Мамлекеттик ипотекалык компанияда каражат түгөндү

Мамлекеттик ипотекалык программа боюнча бюджеттик тармакта эмгектенген кызматкерлер үчүн каражаттарды берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компания башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев билдирди. Анын айтымында, мурда бөлүнгөн 500 млн. сом көлөмүндөгү каражат толугу менен сарпталды. Кошумча каражат берүү үчүн өкмөт буйрук чыгарып, Жогорку Кеңештин макулдугунан өтүшү керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттик ипотеканы 3,8 миң адам алды. Белгилей кетсек, мамлекеттик ипотеканы 3 жылдан ашык тажрыйбасы бар мамлекеттик кызматкерлер ала алышат. Насыя 15 жылга чейин берилет, максималдуу сумма 3 млн. сомго чейин.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *