Манасбек Арабаев эл алдында Сооронбай Жээнбековду кантип уят кылгысы келип жатат?

Президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаев жакында президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен аталган бөлүмгө кайрадан башчы болуп дайындалды. Бул деген Кыргызстанда сот болгусу келгендерди, бул тармакта иштөөнү каалагандардын баарынын тагдыры так ушул киши аркылуу чечилет дегенди билдирет. Аталган бөлүмдү төрт жылга жакын убакыттан бери башкарып, алчы-талчысын жеп калган 41 жаштагы башчы сот тармагынын “серый кардиналы” деп да аталып жүрөт.

МЫЙЗАМДЫ “ЫЙЛАТЫП” БАЙЛЫК ТОПТОГОНУ ЫРАСПЫ?

Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөштү катуулата турганын убадалап, мыйзам жибинен бир дагы коррупционер бошонуп кете албасын белгиледи. Бирок, так мурдунун алдында коррупционерлердин “анабашы” катары басма сөздө тынбай айтылып келе жаткан адамдын отурганын баамдабаган өңдүү. Манас Арабаевдин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өлкөнүн сот тармагын киреше берчү жеке ишкерчилигине айлантып алганы тууралуу көп маалыматтар жазылды. Айдан айга айлык маяна менен жашачу мамлекеттик кызматкердин байлыгына байлык кошулуп, ченемсиз байып жатканы да айтылды. Бирок, ага бийлик тараптан көңүл бурган да, чегинен чыгып бараткан “серый кардиналдын” эсебин табууга аракеттенген да эч ким боло элек.

КИМДЕРГЕ КҮН ТИЙЕТ?

Манас Арабаев бир катар сот тармагынын адистерин Жогорку сотко алып келүүнү ниеттенип жатат. Алардын дээрлик баары чуулгандуу иштер менен атагы чыккан, мыйзамды уруп ойнобой, өз мыйзамы менен иш алып баргандар экени коомчулукка дайын. Мисалы, Биринчи райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова да “серый кардинал” тарабынан түзүлгөн бактысы ачылчулардын тизмесине кошулуптур. Андан тышкары Кыдык Жунушпаев, Айдарбек Алымкулов деген судьялар да бар. Арабаевдин “шайкаларынын” сот тармагына кошкон салымдарын бир-эки мисал менен эле жеткирүү жетиштүү.

ПРЕЗИДЕНТТИН ТИШИ – МЫЙЗАМДАН БИЙИК

Айдарбек Бекишович Алымкулов жерди убактылуу ижарага алып, анан ага ири курулушту баштаган Койфманга карата шаардык прокуратуранын доосун жокко чыгарып, мыйзамсыз иш жүргүзгөн адамдын пайдасына чечим чыгарган. Болгондо да, канча деген тургундардын кызыкчылыгы жаткан, териштирип, терең кароого муктаж болгон ишти бир процесс менен соңуна чыгарып, чечимин чыгарып койгон. Окуя мындай болгон – Бишкектеги Ибраимов көчөсүндө стоматологиялык борбордун курулушу башталган. Анын ээси Койфман. Бул тиш дарыгеринин “Алеф” стоматологиялык борборунда экс-президент тишин дарылатып жүрсө, эми Жээнбековдун да тишинин саламаттыгы анын колуна түшүптүр. Капиталдык курулуш башталган жер 5 жылга ижарага алынган. Ал аймакта жашагандардын уруксаты суралган эмес. Жаңы имарат адамдар жашаган үйлөрдөн болгону 4 метр аралыкта салына баштагандыктан, ылдыйкы кабатта жашагандар тиш дарылоочу борбордун айынан күндүн нурун көрбөй калышат. Аны менен катар бири бирине ыктала жайгашкан имараттарды куруу өрт коопсуздугунун эрежелерине да туура келбейт. “Бишкекбашкыархитектурасы” мекемеси курулушту мыйзамсыз деп таап, бирок, курулушка уруксат берген адистин аты-жөнүн жашырып, ал учурда аталган мекемеде иштебей калганын гана жарыялашкан. Тургундардын нааразычылыгы, өрт коопсуздугунун сакталбай калганы жана мыйзамсыз курулуш ишти сотко чейин жеткирген. Бирок, судья Айдарбек Алымкулов жогоруда жазганыбыздай, көпкө башын оорутуп отурбай эле, экинчи процессте Койфмандын пайдасына чечим алып койду. Албетте, президенттин тишин дарылап жаткан дарыгердин борбору курулбаганда, Бишкекте башка кандай имарат курулушу керек эле! Ал эми жөнөкөй жарандардын имараттын айынан үйлөрүнө күндүн нуру жетпей калганын капарына деле албады.

АКЫЙКАТТЫК КАЙДА? АРХАРОВАДА…

Кымбат Архарова жалаң гана чуулгандуу кылмыш иштерин кароо менен таанымал болуп калган. Бир катар саясатчылар, белгилүү адамдар ушул судьянын колунан тагдырларына өзгөртүү алышкан. Бул айымдын өндүрүшүнө түшкөн эки ишти гана карап, андагы кабыл алынган чечимдерге байкоо жүргүзөлү. 2012-жылы он үч жаштагы жетим баланы 8 900 сом уурдаганы үчүн абакка эки айга кескен. КР Кылмыш жаза кодексинде жаш балдар оор кылмыш жасаганы үчүн кылмыш жазасына 14 жаштан баштап тартылат деп көрсөтүлгөн. Андан бир жыл мурда, 2011-жылы Бишкек ЖЭБине Казакстандан радиоактивдүү 8,5 миң тонна көмүр алынып келингени белгилүү болгон. Текшере келгенде ал көмүрлөрдөгү радиациялык фон нормасынан 10 эсе жогору экени аныкталган. Бишкектин миңдеген жашоочуларынын ден-соолугуна коркунуч келтирген мындай кылмышка ошол кездеги энергетика жана өнөр жай министринин милдетин убактылуу аткаруучу Аскарбек Шадиев, анын жардамчысы Кайрат Жумалиев, “Электр станциялары” ААКсынын директору Аман Тентиев жана Мамлекеттик бажы кызматынын полковниги Аскар уулу Мирландын катыштыгы бар болуп чыккан. Аталган адамдар ЖЭБге радиоактивдүү көмүр сатып алуу иштерин жүргүзүшкөн. Бирок, судья Кымбат Архарова шаардыктардын ден-соолугунан да, аткаминерлердин эркиндигин маанилүү деп таап, баарын актаган чечим чыгарган. Ошондой эле бул судья 4-төрөтканадагы табышмактуу жагдайды да караган. Аталган төрөтканада тирүү төрөлгөн ымыркай өлүү төрөлгөн ымыркайга алмаштырылып коюлганы боюнча коомчулукка маалымат таратылып, “өлүү төрөлдү” делген ымыркайдын ата-энеси ага ишенбей, сотко кайрылышкан. Бул иш Кымбат Архарованын колуна түшкүн. Бирок, кийинчерээк, арыз ээлеринин айтымы боюнча, иш создугуп жүрүп отуруп, акырында мөөнөтү өтүп кеткени үчүн жабылган. Жабырлануучулар райондук соттун чечимин шаардык сотко даттанышкан. Так ошол убакта Архарова убактылуу шаардык сотто иштеп, өзүнүн чечимин шаардык сотто өзгөртүүсүз калтырууга жетишкен. Мына ушундай мыйзамдуулукту “туу” туткан судьялар менен Жогорку сотту толтурууну каалаган Манас Арабаев сот тармагын жеке ишканасына айландырды. Өзүн мыйзамдын кудайындай сезип, каалаган жасап, өлкөнү мыйзамсыздыктын сазына сордуруп бараткан жоругуна качан чекит коюлар экен?

“Саясат.kg”

Булак: Майдан.kg

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *