Мамлекеттик идеологиянын аянычтуу абалы

Учурда коомдук-саясий турмуштун күн тартибинде эң башкы жана кечиктирилгис карала турган темалардын бири катары улуттук жана мамлекеттик идеология маселеси болуп кала берүүдө. Ал тургай, бул маселе мурункудан да алда канча күчөп, кайрадан курч коюла турган, абдан актуалдуу деңгээлге чейин өсүп жеткендей болуп калды.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин убагындагы кез-кезде ыгы келсе да, келбесе да, кайталанып айтылып жүргөн: “биз эми эч кимге тизебизди бүкпөйбүз!.. Биз эми эч кимдин көзүн карабайбыз!..” — ​деген сыяктуу дымактуу билдирүүлөр калың калк арасында (мамлекет башчысынын оозунан улам-улам айтылып, кайталанып, өзгөчө басым коюу менен чыгып жаткан соң!) мамлекеттик идеологиянын кандайдыр бир квинтэссенцияланган уюткусу сыяктуу кабылданмак тургай, тескерисинче, кийинчерээк ирониялуу жылмаюууларды гана пайда кылып келгендиги белгилүү. А эмне үчүн биз атамбаевдик президенттик мезгилден бери гана өзүнчө кароодобуз? Анткени, ал бийлик революциячыл-төңкөрүшчүл жол менен келип, мурунку жасалгандардын баарын жокко чыгарып, алардын саясатын толугу менен танып, кардиналдуу түрдө жаңы саясат жүргүзүп, жаңы багытка карай жол баштап, таптакыр жаңыча — ​мурдагы багыттан кескин айрымаланган өнүгүү жолуна баштап кетүүгө ыклас кылып тургандай түр көрсөтүшкөндүгү маалым.

А иш жүзүндө болсо… Иш жүзүндөгүсүн, мен азыр чечмелеп жазбасам деле, кандай башталып, кандай болуп бүткөнүн элдин баары жакшы билишет. Ошондуктан, болуптур эми, өткөн өттү — ​кеткен кетти да деп, кайдыгер гана кол шилтеп коюп, эми алдыдагыны ойлойлук деген чечимге келип, арт жакка кылчайбай койсок деле болмок. Арийне, эгемендик доорундагы Кыргызстандын жүргүзгөн мамлекеттик саясатынын өзөктүү сызыктарына көз жүгүртө турган болсок, андан эмнени көрө алабыз? Чалды-куйду жана бирде тигил жакка, бирде бул жакка секирген сыяктуу таасир калтырган, алдын ала терең ойлонулмак турсун, элементардык ырааттуулук да, улантуучулук да жок “идеология сымал” бир үзүк-үзүк “жылт-жулт” эткен нерселер гана көзгө урунат…

Тээ акаевдик бийликтин башкы идеологу атынган “атактуу” Осмонакун Ибраимов интернеттик басылмалардын бирине бийликтен өзү кеткенден кийинки бийликтердин жүргүзгөн саясатына нааразы болгон маанидеги ойлорун жарыялаптыр. Чыгаан адабиятчы, адабий сынчы Кеңешбек Асаналиев тууралуу жазган макаласында: мамлекеттик жогорку сыйлык-наамдар татыктууларга берилбестен, андайлардын “тырмагына да татыбай” тургандар алып жаткандыгын айтып келип, жеке өзү “2014-жылы” (!) Кеңешбек Асаналевге Кыргыз Эл жазуучусу деген наамды алып бергендигин кыпчып, кырдаалдан пайдаланып (мен болбосом ал такыр наамсыз калмак деген мааниде!) мактана да кетиптир…

Осмонакун Ибраимов өз кызыкчылыгы үчүн атайылап бурмалап айтып жаткан жагдайларды ачыктап коюу зарылдыгы туулуп жатат. Анын үстүнө, коомдук-саясий турмуш жана анын айланасындагы орчундуу маселелер Осмонакундун жеке менчиктери эмес да!.. Анткени, ал “башкы идеолог” болуп турган чактарда да, бул баалуулуктарды өз жеке менчиктериндей пайдаланышып, ал тургай, бир үй-бүлөнүн жеке менчигине айлантууга абдан далбаса урушса да, муну жасай алышкан эмес…

Биринчиден, Кеңешбек Асаналиевге “Кыргыз Эл жазуучусу” деген наам 2014-жылы эмес, 2004-жылы ыйгарылган. Эгерде Осмонакун 2014-жылы ал кездеги бийликке кимдир бирөөгө наам берүү жөнүндө сунуш айта да алмак эмес. Атамбаевдик бийлик тушунда өзүн телефон аркылуу шылдыңдай, тамашалашып жатканын билбей: “Сизди президент Чүй областынын губернатору кылып дайындагысы келип жатат? Буга кандай карайсыз?..” — ​деп айтышса, дароо эле өзүнүн Атамбаевдин ден-соолугу үчүн күйүп, сарсанаа болгонун көрсөткүсү келип: Алмаз өзүнүн ден соолугуна жакшы карабай жүрөт окшойт, ушуну ага менин атымдан айтып койсоңор? — ​деп салам айткысы келген Осмонакун Ибраимов, ошентип, чындыкты да бурмалап, жарым-жартылай жагын гана айтып, башкача айтканда, ого бетер жалганга айлантууга далбасаланганы ачык көрүнүп турат.

Кеңешбек Асаналиевге “Кыргыз Эл жазуучусу” деген наам кандай эмгеги үчүн ыйгарылган? Анын Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары тууралуу фундаменталдуу макалалар сериясынан кийинби? Же кыргыз адабиятынын орчундуу проблемаларын чагылдырган курч эмгектери үчүнбү?..

Кеңешбек Асаналиевди адам катары, чыгармачыл жакын мамиле аркылуу жакшы билгендер буга күбө болушкан, — ​ал дал ошол 2004-жылдан баштап, өмүрүнүн аягына чейин (2008-жылга чейин) өзүнүн “Кыргыз Туусу” газетасынын ортоңку (разворотко) эки бетине толук жарыяланган Майрам Акаеванын “Үмүттүн шооласы үзүлбөйт” деген китебин көбүртүп-жабыртып мактаган макаласы үчүн абдан өкүнүп, ичтен сызып жүрүп өтүп кеткен…

Мына эми гана, Осмонакун жалпы чындыкты жашырып, өзүнө ыңгайлуу жагын гана айткысы келип жатса да, көмүскөдөгү көп нерселер ашкереленип, ачыкка чыга баштады. Демек, башына кылыч сунулуп турса да чындыктан эч тайбаган көкжал сынчы, өз жеке карьерасын да тобокелге коюп, өмүр бою улуттук адабияттын ысык-суугун кошо тартып, “ал күлсө кошо күлүп, ал ыйласа кошо ыйлап” жашап жүргөн Кеңешбек Асаналиев өмүрүнүн соңку учурларына жакындаганда “булганып алдым” деп өкүнгөнү бекеринен эмес экен. Башкача айтканда, ким көшөгө артынан туруп алып, адилет, калбаат сын пикиринен эч качан жазбаган кашкөй сынчыны улам-улам суранып, жалынып-жалбарып жатып, ал макаланы жаздырып алганы, ким ал макаланы “мына, жеке мен өзүм уюштуруп, Чыңгыз Айтматовдон башка эч кимди мактабаган атактуу сынчыга сиздин китебиңизди мактатып жатамын!” — ​деп “канайымга” ал гезитти көтөрүп жетип барганы да табышмак болбой калды.

Азыркы акындардын залкары, кайсыл учурда кандай бийлик алмашса да, өз позициясынан кылдай да тайбаган акын Анатай Өмүркановго наам берүү жөнүндө сөз козголгондо, сыйлык-наамдарды ошентип, өздөрүнүн менчигиндей кылып, базардагыдай каалагандай сатышып, өз сөзүн сүйлөгөндөргө гана берип калышкан бийликтин “идеологу” “Анатай өз позициясын өзгөртүшү керек, болбосо ага наам берилбейт” деп айтканын да элдин баары билет… Демек, турмуштук реалдуу фактыларды канчалык жаап-жашырып, жеке өзүнө ылайыктап бурмалай берүүгө далбасалануудан эч натыйжа чыкпайт.

Көрсө, Анатайдын кайсыл бир оппозициячыл маанайдагы гезитке “ырсаңдап көп күлө бербечи, элиң минтип кыйналып, ыйлап жатса, деги сен кайсыл арыңа күлөсүң?” — ​деген маанидеги публицистикалуу ыр түрмөктөрү жарыяланган экен. Ал саптардан башкы идеолог айга-күнгө гана теңеп жүргөн “ажонун” реалдуу образы айкын чагылып турса, “мамлекеттик идеолог” баш болуп, баары арданышат да… Алар биз “Борбордук Азиядагы демократия аралыбыз” деп мактанып жатышса, а таланттуу акын муну “түшүнбөй” жатса!..

“Коконуңду таап кет, Корооңдун оозун жаап кет! Кет, кет!!!” — ​деген эң соңку, жаңы ыр түрмөктөрүндө да Анатай акын экс-президент Алмазбек Атамбаевге көркөм адабият каражаты аркылуу ачуу чындыкты эң алгачкылардан болуп айткандыгын билебиз. Дегеле, азыркы учурдагыдай, айрылыш жолдун алдында тургандай абалыбыздан чыгып караганда, Кыргызстандын адепки эгемендик жылдарындагы пайдубалы борпоң болуп калып, улам урап түшүп, кайра-кайра башынан орнотууга аракеттер көрүлүп жаткан мамлекеттик идеология “фундаменти” Аскар Акаевдин доорунда эле туура эмес жана келечексиз калыптанып, ал көп учурда кумга курулган аксарайдай, же куру кыялдарга гана негизделген үрүл-бүрүл, ирреалдуу сезилип калган болчу.

Аскар Акаевдин маданият жана идеология жаатындагы эң алгачкы кеңешчилери — ​Ишенбай Абдуразаков, Салижан Жигитовдун кызматтык гана полномочиялары эмес, жеке өздөрүнүн инсандык потенциалдык мүмкүнчүлүктөрү деле кыйла чектелүү болгондугу жашыруун эмес. Алар эч убакта “канайымдын” тилин, көңүлүн таап алып (өзүн кызматтан бошотуп, ордуна Мелис Эшимканов жөнүндөгү президенттин Жарлыгы ошол кездеги президент аппаратынын жетекчиси Мисир Аширкулов тарабынан даярдалып, “Эркин Тоо” газетасына басууга даярдалып жаткан чакта, Осмонакун “эжекесине” чуркап жетип барып, эң соңку ирмемдерде токтотуп калууга үлгүргөн, Аскар Акаевдин жакын досу Аширкулов менен болгон мамилесинин бузулушу да ушундан башталган дешет, башкача айтканда, бул “башкы идеологдун” таасири – өлкө президентинен таасирдүү, керек болсо, анын Жарлыктарын да жокко чыгара алган адамга чейин жетип турган!), Осмонакун Ибраимов сыяктуу деңгээлдеги таасир этүүгө жете алышкан эмес. Ал ошондой “таасирдүү абалын” жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына карай эмес, бир үй-бүлөнүн жана ошол үй-бүлөгө кызмат кылгандардын кызыкчылыктарына карата гана бурууга далбасаланып келген. Мунун арты эмне менен жана кандай трагедиялуу кырдаалда бүткөнүн азыр элдин баары жакшы билет.

Ушул жерден эриксизден бир нерсе эске түшөт: Осмонакун Ибраимов расмий пресс-конференция учурунда — ​“ал жөнөкөй күйөө бала эмес, — “Жалпы Кыргызстандын күйөө баласы!” — ​деп баса белгилеп, жаңы, кошоматчыл “титулду” ыйгарып салган (орус императорунун жакын туугандарына жөнөкөй князь эмес — ​“великий князь” деген титул ыйгарылган сымал) Аскар Акаевдин күйөө баласы Адиль Тойгонбаев мурдараак өзүнүн “Технология мечты” деп аталган чакан китебин чыгарыптыр.

Ал эмне жөнүндө кыялданганы жана да ал максаттарына жетүү үчүн кандай технологияларды иштеп чыкканын ким билсин, бирок, бул китепти үстүртөн гана барактап чыккан адам дароо эле байкаган бир нерсе — ​алдым-жуттумдук, кандай жолдор менен болсо да, эптеп баюу керек деген “технологияны” бул “жалпы күйөө бала” абдан жакшы өздөштүргөн окшойт. Китептеги сүрөттө ал али “жалпы күйөө бала” боло электеги, чоңоюп калган, тестиер курактан эбак эле өткөн кызы аны артынан, моюнунан кучактап, эркелеп турат… Демек, президенттин күйөө баласы болуп, ал аркылуу байлыкка да, баарына тең жетүү үчүн керек болсо өз үй-бүлөсүн да тепсеп кете берүүгө даяр турган адамдар ошол кездеги кыргыз бийлигинин эң жогорку тепкичтерин курчап алышкандыгы айкын. Ал тургай, ошол кезде бул оору саркынды сыяктуу болуп, алардан айланасындагыларга дагы жугуп, башка таза адамдарды да кошо “булгай” баштагандыгы жогорудагы келтирилген мисалдардан ачык көрүнүп турат.

Жакында акын Нуралы Капаров (жана да аты бар, заты жок, көптөн бери чыкпай калган “Кыргызстан маданияты” газетасынын башкы редактору) кыргыздын башкы телесинен, “Демократия сабактары” деп, арманын төгүп, ага кошуп, жогоруда айтылган алгачкы ажонун кеңешчилеринин ишмердигинен да учкай сөз салып берди. Айта кете турган нерсе, улуттук идеологиянын калыптанышында, улуттук уңгулуу сапаттардын фундаменталдуулугунда башкы рольду ойной ала турган, жалпы эл арасында өтө популярдуу болгон “Кыргызстан маданияты” газетасынын жана “Ала-Тоо” журналынын чыкпай калып, азыркы маданий туташ кризиске кептелүүнүн себептеринин бири, — ​болгондо да эң башкысы! — ​ачуу чындыкты ачык айта турган болсок, акыры түбү келип эле, дал ошол жеке өзүмчүлдүктөн улам дагы болгондугун да моюнга алып коюу керек. Анткени, кайра куруу доорунун эң соңку учурунда кооперативдик кыймылдар күчөп, адамдардын иждивенчилик (жанбактылык) сапаттарынан арылып, жеке өз демилгелерин дагы колдоого алуу сыяктуу мамлекеттик саясат жүргүзүлө баштаган. Дал ошол маалда, экономикалык саясатта хозрасчеттук эсеп деген багыт дагы башталып, ага ылайык, өзүн өзү камсыздап, багып, өз алдынча жашап кете ала турган мекеме-уюмдар, ишканалар мамлекеттин жетектөөсүнөн бөлүнүп чыга алыша турган болуп калышкан.

“Кыргызстан маданияты” жана “Ала Тоо” журналдары тиражы боюнча башка басма сөздөргө караганда лидерлик позицияда болуп, ошол кездеги рыноктук чен-өлчөмдөр алкагында чоң киреше берип турушкан. Тилекке каршы, алысты көрө албаган кадам жасалгандыгы кийин гана маалым болгон. Мамлекеттик көзөмөлдөн чыкпай кала беришкен коңшулаш казак жана өзбек республикаларынын адабий журнал-газеталары, китеп басмалары биздегидей кризиске тушугушкан жок. Бизде болсо хозрасчет аркылуу кетип, бара-бара акционердик коом сыяктуу, анан акыры барып менчиктештирип алууга (мамлекеттик, улуттук менчикке негизделген уюм-мекемелерди!) умтулушкандардын көбү тез эле кайра сызга олтуруп калышты. Объективдүү айтканда, андай кырдаалда тез эле ыңгайлашып, өз алдынча жашап кете алганы бир гана ыраматылык Мелис Эшимкановдун “Асабасы” болгондугу анык. Калган басылмалар баары кайра мамлекеттик акырга барып, “биз туура эмес кылган экенбиз, жардам бергиле” деп баш ийип, суранып барышканда, жарытылуу жардам болбоду… Ал эми алардын өз ара эки тарап болуп бөлүнүп алышып, байлык талашышканы, бирин бири түрмөгө “тыгып”, зэктердин методдору менен “сынашып”, өз ара криминалдык разборка жасашканы — ​акаевдик приватизация доорунан калган эски оорунун саркындысы болчу… Болгондо да, руханий байлыктарды (!) менчиктештирүү фонунда жасалган аракеттердин калдыктары болчу. Ошол кездеги идеология майданындагы менчиктештирүү кандай өңүттө жүргөнү, бийлик, мамлекеттик идеология жана анын айланасындагы адамдардын жеке аракеттери — ​өзүнчө кеңири сөз кылууга муктаж болгон темалардын бири экендиги талашсыз.

Ишенбек Муртазаев

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *