М. Айдаралиев: “Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин эмгек мигранттарынын абалы 10 позиция боюнча жакшы жагына өзгөрдү”

Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин эмгек мигранттарынын абалы 10 позиция боюнча жакшы жагына өзгөрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев кечээ, 27-июнда, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын 2017-жылдын I жарым жылдыгындагы аткарган иштери» тууралуу маалымат  жыйынында билдирди. Мындай маалыматты Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Анын маалыматында 2017-жылдын 1-июлуна карата жалпы кыргыз мигранттарынын саны 710 миңди түзөт. Алардын 616 миңи Россия Федерациясында, 33 миңи Казакстан Республикасында, 30 миңи Түркия Республикасында жана 14 миңи Түштүк Кореяда иштеп жүргөн мекендештер болуп эсептелет. Калган Кыргыз Республикасынын жарандары АКШ жана Европа өлкөлөрүндө билим алып, иштеп жашап жатышат.

«ЕАЭБ киргенден кийин биздин жарандар, биримдикке кирген мамлекеттерде 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат. Муну менен бирге  аларды жумушка орноштуруу иштери бир топ жеңилдеди. Эми ЕАЭБ мамлекеттеринде иштеген кыргыз жарандары медициналык жана социалдык камсыздандырууну кеңири колдоно алышат. Мындан сырткары ЕАЭБ аймагында  жогору билим тууралуу биздин дипломдорду кабыл ала баштады, ал үчүн кошумча сынактан өтүүнүн кажети жок», – деди Медетбек Айдаралиев.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Россия Федерациясынын аймагында иштеген кыргыз жарандары Россиянын жарандары сыяктуу эле 13% киреше салыктарын төлөй башташты.

«Мурда биздин мекендештер 33% төлөчү. Мындан сырткары биздин айдоочулар ата мекнндик айдоочулук күбөлүк менен коомдук жайларда унаа башкарууга мүмкүндүк алышты. Азыркы тапта мигранттарды пенсиялык төлөмдөр менен камсыз кылуу маселеси каралууда», – деди ал.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *