КР Мамкаттоо кызматы жаңы биометрикалык паспортту даярдоодо да одоно ката кетиргени ачыкка чыкты

Бүгүн, 9-январда КР Мамкаттоо кызматы чет элден жардам иретинде келген гранттык акчага Кыргызстандын жарандарынын чет жерге чыга турган паспортторун биометрикалык маалыматтары менен кошо басып чыгара турган жабдыктарды сатып алганын жар салып, сүрөттөрү менен кошо жарыя кылган. Ал маалыматты бүгүн түшкө чейин кыргыз ММКларынын дээрлик баары жарыялашты.

Аны менен катар Мамкаттоо кызматы кыргыз жарандарынын чет жерге чыга турган биометрикалык паспортторунун 3 түрүнүн үлгүсүн жарыялаган: жөнөкөй, кызматтык жана дипломаттык.

Дипломаттык паспорттун кыргызча жазылышы “Дипоматтык” болуп, л тамгасы жок бекитишкен.

2011-жылдан бери, Атамбаев доорунда көптөгөн мамлекеттик документтер одоно грамматикалык каталар менен басмаканалардан басылып чыгып, элге тарап кетип чоң ызы-чууларга алып келген. Мисалы,  “Учкун” басмаканасына КСДПнын активдүү мүчөсү Рыскелди Момбеков директор болуп баргандан кийин кыргыз жарандарынын Туулгандыгы тууралу жана Нике тууралу күбөлүктөрү одоно каталар менен басылып чыга баштаган. Ал ызы-чуу Жогорку Кеңеште да чоң талкууну жаратып, акырында ал документтер райондордон кайра артка чакыртылып алып, кайра басылган. Ушундай эле каталар кийин Айдоочунун күбөлүгү сыяктуу документтерди басууда да кетирилген.

Кечээ, КР өкмөтүнүн аппаратынын бир бөлүмү документтерди каталар менен даярдап, Евразиялык экономикалык биримдиктин алдында Кыргызстанды уятка калтыргандан кийин кызматтарынан алынды.

Мунун баары акыркы 7 жылда кыргыз бийлигинин аппаратына билимсиз кадрларды жердештик, тууганчылык мамилелер менен кызматка алып келатышкандыгынын натыйжасы.

1 ой-пикир

  • Sulayman Kayıpov says:

    Төөдөн: “Aй, сенин мойнуң эмнеге ийри?” деп сурaшыптыр. Төө болсо, кебелбей туруп: “Менин кaй жерим түз деги?” деп жооп бериптир.

    Aнын сыңaрындaй биздин туурa деп aйтa тургaн эмнебиз кaлды деги? Өлкөбүздүн эч бир жеринде ПРОФЕССИОНAЛДAР кaлгaн жок. ПAРТИЯЛAРДAН келгендер, профессионaл эместер ушундaй жaсaйт. Билим берүү системaбыз кыйрaгaн, ПРОФЕССИЯгa ээ кылуучу системa керек бизге! Мaгистрaтурaчы дебей эле койгулa. Бул жерде aйтa тургaн сөз көп… Aли убaкыт бaр. Чыккынчылaр кыргызды кесипсиз кaлтырып жaтaт. Чоңдорубуз дa ошол чыккынчылaрды угaт, ошолорду көкөлөтөт, кызмaт берет, нaaм берет… Кесип билбеген aдaмдaрдын өлкөсүнө aйлaнып бaрaтaбыз. Өлкөнү өлкө кылгaн кесипкөйлөр, ПРОФЕССИОНAЛДAР экенин унутуп койдук.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *