Марат Алышпаев, КРнын Эл артисти, Дүйшөн Байдөбөтовдун курсташы: “Курсташтарыңдын атынан, жалпы элдин атынан жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун деп тилейм досум…”

Кыргыз маданияты чоң жоготууга учурады. Кадимки Аселдин Ильясы КР Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов 69 жашында дүйнө салды.

Залкар талант 1949-жылы Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында төрөлгөн. 1967-1972-ж.ж. Москвадагы А.В.Луначарский атындагы мамлекеттик театр искусствосу институтун аяктаган.

Билим алып келип, өзү теңдүү курсташтары менен 1972-1989-ж.ж. С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрын түптөп, үзүрлүү эмгектенген. 1977-ж. Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланган. 1991-жылдан бери азыркы Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенип келген. 1994-ж. «Сахнанын алдыңкы устаты» катары сынактан өткөн.

1995-жылы «Манас” медалын алган. 1978-жылы Кыргыз ССРинин «Эмгек сиңирген артисти» наамын алган. 1988-жылы «Кыргыз CCPинин Эл артисти» ардак наамын алган 1993-жылы М.Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси болгон. 1999-жылы Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси аталган.

2002-жылы «Ормон хан» төш белгиси менен сыйланган. 2007-жылы «Руханият» эл аралык сыйлыгынын ээси болгон. Ал театрда гана эмес, кинодо да өзгөчө ролдору менен белгилүү болгон. Актерду өзүнүн атынан атабай, 1972-жылы тартылган Ч.Айтматовдун калемине таандык «Мен Тянь-Шань» тасмасындагы Ильястын атынан аташчу. Актерго даңк алып келген Ильястын образын залкар талант болгону 23 жашында жараткан. Мына ошондон тартып кыргыз маданиятына эбегейсиз зор салымын кошуп келген. Кыргыз маданияты мындай зор талантынан ажырап мүңкүрөп турган чагы. Актер 2018-жылдын 7-июлунда таңкы саат 9-оодө кайтыш болуп, 9-июль күнү акыркы сапарга узатылды. Акыркы сапарга узатууга кыргыздын камчыга сап уулдары, элге төбөсү көрүнгөн инсандар, жалпы кесиптештери жана жакындары чогулушуп мындай деп эскеришти…

– Дүйшөке, бала кезибизден 51 жыл мурун кошулдук эле. 1967-жылы Москвага кеттиң, 5 жыл окудуң. Курстагы алдыңкы артисттерден болдуң. Сени профессорлордун баары жакшы көрчү, сыйлачу. Дипломдук спектаклдерде да башкы каармандарды ойноп келдиң. Ош кыргыз драма театрын ачтык, биздин арабыздагы алгачкылардан болуп суурулуп чыгып, 22 жашыңда кыргыз киносунда Ч.Айтматовдун “Мен Тянь-Шань” тасмасында башкы каарманды ойнодуң. Андан кийин да Ош драма театрында чоң-чоң эмгектерди жараттың алтыным! Театрда коюлган спектаклдерде не деген гана керемет образдарды жараттың?! Сен турмушуңда жөнөкөйлүгүң, күйүмдүүлүгүң менен элге эмгегиң сиңди. 30 жашыңда Кыргыз ССРнин Эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наамга ээ болдуң. 37 жашыңда Кыргыз ССРнин Эл артисти деген ардактуу наамга татыдың. Ушунун баары сенин талыкпай иштеген эмгегиң болчу досум!.. Курсташтарыңдын атынан, жалпы элдин атынан жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун деп тилейм досум…

Булак: “Фабула” 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *