Мамлекеттик кызмат майлуу токочко айланганда

Аткаминерлердин балдары артка минет

Канчалык жамандаган менен совет мезгилинин тушунда мамлекеттик кызматка келчү кадрлардын билими текшерилип, кызматка алынып, аларды сыноо үчүн өлкөнүн туш тарабына жиберип иштетчү. Андан кийин гана үч коммунисттин кепилдиги менен жооптуу кызматтарга коюлчу. Өз алдынча республика болгону ал эреже бузулуп, тууганчылык, жердешчилик, тааныш- билиштик аркылуу кызматка кабыл алуу башталды. Азыр да ар кыл министрликте жогорудагыдай ыкма менен келген кадрлар жайнап кеткен.

Учурдагы кадрлардын акыл парасатын, көрөңгөсүн мурдагыларга салыштырып болбойт. Көпчүлүгү кыргызча так сүйлөй албайт. Себеби 90-жылдардан берки башталган билим баарына белгилүү эмеспи. Бирок министрликтин болгон мүмкүнчүлүктөрүн өз кызыкчылыгына туура пайдаланышат. Ошого абдан эле кынык алышкан. Мисалы, Экономика министрлигиндеги жооптуу кызматкерлер министрлик кабыл алган кризиске каршы программасын министр өзү эле чечмелебесе алар коомчулукка толук түшүндүрүп бере алышпайт. Буларга биз журналисттик тажрыйбада далай жолу күбө болдук. Себеби Кыргызстанда кадрларды кызматка кабыл алуу көптөн бери туура эмес жолдо жүргүзүлүп келет. Биринчиден, өз алдынча эгемендүү Кыргыз мамлекети болгонубузга карабай бардык министрликте иш кагаздары орус тилинде жүргүзүлөт. Экинчиден, кадрларды кызматка кабыл алуу толугу менен конкурстук негизде өткөрүлбөйт. Мисалы, Башкы прокуратурада жүзгө жакын кадрлар сынак жолу менен тандалып кезекке турушкан менен ваканттык орундар пайда болсо, алар калып эле такыр башка кишилер кызматка алынганына даттанышат. Бүгүн Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитетине, Бажы жана салык кызматтарына, каржы полициясына кызматка орношуу жеңил эмес. Керек болсо жогорку окуу жайын кызыл диплом менен аяктаган кадрлар эч кайда жумушка орношо албай ар кыл ишканаларда карапайым жумушчу же башка өлкөлөргө кетип калышууда.

Атадан калган туяктар

Бирок мамлекеттик кызмат атадан балага мурас сыяктуу өтүп, атанын ишин улантуучу катары балдары мамлекеттик кызматты аркалаганы кадимки салтка айланган. Эгер өткөнгө саякат жасасак биз булардын бир тобуна күбө болобуз. Кадимки Абсамат Масалиевдин уулу Исхак Масалиев бажы тармагынан ЖК депутаты, акыркысы Салык кызматынын жетекчилигине чейин көтөрүлдү. Учурда ЖК депутаты. Партиялык ишмер Абдыразак Султановдун балдары Омар менен Султан президенттик администрацияда, министр, ЖК депутатына чейин көтөрүлдү. Корчубек Акназаров аксакалдын кыздары кыйын чыгып, бири сот, бири министр, ЖК депутатына чейинки эмгек жолун басышты. Кадимки Үсөн Сыдыковдун баласы Бакыт Сыдыков «Манас» аэропортун жетектеп, учурда ЖК депутаты. Атактуу өндүрүшчү Мамат Айбалаевдин баласы Алмаз Айбалаев Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунда иштейт. Бир тууган Молдомуса, Камбараалы Конгантиевдер бири ИИМди, бири Башкы прокуратураны жетектеди. Партишмер Баки Эшмамбетовдун баласы Эшмамбетов Малик алгач ИИМде, кийин президенттик администрацияда иштеди. Дагы бир Ленинчил коммунист Кеңеш Кулматовдун баласы Кубанычбек Кулматов алгач бажы жетекчиси, кийин Бишкек мэри болду. Кадимки арстандай күркүрөгөн Бекмамат Осмоновдун баласы Темирбек Омонов Аида Салянованын көздөй орун басары болду. Дагы бир обком, элчилик кызматты аркалаган Батыраалы Сыдыковдун баласы элчилик кызматта. Бир кезде ИИМди жетектеген Абдыбек Суталиновдун баласы Мурат Суталиновдун кызматтык карерасы УКМКны жетектеп турганда 2010-жылы кейиштүү аяктады. Бир тууган Бакиевдер өлкөдөн куулду. Акыркы революциядан бактысы ачылган Роза Отунбаеванын бир тууганы Болот Отунбаев кечээ эле Россияда кыргыз элчиси болуп дайындалды. Бир тууган Бешимовдордун Бакыты ЖК депутаты болду, Аскары элчилик кызматты аркалайт. Кызматтык чөйрө чыгармачыл кишилердин урпактарынан да куру эмес. Акын Жалил Садыковдун баласы Канат Садыков Билим берүү министри болду. Атактуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун балдары да министр даражасындагы кызматты аркалаган. Дагы бир атактуу жазуучу Төлөгөн Касымбековдун  баласы Райкан Төлөгөнов ЖК депутаты болгондо үйүнөн кошунасынын велосипеди табылды. Кадимки экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин баласы Ак үйдө иштеп турганда тыңчылык менен айыпталды. Азыркы Билим берүү министри Элвира Сариева менен ЖК депутаты Улан Чолпонбаев аталаш туугандардан. Дагы бир экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин баласы курулуш компаниясын башкарат. Даңазалуу Султан Ибраимовдун кызы Элмира Ибраимова учурда Эсеп палатасын жетектейт. Ата-бала Жээнбековдордун Бабырбеги да, Равшаны да министр кызматында иштеди. Ал эми дагы бир Жээнбековдордун Асылбеги спикер, Сооронбайы министр, Жусупбеги элчи болуп иштеп жатышат. Кадимки Ош тарапта обкомдо, райондо жетекчи болгон аткаминер Азим Карашевдин баласы Аалы Карашев. Аалы Карашевдин балдызы азыркы генпрокурор Индира Жолдубаева. Ушинтип санай берсең мамлекеттик кызматтагылардын тууганчылыгы түгөнбөйт.

Баарын кадрлар чечет

Көрүнүп тургандай мамлекеттик кызмат толугу менен алганда туугандашып кеткен. Бул жерде куда-сөөктөрдү тизмектебей эле койолу. Эгер аларды санай келсек мамлекеттик кызматта жат адамды таппай каласың. Бир кезде министрликте, мамлекеттик кызматта, агенттиктерде туруктуулук болсун деп статс-катчы кызматын кийиришкен. Бирок бул эреже ар дайым эле сактала бербейт. Эгер министр алмашса эле жаңы министрди оң-сол жагын жандаган кылычтай жигиттер менен кошо 3-4 кызматкер кошо келет. Бул деген ошол жерде иштеп жаткан 6-7 кызматкердин кызматынан ажырап шорунун катканын билдирет. Жаңы министр муну менен эле чектелбейт. Жети дубандагы башкармалыктан баштап райондогу бөлүмдөрдөн бери майлуу кызматтардын жетекчилерин алмаштырат. Жаңы министр дайындалды дебей кабылдамасында гүл кармап отурган 15-20 кишини көрүүгө болот. Кадрлардын дагы бир дайындалган сыры бул Жогоку Кеңештин депутаттарынын кийлигишүүсү. Алар түз эле министрге чалып, менин тиги жаман тууганымды баланча районго кызматка алчы деп суранышат. Баарынан да жердешчилик чоң ролду ойнойт. Эгер министр Баткенден болсо айланасында жок дегенде бир баткендик пайда болот. Мамлекеттик кызматка кабыл алуунун дагы бир жолу мурда чогуу иштеген санаалаштарды, тааныштарды чогултуу. Мисалы, Талантбек Батыралиев Саламаттык сактоо министри болуп келгени өлкөнүн туш тарабындагы ооруканаларга Түркияда окуган же ошол жакта иштеген кадрлар көбөйүп барат. Мүмкүн бул жакшы көрүнүштүр. Министр таланттуу жаштарды чакырып, мекенине кызмат кылдырып жаткандыр. Бир кезде мамкызматта иштеген экстердин 70 пайызынын жеке бизнестери бар экени да жашыруун эмес. Алар артында кадр калтырбаса да дүйнө калтырышкан. Кайсы ишкана, кафе, ресторан болбосун качандыр бир мамлекеттик кызматта иштеген чиновниктики же депутаттыкы болуп чыга келет.

Азыр деле уучубуз куру эмес

Бул эми өткөндөгүлөр болгону менен азыркылар деле ошолор баштаган даңгыр жолдо тайып жыгылып, мүдүрүлбөй үзүрлүү келе жатышат. Бул үчүн баарын чукуп отурбай төмөнкү мисалдарды келтирсек жетиштүү болор. КР Коргоо кеңешинин орун басары Алмазбек Курманалиевдин бир тууганы Арстанбек Курманалиев Кыргыз өкмөтүнүн аппаратында укуктук жактан камсыз кылуу боюнча башкы эксперт. Кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын укуктук жактан камсыз секторунун башчысы Ысмайыл Кадыровдун баласы Эрлан Ысмайылов да Кыргыз өкмөтүнүн аппаратында иштейт. Мурдагы премьер-министр Азим Исабековдун баласы Кубанычбек Исабеков учурда Кыргыз өкмөтүнүн аппаратында экономика жана инвестиция боюнча эксперт. Премьер-министрдин кеңешчиси Бек Топоевдин баласы Мар Беков Кыргыз өкмөтүнүн аппаратында тышкы саясат боюнча сектор башчы. Дагы бир баласы Аким Беков Кыргыз өкмөтүнүн иш башкармалыгында эмгектенет. ЖК депутаты Карамат Орозованын сиңдиси Замира Орозова ЖК депутаты Айнуру Алтыбаеванын кеңешчиси. ЖК депутаты Алиярбек Абжалиловдун уулу Атабек Абжалиев ЖК депутаты Зулушевдин кеңешчиси. Ал эми 5 жылга соттолгон мурдагы Чек ара кызматынын жетекчиси генерал-майор Замир Молдошевдин баласы Эрнест Молдошев ЖК эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу комитетинде бөлүм башчынын орун басары. Мурдагы Жогорку соттун төрагасы Зулумбек Жамашевдин кызы Феруза Жамашева Жогорку соттун төрага орун басары.

Эгер мындай маалыматтарды облустук, райондук деңгээлде карасаң өтө эле кызыктуу фактыларга күбө болосуңю. Атасы райондун жетекчиси болсо кызы оорукана жетекчиси, иниси айыл өкмөтүнүн башчысы болгон учурлар да көп кездешет.

Балким өнүкпөй жатканыбыздын бир себеби да ушундадыр. Учурда жаштар мугалимдик кесип үчүн окууга барбай калышты. Баары эле күч органдарына, мамлекеттик кызматка келүүгө, андан ары депутат болууга кызыкдар. Себеби майлуу токочтун чордону ушулар болуп жатат. Акыркы кезде ИИМге кызматка кабыл алууда таңкаларлык салт пайда болду. Алгач жаштар ИИМдин ППС кызматына орношот да, кайсы бир жогорку педагогикалык окуу жайын аяктап, андан кийин чин алып МАИ кызматкери, тергөөчү, участкалык милиционер, паспорт столунун башчысы болуп иштеп кетишет. Албетте ал дагы тааныш-билиш, акчанын күчү менен.

 

Келдибек Назиров

Булак: “Жаңы Агым”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *