Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Манас таануу” интеллектуалдык таймашын өткөрүүдө өнөктөш болууда

“Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында, улуу манасчы С.Орозбаковдун 150 жылдык мааракесине арналган Коомдук биринчи каналдын “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашына Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия өнөктөш катары колдоо көрсөтүүдө. Бул туурасында комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Таймаштын “Сыр куржун” бөлүмүндө катышуучулар “Манас” эпосунан алынган көөнө сөздөрдүн, терминдердин жана макал-лакаптардын маанисин эпостон мисал келтирип, туура чечмелеп түшүндүрүп берүүсүнө калыстык кылуу максатында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкерлери М.Абдыжапар уулу, Н.Асанбекова калыстар тобунун курамына киргизилген.

Аталган телетайаштын тандоо турлары Бишкек шаарында жана республикабыздын аймактарында өткөрүлүп, биринчи жана экинчи орунду жеңип алган топко “Саякбай манасчы” Эл аралык фондунун атынан баалуу белектер жана республикалык турга жолдомо берилди. Ошондой эле, жалпы катышуучуларга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан чыгарылган китептер тапшырылды. Таймаштын бул жолку айлампасында окуу орус, өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин окуучуларынын катышкандыгы өзгөчө таасир калтырды.

Манас таануу интеллектуалдык таймашы окуучулардын ыймандык-адептик маданиятын, улуттук дөөлөттөрдү таанып-билүүсүн, каада-салтты, элдик тарбияны жана өткөндү билүүгө, кыргыз тилинин түгөнгүс кенчин үйрөнүүгө өбөлгө болуп, “Манас” эпосу Кыргызстанда жашаган этносторду ынтымакка чакыруучу, элдердин достугун бекемдөөчү бийик мурас катары өз милдетин аткара бермекчи.

“ Манас таануу” телетаймашынын республикалык туру апрель айында өткөрүлөт.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *