Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан 26 китеп жарык көрдү

“Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасына” жана “Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясына” ылайык Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан “Азыркы адабият”, “Дүбүрт”, “Дүйнөлүк адабият”, “Дүйнө”, “Тарых жана маданият” серияларынын алкагында 26 китеп жаңыдан жарык көрдү. Бул туурасында аталган комиссиянын басма сөз кызматы билдирет.

Көркөм-адабий жана тарых багытындагы китептердин бет ачар аземи Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн утурлай 2017-жылдын 29-августунда саат 14:00дө А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өтөт.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *