына кошумча 215 миллион рубль керектелет. Ар бир депутатка бөлө келгенде бул сумма 700 миң рублди түзөт.

Мамдума депутаттары аймактарды кыдыруу учурунда автоунааны убактылуу жергиликтүү администрациядан алышат. Вице-спикер бул ыкма эл өкүлдөрүн канааттандырбай жатканын айтты.

Жаңы схема боюнча кызматтык унаа колдонуу үчүн депутаттардын колуна накталай акча берилет. “Аймактарда автотранспорт менен камсыз кылуу үчүн депутаттарда бирдей каражат бөлүү сунушталууда. Анан ал өзү чечет: кааласа такси менен жүрөт, кааласа машина сатып алат же акчаны чөнтөгүнө салып, жөө жүрөт. Анткен менен администрация машина бербей койду деп нааразы болбойт”,-деп түшүндүрдү Лебедев.

Учурда транспорттук чыгымдар үчүн Мамдума болжол менен жылына 100-110 миллион рубль коротот. Жаңы сунуш ишке ашса, бул каражат 315 миллион рублга көбөйт. Учурда транспорт үчүн бөлүнгөн акчаны парламент мүчөлөрү тегиз колдонушпайт. Башкаруучу партиянын бир депутаты эле бул максатта 19 миллион рубль коротуп койгону айтылууда.

Мамдумада бул система сегиз жыл мурун эле сунушталган. Бирок айрым депутаттар аймактар көлөмү жана транспортунун баасы боюнча бири-биринен кескин айырмаланып тургандыктан, ар бир депутатка бирдей каражат бөлүү туура эмес деген пикирде. Бул боюнча Орусиянын Каржы министрлиги өз оюн айта элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *