Мамлекетке 258 миллион сом зыян келтирген Исхак Пирматов жоопкерчиликке тартылбайбы?

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 8-февралында коопсуздук кеңешинин жыйынында башкы прокуратурага мурда токтотулган, жабылган кылмыш иштерин кайрадан карап, тактап, ал иштерди жандандыруу боюнча тапшырма берген. Өткөн аптада башкы прокуратура «мурда токтотулган 498 ишти, жабылып калган 85 ишти тергөөгө кайтардык» деп билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов (Максим Бакиевдин досу) 2008-2010-жылдары Кочкор-Атадагы 85% үлүшү мамлекеттики болгон «Кыргызнефтегаз» АК башкарып турганда казынага 258 млн. сом зыян келтиргендиги үчүн башкы прокуратура 2012-жылы Кылмыш кодексинин 173-жана 221-беренелери менен иш козгоп, ЖК депутаттарынан ал кездеги башпрокурор Аида Салянова «Исхак Пирматовдун кол тийбестигине макулдук бергиле» деп кайрылганда,

89 депутат макулдук беришкен эмес. Ошондо Аида айым депутаттарга «бул иш убактылуу токтотулат, бирок жабылбайт» деп билдирген. Эми И.Пирматовдун токтотулган ишин кайра дароо баштаса болот, парламентке кайрылбай эле.

2016-жылы ЖК депутаты Аида Саляновага башкы прокуратура депутаттардын макулдугу жок эле Кылмыш кодексинин 304-беренеси менен иш козгоп, тергөө жүрүп (Ал 2010-жылы Юстиция министри кезинде М.Бакиевдин досу А.Елисеевдин адвокатгык лицензиясын узарткандыгы үчүн), сот аны 5 жылга эркинен ажыратты.

БШК болсо депутаттык мандатын алды. Бирок соттун чечимине ылайык, Салянова жаш баласы 14 жашка чыкканда жаза мөөнөтүн өтөйт.

Дагы бир мисал: 2011-жылы жубайынын 2001-жылы чыгарылган 10 миң доллардык машинасын КР эсеп палатасына мыйзам бузуу менен саткан» деген айып менен 2016-жылы ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматовго да кылмыш иши козголуп, (КР Кылмыш кодексинин 303-312-беренелер) тергелип, соттук териштирүүгө алынган. Эми казынага 258 млн. сом зыян кылган Пирматовдун мисалында, Салянованын, Шыкмаматовдун иштеринин оордугун өзүңөр салыштыргыла. Бул силердин айлык маяна, балдарыңардын пособиеси, пенсияңар эле.

Жолдошбек Токоев

Булак: “Азия ньюс”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *