Мамлекеттик коопсуздук, өлкө бюджети жана коррупция

Жакында эле учурдагы бийликтин өкүлү чейрек кылымдан бери эл арасында кеңири айтылып келе жаткан, бирок да, тек гана аларга аңыз кептер сыяктуу гана мамиле жасалган жагдайды тастыктоочу билдирүү менен чыкты. Айтайын дегеним — ​Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин секретары Дамир Сагынбаевдин өзүнүн жарым жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча жасаган пресс-конференциясы учурундагы маалымдалган цифра жөнүндө жүрүп жатат. Биринчи жолу мынчалык өтө маанилүү жана бийик рангадагы мамлекеттик жетекчи моюнга алган билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын бюджетинен жана өлкө казынасынан миллиарддаган (!) суммалар уурдалып кетип жатыптыр!.. Миллиондогон суммалар эмес, дал ушундай өлчөмдөгү каражаттар. Албетте, ал каражаттар такыр эле дайынсыз кетип, же туура эмес чыгымдалып калгандыктан улам эмес, ар кандай көмүскө аракеттер аркылуу жана ачык эле бети жок уятсыздык ыкмалардан, коррупциялык схемалардын жардамы менен уурдалып жаткандыгы эми гана ачыкка чыга баштабадыбы.

Эгерде үстүбүздөгү жылдын бюджети 20,3 млрд сом дефицит менен бекитилгендигин эске ала турган болсок, миллиарддаган суммалар казынага түшпөй, тек гана кумга сиңген суудай болуп жок болуп жатканы айкын. 2018-жылдагы казынага түшүүчү кирешелер 158,4 млрд сом өлчөмүндө мерчемделсе, бул жылы коротула турган чыгымдарыбыз 178,6 млрд сомго тете болот экен. Башкача айтканда, дал ошол жетпей жаткан 20,3 млрд сом деген сакралдык сумма бул жылкы жашообуздагы башкы баш ооруга айланары турган иш!..

Дегеле, бюджеттик тартыштыкты убактылуу жоюунун эң эле жөнөкөй, эң примитивдүү жолу дал ушул — ​бюджеттик чыгымдарды кыскартуу жолу. Муну ошол “өтө оңой” жолдон башкага баш ооруткулары да келбеген чиновниктер бизде жылдан-жылга улантып келе жатышат. Анын жыйынтыгында, көптөгөн алдын ала пландалган жакшы иштер жасалбай кала берет. Суроо туулат: баары бир аткара албаган соң, олчойгон чоң убадаларды берип, алдыга чоң максаттарды коюп алып, бирок, аларды уламдан-улам артка жылдыра берүүнүн кимге кереги бар? Же карапайым калк алар үчүн, кичинекей баланы ыйлап жатса, убактылуу алдап, анан кийин, эртең деген убадалар менен сооротуп кое тургандай эле бир нерсеби?..

Эми ал каражатты кайдан алабыз, кантип ошол боштукту толтурабыз, же мындан беш-алты жылдан бери көнүмүш адат болуп келе жаткан сымал, эң соңку кварталдын башталышында бюджеттик чыгымдарды авралдык түрдө кыскартуулар аркылуу гана жабууга умтулабызбы? Же дагы карыз алабызбы?

Жыл башынан бери эле, Коопсуздук Кеңешинин күнтартибиндеги башкы маселелердин бири — ​коррупция менен күрөшүү болуп келе жаткандыгы белгилүү. Азырынча, андай үмүт жандырган иш-чаралардын алдын-ала чыгарылган жыйынтыгынан башка эч натыйжа да чыга элек. Арийне, бир аз болсо да “жылыш” бар экендигин да ачыктап коюу керектир. Мурда бул жаатта миңдеген, миллиондогон цифраларды гана оозанып жүрүшсө, эми минтип “миллиарддаган суммалардын” уурдалып жаткандыгы айтыла баштады.

Айтууга оңойдой болгону менен, кедей жана бюджети чакталуу биздей артта калган өлкө үчүн бюджеттен миллиарддаган сомдор уурдалып жаткандыгы — ​мамлекетке олуттуу душмандар келтирип жаткан зыян сыяктуу эле өлчөмдө таасир этип жаткандыгы маалым. Согуш учурунда, же табигый катаклизмдер менен коштолгон оор катастрофалар учурунда гана бюджетке алдын ала каралбаган өтө оор түйшүктөр жүктөлөрү белгилүү. Бизде болсо, бул көрүнүш эбактан бери эле көнүмүш адатка айланып бара жатат. Бери эле болгондо, — ​алгачкы президент Аскар Акаевдин “Кумтөр эпопеясынан” кийин “жылжып”, сасып башталып, эми “апрель революционерлеринен” кийин бул оору өтө күчөп, коркунучтуу деңгээлге чейин өсүп жетип калгандыгына күбө болуудабыз.

…Эриксизден мындай бир параллелдүүлүк өзүнөн өзү тартылат. Мындан он жылча илгери Россия Федерациясынын ошол кездеги Эсеп палатасынын төрагасы Сергей Степашин да дал ушинтип, бюджеттен миллиарддаган суммалар уурдалып кетип жатат деп, күйүп-бышып добулбас каккандыгы эске түшөт. Демек, бул жагынан да, бизде бир аз болсо да “прогресс” бар. Россиядан он жылча кеч болсо да, бюджеттен миллиарддаган суммалар уурдалып жаткандыгын расмий бийлик өзү моюнга алып жатат!..

2017-жылы “Коррупция” беренеси боюнча 1037 кылмыш иши козголуптур. Кыргызстандын “коррупционерлери” жалпысынан мамлекеттик бюджетке 670 млн сом зыян кылганы жарыяланды. Бул эми толук эмес эсеп. Анткени, тергөө үстүндө жана али “далилдене элек” деген, а бирок, “потенциалдуу” мүмкүнчүлүктөрү бар цифраларды толук келтире турган болсок, жогорудагы суммалар бери эле болгондо он эселеп кетерин болжолдоонун да кереги жок. А баарынан да кызыгы, ошол опол тоодой “сугунулган” акчанын 18,4 миллион сому, же башкача айтканда, он пайыздан бир аз ашыгыраагы эле мамлекетке кайтарылыптыр. Дагы бир кызыгы, — ​козголгон кылмыш иштеринин 82си гана сотко өткөн.

Мындан бир жарым-эки жылча мурда, Эсеп палатасынын аудитору Жусуп Иманалиевдин “өз командасы” менен чогуу пара алуу учурунда кантип кармалганын, оперативдик маалыматтар аркылуу жалпы республика телевизордон кайра-кайра кайталап көргөн. Арийне, жогоруда келтирилген суммаларды салыштырып көрүп олтуруп, фискалдык органдардын кызматкерлерине жана да укук коргоо органдарынын (биринчи иретте — ​прокуратура органдарынын) кызматкерлерине андай “пара менен кармалуулар” сабак деле болбойт окшойт деген түкшүмөл да жаралбай койбойт. Демек, мурдатан кандай жеп келишсе, дал ошондой эле уурдап-жеп келе жатышкан сымак эле, ал мыйзам бузууларды көзөмөлдөө жана ооздуктоо сыяктуу милдеттер жүктөлгөндөр деле, дал мурдагыдай эле, ыңгайы келе калса ал “жегичтерге” жардамдашып, кыңыр иштерин жаап салууга (албетте, куру бекер эле, ооз учунан айтылган “ырахматы” үчүн эмес да!) умтулуп келе жатышкандай сезилет.

А баарынан өкүнүчтүүсү, — ​эгерде биздин бюджетибиздин өлчөмү абдан чоң болуп, Ички Дүң продукциябыз боюнча ашкан бай мамлекеттердин катарына кирсек да бир жөн эле. Азыркы башка тартса бутка жетпей, бутка тартса башка жетпей жаткан заман өкүм сүрүп келе жаткан учурду “апрельчилердин” бийлиги биздеги жашоонун деңгээли укмуштуудай бийик көтөрүлүп кеткендей пропагандалап келишкендиги маалым. Муну алар биринчи иретте бюджеттин көлөмүнүн өсүшү менен түшүндүрүп келишкен! 2010-жылдан берки инфляцияны эске албаганда да, бюджеттик уурдоолор жана дагы паралардын “ставкалары”, айрым майлуу мамлекеттик органдарга чейин жеткен “откаттардын” өлчөмдөрү дагы “бир нече эселеп” өскөндүгү, эмнегедир, эч ачык айтылбайт.

Мына, кечээ жакында эле Россия Федерациясы 2018-жылга кабыл алган бюджетине түзөтүү киргизди. Көрсө нефтинин дүйнөлүк баасындагы өзгөрүүлөрдү алдын ала эске алышкан эмес экен. Бюджетке бир баррелдин баасын 43 доллар деп бир аз азайтып бекитишсе, ал баа көтөрүлүп, 51 долларга чыгып кетиптир! Мындан сырткары, пландалган инфляция деңгээли да 4%дан 2,8%га чейин азайтылды. Ал эми ВВПнын өсүшү 2,1% делип, 2018-жылга өзгөртүүсүз калтырылды. Ал боюнча, бюджеттин жалпы кирешеси дагы 1,815 трлн рубльга көбөйүшү, анын ичинде — ​нефтегаздык кирешелер эсебинен — ​1,755 трлн рубльга өсүшү жана башка кирешелердин 59,8 млрд рубльга өсүшү күтүлүүдө. Ал эми финансы министри Силуанов күтүүсүздөн эле түшө калган, күтүлбөгөн бул кошумча нефти кирешелеринин эбин эптеп таап, учурдагы чыгымдарга колдонууга шымаланып калгандардын оозун дароо жаап, бул сумма улуттук жыргалчылык Фондуна (Фонд национального благосостояния) которуларын, анын көлөмү жыл аягында 3,7 трлн рубльга өсө тургандыгын белгиледи.

Асыресе, көзгө бир нюанс ачык урунат. Орус финансисттери “трлн рубль” делген, биздей жакыр өлкө үчүн түшүнө да кирбей турган цифралар менен операцияларды жүргүзүп жатышат. А бизде болсо “баланча миллиард сом” желип кетти дегенден башка, жок эле дегенде, алыскы келечекти болжоп (маселен, гипотетикалуу түрдө айтканда, “Кумтөр” алтын кенин иштетүү мөөнөтү бүткөн учурда, 2026-жылга карата, Улут келечеги фондуна “баланча трлн сом түшөт” деген сымал!) болсо да трлндогон суммалар тууралуу сөз кыла алышпайт. Тагыраак айтканда, биздин экономисттер менен финансисттердин лексиконунда жакынкы чейрек кылымда “трлн деген суммалар (эгерде күтүүсүздөн эле, кургуйга түшкөн инфляция буга аргасыздан мажбур кылбаса, — ​эми анын бетин Кудай ары кылсын дечи!) колдонулушу да мүмкүн эмес.

Образдуу айтканда, Кыргызстандай жакыр, кризис сазында белчесинен батып турган өлкөнүн бюджетин Россия Федерациясы сыяктуу бай мамлекеттердин бюджети менен салыштырсак, жогорудагы миллиарддаган суммаларды уурдап жатышкандар Кыргызстандын бюджетине Чыңгыз Айтматовдун “Бетме-бетиндеги” Сейденин жетим балдарын сүт менен камсыз кылып, ачка калтырбай, эптеп багып жаткан жалгыз уюн уурдап, союп жеген Ысмайыл сыяктуу эле кара ниеттикке барышууда. Ким билет, Россия Федерациясындай бай мамлекет болсок, балким, андай карасанатайлыктан кемип кетмек белек, үйүр-үйүр жылкы уурдоо биздин каныбызда эзелтен эле бар да, калганын эми тиешелүү мамлекеттик органдар өздөрү териштирип алышат да деп, кайдыгер кол шилтеп тим болмоктурбуз!..

Ушундай бюджеттик тартыштык өкүм сүрө баштаган чакта, өкмөттү “апрельчилер” бийликке келишкенден кийин башкарышкан эки премьер-министр темир тор артына тыгылып калгандыгы өтө эле симптоматикалуу көрүнүш болуп калды. Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаковго өтө оор “коррупциялык кылмыш” жасалгандыгы боюнча айыптар тагылууда. Ал ортодо дагы бир экс-премьер-министр Темир Сариев азырынча “күбө” деген статус менен сурак берип жүрөт. Ал эми коррупциялык элементтер боюнча ишке ашкан деген борбордогу “Калыс-Ордо” мектебинин курулушу боюнча дагы бир экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин да ысымы аталууда… Эриксизден, деги булардын арасында бирөө-жарымы болсо да, тазасы бар беле?! — ​деген суроо да жаралары шексиз. Эми ага тергөө органдары жана сот жооп берери түшүнүктүү…

Ошол эле учурда, жогорудагы чуулгандуу коррупциялык иштерди иликтөө али ортолой да электе дагы бир жаңы чуу чыкты. Вертолетторду сатуу-арендага берүү сыяктуу ишке ашпай калган махинация, коррупциялык схема өлкө коопсуздугуна түздөн-түз кол салуу аракети катары бааланышы керек. Куралдуу күчтөрдүн расмий өкүлүнүн айтымында, 7 вертолет бар, анын бирөө президенттин учууларына пайдаланылса, экөө бузук экен. Демек, калган “бош турган, ашыкча” 4 вертолетту арендага берип, пайда көрүүгө аракет кылгандардын иши акыр-аягына чейин иликтениши зарыл. Бул кыянат идея ишке ашпаганы менен, аны ишке ашыруу аракети болду да. Белгилүү болгондой, киши өлтүрбөсө да, киши өлтүрүүгө аракет кылуу (“покушение на жизнь человека” дегендей) да оор кылмыш сыяктуу эле каралат. Дал ошол сыяктуу эле, мамлекет коопсуздугуна доо кетирүүгө аракет кылууга батынгандар татыктуу жазаланышы абзел. Ансыз мындай аракеттер дагы көпкө чейин улана берет.

Мындан 6–7 жылча мурда “Дастан” корпорациясы аркылуу союздан калган “Торпеда” (Россия мамлекетинин аскерий кудуретинин символу болгон — ​подводная лодка!) кайсыл бир шылуундар тарабынан Индияга сатылып кеткендиги тууралуу иликтөө массалык-маалымат каражаттарына жарыяланган. Арийне, тиешелүү мамлекеттик органдар буга эч кандай реакция жасашкан эмес. Мамлекет коопсуздугуна байланышкан ар кандай маалыматтар өз учурунда териштирилип, аларга тиешелүү баа берилип турса гана, биз өлкө катары өз келечегибизге ишенимдүү карай алабыз.

Ишенбек Муртазаев

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *