Марат Алышпаев, Кыргыз Эл артисти: «Тайырбек Сарпашевдин басымы менен Темирлан Сманбековду директорлукка коёбуз дешти, коюшту»

Темирлан Сманбеков Кыргыз драма театрынын жетекчилигинен кеткенден кийин чуу башталды. “Саясый багытта кызматтан кеттим”-деп айткан Темирлан Сманбеков айтып оозун жыйганча дагы бир маалымат чыкты. Ошол театрды бир топ жыл башкарып, мындан 2 жыл мурун өз каалоосу менен жетекчиликтен кеткен Марат Алышпаев Темирлан Сманбековдун буга чейинки жасаган эмгектеринин артындагы коррупцияны чубап чыкты. Марат Алышпаевдин сөздөрүнө ишенсек Темирлан Сманбековду түрмөгө алып кетиш керек. Биз гезиттин көз карашын карманып эки тараптын тең пикирин угуп көрдүк.

— Марат агай, башкы прокурор Индира Жолдубаевага Кыргыз Драма театрынын мурунку башчысынын үстүнөн кайрылуу жолдоп, көп коррупциялык иштердин үстүнөн сөз сүйлөпсүз. Буга эмне түрткү болду?

— Менин театр чөйрөсүндө иштегениме толук 50 жыл болду. Өзүм 70 жашка толдум. Ошонун ичинен 18 жыл театрды башкардым. Чүй театрын түптөп, ал театрды бутуна тургузгам. 1992-жылдан баштап 1997-жылга чейин ал жерде директор болуп иштедим. Ысык-Көл театрында 2010-жылдан 2013-жылга чейин директорлук милдетти аткардым. Кыргыз драма театрын болсо 4 жыл башкардым. Ошону менен 18 жыл жетекчи болуп иштептирмин. 2014-жылы июль айынын аягында өзүм “менин жашым келип калды, жаштарга орун берели”- деп арызымды жаздым. Маданият министрлигиндегилер болсо кимди директор кылабыз анда дешкенинен өзүбүздө иштеген Жумагазиев деген жигит бар. Театрдын ичин-тышын жакшы билет деп айтсам макул болушкан. Эки күндөн кийин барып кимди койгону жатасыңар десем, Тайырбек Сарпашевдин басымы менен Темирлан Сманбековду коёбуз дешти, коюшту. Ал иштегени эки жарым жыл иштеди. Мен деле театрды башкардым, бирок таза иштегем. Аны эл билет. Директор кезимде бир жылда 24 спектакль койгонбуз. Бирок Маданият министрлигинен бир сом да алган эмеспиз. 2013-жылы жалпысынан 162 спектакль көрсөткөнбүз. 2014-жылдын жарымында эле 70 спектакль койдук. Темирлан жалаң элчиликтер менен иштеди. Иштегенде да бухгалтер, өзү гана иштерди билип ишкердик жасап жатышат. Темир Сариев машина алып алгыла деп 6 млн сом бөлүп берген. Булар машинага тендер өткөрбөй эле кымбат баада сатып алышкан. Муну прокуратура текшерсе 1 млн 300 миң сом жетпей калган. Бирок кандайдыр бир жолу менен булар ушунча чоң сумманы жааптыр. Ошол 2014-жылы күзүндө Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жөнүндө пьеса жазылат. Аны Аман Жапаров жазган. Ал пьесаны мындан бир жыл мурун мага алып келгенде жарабай тургандыгын айтсам 450 миң сом беребиз, коюп бергиле дешкен. Темирлан менен Аман ээрчишип алып Аскар Салымбековго барып, ушул спектаклди коёбуз деп 5000 доллар алышат. “Назарбаев жөнүндө пьеса коюлганы жатат, Астанага, Алматыга алып барабыз” дешет. Өзү мыйзам боюнча сырттан келе турган акча театрдын бухгалтери аркылуу кириштелип туруп анан кайра жумшалышы зарыл.

— 5000 долларды Аскар Салымбековдун бергени боюнча сизге ким айтты?

— Мен аны угуп жаттым. Аскар Салымбековдон сурасаңар болот. Ал актёр балдарды бекер иштетип, бир гана койгон режиссёр Марат Козукеевге гонорар төлөптүр. Балдар спектаклдин премьерасы болоор күнү ойнобойбуз деп чыгышты. Силер бизге акча төлөбөйсүңөр дешсе ушуну эле ойноп койгула, акчаны беребиз деп коюп акча бербептир. «Назарбаев» деген спектаклдин тагдыры ошол менен бүттү. 2016-жылдын кышында Индиянын “Махабхарата” деген спектаклин койду. Ага Индия элчилиги 10 миң доллар бериптир, ал бухгалтерия аркылуу кириштелиптир. Ал акчанын 180 миң сомуна Мадина Тапаева деген костюмдарды тигиптир. Декорацияны абдан көп болсо 100 000ге жасаптыр. Ушул жерден дагы бааларды көтөрүп жазып 700000 сомду жабышкан. Өзүмдүн практикамдан алсам бир спектакль эң эле ашып кетсе 300 000 сомго чыгат. Былтыр “ТҮРКСОЙ” “Коркут ата” спектаклин койгула дептир. Анын сценарийин Кайрат Иманалиев жазып, спектакль коюлат. Алар жалпысынан 10 миң доллар беришкен. Аны кассага кириштебептир. Балдарга деле акчасын бербептир. Анан балдар мага “Марат байке, сиз иштеп турганда биз ай сайын премия алып турчу элек, таптакыр акчабыз жок калдык”-дешкенинен “Коркут ата” менен “Махабхаратага” эмне үчүн алган жоксуңар, буйрутма берилсе төлөнүүсү зарыл десем алган жокпуз дешет. Мен бул ишке баш отум менен киришип бухгалтер Шакенге бардым. “Шакен, бул эмне кылганыңар, балдарга акча бербей жатыпсыңар”-дедим. “Ал акчалардын баары кириштелген эмес, демөөрчүлөр берген, сырттан келген акча”-дейт. “Шаке, бул деген коррупция, кылмыш иши. Бир сом келсе дагы кириштелип, баардык акча бир тыйынына чейин документтин үстүндө болуш керек эле. Андан дагы силер акча жепсиңер. Силердин үстүңөрдөн тийешелүү адамдарга кайрылам”-десем эч нерсе билбейм дейт. Ишенесиңерби, балдар байкуштар күнү-түнү иштеп колуна 5 500 сом акча алгандар бар.

— Алынган машиналар боюнча дагы баалары кымбат деп жатыпсыз?

— Туура, алардын баары кымбат. Бусикти 18 миң долларга алыптыр, ашып кетсе 12 миң доллар эле турат. Тойотаны 12 миң долларга алыптыр, анын баасы көп эле болсо 8 миң доллар болот. Автобусту 58 миң долларга алган экен, базар баасы 45 миң доллар эле турат. Мунун баарын чыдай албаганымдан эле айтып жатам. Кийинки келген директор таза иштесин деп айтуудамын.

— Жаңы директор Назым Мендебаиров келбедиби? Ошол жаш адамга сабак болсун деп жатасызбы?

— Маданият министрлиги коллективдин пикири менен эсептешпейт. Жаңы директор шайлайбыз деп комиссия түзүптүр. Комиссияга Кулмамбетов, Шаршенбаев, Бирназаров, Кулмендеев, Алышпаева, министр өзү кириптир. Биздин тагдырды ошол пенсиядагы адамдар чечеби? Кулмендеев киносу менен алектенсин. Биз 11 Эл артисти, 10 эмгек сиңирген артисти баары болуп 30га жакын киши кол коюп Асылбек Өзүбековду директор кылып бергиле деп суранганбыз. Асылбекти эл билет, тааныйт. Ал келсе эл менен алакасы бар, авторитети бар болчу да. Чоңдорго түз кирип биздин маселелерди чече алат деп айтканбыз. Биздин коллективдин ою менен эсептешпей министрлик дагы бир чекилик кылып жатат.

— Мынча маалыматты канча убакытта тактап бүттүңүз?

— Мен өзүм ушул жерде жүрөм, угам дегендей. “Коркут Ата”спектакли коюлуп жатканда Кожогелди Култегин коллективдин көзүнчө Темирланга тапшырыптыр. Бул акча Түрксойдуку. Бүткөндөн кийин кайра 5 миң доллар алып келиптир. Мага кечээ күнү Кайрат Иманалиев байланышып “Марат байке ушуну коё турбайсызбы? “Коркут-Ата” спектакли Түркияга барат. Түрктөр муну укса жаап салат”-дейт. “Эмнеге жаап салат, чакыруу келген, акча табышса гана барат”-деп айттым. Андан Кожогелди Култегин “Марат байке менен сүйлөшкүлөчү, маалыматтардын баарын чыгарбасын. Балдар Түркияга келгенде акчаларды таратып берет болчумун”-дептир. Кожогелди өзү министрдин орун басары болуп иштеген, баарын жакшы билет. Бир сом болсо дагы кассага төлөнүп бланкасын талап кылбайбы. Эгерде ал өз чөнтөгүнөн таратып жатса каалагандай тарата берсин. “ТҮРКСОЙ” эмне ошончо акчанын отчётун талап кылбайбы? Менимче он миң долларды берип коюп документ албаганынын аркасында дагы күмөн иш бар. Балким ушул ишке Кожогелди дагы аралашкандыр? Мына бул жерде жаш балдар күнү-түнү иштешет, балдарга мээнетин берип койбойбу. Алардын иштеген эмгегин баалаш керек. Мамлекет бул жаштарга үй бербесе, балдарынын мектеби, бала бакчасы бекер болбосо. Дарыланса дагы өз акчасына дарыланышса. Бул жактан персоналдык аксакалдар эле бекер дарыланат. Муну жетекчи ойлонуп арыдан-бери болуу керек эле.

Темирлан Сманбеков, Кыргыз Эл артисти:

«Өчөшкүдөй мен бул кишинин ордун тартып алган жокмун»

Марат Алышпаевдин пикиринен соң экинчи тараптын пикирин угуу үчүн Темирлан Сманбековду да сөзгө тарттык. Чечим окурмандын өз колунда.

— Темирлан агай, Марат Алышпаевдин таратып жаткан маалыматтары боюнча кабарыңыз бардыр. Эмне деп жооп айта аласыз?

— Бакыйган эл артисти үчүн ушундай маалыматтарды таратып жатканы уят. Андай чоң иш боло турган болсо сот, прокуратура, эсептөө палатасы деген бар. Кайрылып жооп албайбы. Мен бул кызматка дайындалгандан бери эле артымдан түшүп алган. Мен анын ордун тартып алгансып жаңы эле кызматка келсем “мен жасаган иштердин баарын жеп алды, кыйратып салды”-деп сөз чыгарган. Эми дагы балээни баштап алыптыр. Ал мени жеп алды деген түрктөрдүн акчасы да. Аны эмнеге театрдын бухгалтериясына кириш кылышыбыз керек? Ал эмне мамлекеттин акчасы беле? Отчётту биз түрктөргө беребиз. Акча Түркиядан келди, “Коркут-Ата” спектаклин койдук. Учурда алар спектаклинин отчётун сурап жатышат. Бир тыйынына чейин калтырбай отчетту беребиз. Алар акчаны берип коюп эле унчукпай калбайт да.

— Спектаклди ойногон артисттерге бир сом да берилбегени чынбы?

— Ооба, анын баары чын. 10 миң доллар бир эле спектаклге кеткен жок. Ал ТҮРКСОЙдун Кыргызстандагы иш-чараларына дагы коротулган. Артисттердин гонорарларын Түркияга барганда төлөп беришет, акча берилбей калбайт.

— «Назарбаевдин» спектакли боюнча эмнелерди айта аласыз?

— Ал боюнча беш миң долларды Аскар байке өзү берген. Ал эми артисттердин акчасын Аман Жапаров спектаклди көтөрүп келип койдурган. Акчаларды ошол берет. Аман болсо артисттерге “машинемди сатып болсо да акчаңарды берем, иштей бергиле”- дептир. Азыр ал киши ооруп жатып бере албай жүрөт. Ага биздин театрдын эч кандай тийешеси жок. Ал акчага биз тийише албайбыз.

— Марат Алышпаев агабыз менен кандайча келишпей калгансыздар? Ал кайсыл себептин негизинде сиздин артыңыздан түшүп жатат деп ойлоп жатасыз?

— Марат агабыз ушул иштин баарын билет экен, эмнеге убагында айтпайт? Ошол мени кызматтан алаарда кошумча жасап жатат. Жок дегенде фактысы менен бербейби? Мен макул болот элем. Ал кишинин максаты мени гана жамандоо болуп эсептелинет. Кокустан коллективде колдоо болсо кайрадан келип калбасын деп аракет кылып ушуну жаздырды. Акыры мени кызматтан алып тынды. Өчөшкүдөй мен бул кишинин ордун тартып алган жокмун. Марат Алышпаев кызматтан кеткенден 10 күндөн кийин конкурс аркылуу келдим.

— Сизди Тайырбек Сарпашев басым кылып алып келгени чынбы?

— Керек болсо Тайырбек экөөбүз бул темада таптакыр сүйлөшпөйбүз. Мени Сатыбалды Далбаев аксакал ортого түшүп, ошол убактагы министр Камила Талиева алып келген. Садык Шернияз менен Ырыскелди Момбеков экөө келгенде мен иштер менен тосуп чыга албай калсам ошону да көтөрө чаап айтып чыгышып ызылдап министрдин орун басары жетип келиптир. Тынчыгылачы деги деп арызымды жазып берип койдум.

 

 

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *