«Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жеткиликтүү турак-жай  2015-2020» программасын ишке ашыруу тууралуу» маалымат жыйыны болуп өттү

Бүгүн, 12-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндө «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жеткиликтүү турак-жай  2015-2020» программасын ишке ашыруу тууралуу» маалымат жыйыны болуп өттү. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалымат жыйынына Мамалекеттик ипотекалык компаниясы башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев, Мамлекеттик ипотекалык компаниясы башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нуржигит Усенакун уулу, МИК сатуу жана продукцияларды иштеп чыгуу боюнча бөлүмүнүн начальниги  Фархад Ибраев катышты.

Маалымат жыйынынын жүрүшүндө берилген насыялардын саны, программаны ишке ашырууда жаңы механизмдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу тууралуу, жаңыдан кабыл алынган КР «Ипотекалык турак-жайды насыялоо жөнүндөгү» мыйзамынын алкагында жана  «эконом-класс» турак-жайын куруу жөнүндөгү  мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен  ипотекалык насыялоо шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү туралуу маалыматтар тааныштырылды. Ошондой эле “МИК” ААК 2017-жылдын II жарым жылдыктагы иш планы боюнча маалымат берилди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *