Мамлекеттик ипотека программасы боюнча кимдер үй алууга мүмкүнчүлүк алышат

Кабыл алынган мыйзамга көңүл буруңуз

Жогорку Кеңеш «Мамлекеттик ипотекалык насыя боюнча» мыйзам долбоорун кабыл алгандан бери анын иш жүзүндө кандай болуп жаткандыгын турак-жайга жетүүгө аракет кылып, бирок муктаждыгы чечилбеген жарандар мыйзамдын чийкилигин айтып жатышат. “Эми бюджеттик кызматкерлер беш жылдан кем эмес мөөнөткө баштапкы төлөм катары турак жайдын жалпы баасынын 10 пайыздан жогору төлөп, насыя алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү” дегени жакшы сөз гана болуп угулганы болбосо, пайызы эки эселенген ипотеканы төлөөгө чамасы жок жарандардын үмүтү накта байкалды көрүнөт.

Насыя жаш курагына карап берилгени өкүндүрөт

Бул мыйзамга ылайык, бюджеттик кызматкерлер беш жылдан кем эмес мөөнөткө баштапкы төлөм катары турак жайдын жалпы баасынын 10-30 пайызын төлөп, насыя алууга укуктуу. Бирок мындай че-чим жалпы эл үчүн жеңилдик боло албагандай. Мамлекетгик программа менен үй алууга көпчүлүктүн  чама-чаркы жетпей жатканын аталган тармакта иштегендер өздөрү айтууда. Аларды бири, 30 жылдан бери жолдошу экөө тең мамлекетгик кызматта иштеген, Бишкек шаарынын тургуну Роза Мырзакожоева. Ал кесиби боюнча медайым. Бишкектин ар кайсы ооруканаларында эмгектенип келет. Жолдошу айдоочу, учурда Ак үйдүн унаа жайында иштейт. Мырзакожоеванын айтымында, үй-бүлөдө буга чейин өздөрүнүн үйү эч качан болгон эмес. Чоң ата, чоң эне болсо дагы өмүр бою батарде жашап келе жатышат.

-Көп жылдан бери ипотекага үй алууга аракет кылып келебиз. Бирок насыянын баштапкы төлөмү боло турган 30-40 пайыздык акча биздин түшүбүзгө да кире элек. Шарт боюнча насыянын акыркы суммасын төлөп жатканда жаш курак 65 тен ашык болбошу керек экен. Мен 57 демин. Ошондо мен насыяны сегиз жылда төлөп бүтүшүм керек экен. Ал үчүн айына 30 миң сомдон төлөөгө туура келерин айтышты. Менин айлыгым болгону алты миң сом», — дейт Мырзакожоева. Ал эми быйыл 61ге чыккан жолдошуна жаш курагынан улам шарт боюнча насыя берилбей турганы аныкталган.

Мугалимдердин айлыгы ипотекага жетпейт

Ипотека боюнча кайрылгандардын арасында өзүн Анаркүл деп тааныштырган Бишкектик мугалим да бар. Анын айтымында, бир нече ай мурда МИКке тиешелүү документтерди тапшырган. Бирок кезек банкка жеткенде, анын 12 миң сом айлыгына 500-600 миң сомдук гана насыя берилерин уккан. Албетге, Бишкекте бул суммага турак жай алуу дээрлик мүмкүн эмес. Ал эми мугалим өзү көздөгөн 16-17 миңдолларга бааланган үйгө ээ болуу үчүн бир айлык кирешеси 40 миң сомдон кем болбошу керек экенин билген. Анткени, банктар насыяны төлөөдөн тышкары, кардардын өзүндө күнүмдүк жашоосуңа каражат калуусун талап кылат. Бишкектик мугалимдин сөзүнө
МИКтин маалымат катчысы Зирек Асанованын айтканы дагы далил. Анын айтымында, Бишкек шаарында жашаган тургун мамлекеттик ипотека алуу үчүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешеси 30-35 миң сомдон кем болбошу керек.

 

Учурда ипотекага үйдү алгандар жөнүндө

Учурда «Мамлекеттик ипотека компаниясы» 12 коммерциялык банк менен кызматташат. Алардын бири МИКтин өнөктөшү «Кыргызстан» коммерциялык банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары, Жаркынбек Сагындыковдун айтымында жарандарга төмөнкүдөй мүмкүнчүлүк берилүүдө.

-Программа башталгандан тарта аталган банкка 300 жаран кайрылып, 180дей адамга насыя берилди. Бизден насыя сурагандардын 60-63 пайызынын талабын канаатгандыр-дык. Калгандарына бере албаганыбыздын негизги себептери — мурда алынган. Насыя таржымалынын таза эместиги же өзүнүн финансылык мүмкүнчүлүгүнөн ашыкча талабы. Биз кардардын насыя алып, карызга батып калышына жол бере албайбыз, — дейт Сагындыков.

Ал эми насыя ала албай калгандар боюнча жалпы айта турган болсок, МИКке бир жыл ичинде жети миц адам кайрылган. Алардын ичинен 2,5 миңден ашык жаран төлөө жөндөмдүгү жоктугуна байланыштуу, арыздары кайра каралуу алдын-да турат. Бүгүнкү күндө бир миң адам үйлүү болду. Ал эми 103 адамдын документтери каралып жатса, 32си сатып алууга турак жай издеп жүрөт. Үч миң адам МИКке кайрылганы менен, документтерин банкка тапшырган эмес.

Мамлекеттик ипотека карапайым калкка туура келбей калат

Экономист Кубан Чороевдин пикиринде мамлекеттик ипотеканын шарттары жана чектөөлөрү карапайым элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, акча берип жаткан банктардын пай-дасы жана алардын тобокелчиликтерин жабууга багытталган.

-Мамлекетгик ипотеканын азыркы шарттарына ылайык, жаран беш жылдан кийин жумушсуз калып, насыяны төлөй албаса, банк сот аркылуу үйдү алат. Аны арзан баада сатканы аз келгенсип, кардардын буга чейин төлөп келген процентгери күйүп кетет. Анын айтымында, бул программаны ислам принцибиндеги банкингде ке ири колдонулган ыкмалар менен майнаптуураак кылса болмок.

Экинчи механизм боюнча 2017-жылдын 1-февралынан тарта баштапкы жана жылдык төлөмдөргө биртоп жеңилдетүүлөр киргизилгени кошумчаланды. Белгилейкетсек, «Жеткиликтүү турак-жай — 2015-2020» программасын негизинде бүгүнкү күндө 1 миң ден ашык жаран үйлүү болду. Алардын 434сы билим берүү, 205и саламаттыкты сактоо, ЗОу социалдык, 31и маданият тармактарында иштегендер. Калган 300 адам бюджеттик ар кайсы ишканаларда эмгектен жарандар.

Булак: Ачык Саясат

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *