Марат Алышпаев: «Учурунда эмгеги бааланса, Исхак Раззаков агабыз кор болбойт эле»

— Марат мырза, сиздин актёр катары жылдызыңыз «Президент жана бомж» көркөм тасмасында дагы бир жолу жанды окшойт. Сизге президенттин ролу кандайча берилип калды эле?

— Белгилүү продюсер Өмүрзак Төлөбеков ушул көркөм тасманын сценарийин жазып алып мага келип жолуккан эле. А мен 2012-жылы Кыргыз драм театрында директор болчумун. “Марат байке, сиз ушул ролду ойношуңуз керек” деп экөөбүз жолукканда эле өзүнүн сунушун айтты. “Сценарийди биринчи окуюн “ деп айткан соң бир сыйра көз жүгүрттүм. Анан сценарийди окусам абдан жакшы жазылган экен. Ошон үчүн дароо макул болдум. Эми президенттин образы эмне үчүн мага жакыныраак болуп калганынын себебин айтып берейин. Мен өзүм чыгармачыл адам болсом дагы саясатты жакшы түшүнөм. СССР деген чоң держава кантип кулаганын билем. Анткени өзүм коммунисттик партиянын мүчөсү катары театрда компартиялык уюмдун секретары болчумун. Бул держава кулагандан кийин Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгон учурда 1990-жылдан тарта 2000-жылга чейин кыйналган адамдарды көргөнмүн. Бул мезгилдин аралыгында президент Аскар Акаев мамлекетти кантип талкалаганын билемин. А бирок ал президенттин мамлекетти тоногонун токтотуп калуу мен сыяктуу артисттердин колунан келген эмес. Советтер Союзу урап жаткан учурда Кыргызстандын 10 миллиондон ашуун кою, 3 миллионго жакын уй, топоз, жылкысы бар болчу. Анан завод-фабрикаларды кошкондо Кыргызстандын ошол учурда 74 миллион долларлык байлыгы болгон экен. Ошол байлыкты 5–6 жылдын аралыгында талап жок кылышты. А биз артисттер өзүбүз жашаган батирибизди менчиктештиргенибизге ыраазы болуп кала бердик. Эми ошончо байлыктын түбүнө ал кездеги депутаттар, акимдер, губернаторлор, директорлор Акаев башында туруп жетишти. Акаев бийликтен кеткенден кийин Бакиевдин эмне кылганын баарыбыз көрдүк.

— Сиздин бул айткандарыңыздан улам мамлекет үчүн күйгөн мекенчил адам экениңизди байкадым. Деги өзүңүз буга чейин Кыргыз мамлекетин башкарган кайсыл мамлекеттик ишмерди кумир тутчу элеңиз?

— Исхак Раззаковду деп баса белгилеп кетмекчимин. Себеби мындай таза, иштерман, эл үчүн күйгөн мекенчил инсан Кыргызстанда жок. Эми мындай мамлекеттик ишмер Кыргызстанда болбойт го… 2000-жылы драматург Султан Раев “Исхак Раззаков” деген пьеса жазыптыр. Биз бул спектаклди Ош, Баткен облустарына гастролго чыгып элге көрсөттүк. Ошондо мен Исхак Раззаковдун өмүр баянын толугу менен окуп чыктым. Бул киши 8 жашында атасынан ажырап жетим калган экен. Ленинабадда жетим балдар үйүндө тарбияланыптыр. Ал жакта 4-классты бүтүп жакшы окугандыктан бул кишини Ташкентке алып кетишиптир. Ташкентте 8-классты бүткөн соң Самаркандга барып педагогикалык техникумдан окуптур. Бул техникумду аяктап эки жыл мугалим болуп эмгектенген экен. Андан кийин Москвадагы Эл Чарбасы институтун ийгиликтүү аяктагандан кийин ал жактан Ферганага жиберишкенде мамлекеттик пландоо бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштептир. Ферганадан анын ишмердүүлүгүн байкаган ошол кездеги Өзбекстан коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин 1-секретары Иномжан Усманходжаев алып кетип мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеткен экен. Усманходжаев акыры аны борбордук комитеттин 3-секретары кылып кызматка орноштуруптур. Ошондо Исхак Раззаковго: “Паспортуңузду өзгөртүп өзбек болсоңуз жакшы болот эле”, — ​деп суранган экен. “Мен кыргыз болуп төрөлгөм. Демек, кыргыз болуп өлөм”, — ​деп ага Исхак Раззаков жооп бериптир. Усманходжаев мындай жоопту уккандан кийин “эми бул кызматтык тепкичтен бир секирсе эле менин ордума келет” деп ойлонуп анан Сталинге анын ишмердүүлүгү тууралуу жакшы маалымат берген экен. Сталин да Раззаковго ишеним көрсөткөндүктөн ал 36 жашында 1946-жылы 2-ноябрдан баштап Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин председатели болуп иштей баштаган экен. Бул кызматта беш жыл иштегенден кийин эле Кыргызстан коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин 1-секретары болуп өлкөнү жетектей баштаптыр. Кыргызстанда ал мезгилде илимдин 3 доктору, 10го жакын эле кандидаты болгон экен. Ошондо ал Казакстанга атаандашып биздин билимдүү адамдарды Москвага барып окутуптур. Эми мунун жыйынтыгында 15 жылдын аралыгында биздин өлкөдө ар тармактагы илимдин докторлорунун саны 100дөн ашып кеткен экен. Раззаков билим тармагына да жакшы көңүл бургандыктан борбор калаабыздагы политехникалык институттардан тышкары айрым облустарга да жогорку окуу жайларын ачыптыр. Анан мен бул кишини жогоруда айткандай кумир тутуп жүргөн кезде президенттин ролу мага берилип калды. Бул ролду аткарганга көп деле аракет кылган жокмун. Анткени ички сезимимде мурдатан эле президенттин ролун ойногонго даяр болчумун. “Эмне үчүн Кыргызстанга ушундай президент болбошу керек?”- деп саясат аралашкан ушул көркөм тасмада башкы каармандын образын жараттым.

— Сөзүңүзгө аралжы. Исхак Раззаков тууралуу аягына чейин айтып берсеңиз?

— Бул киши 70ке чыкканда Кыргызстанга келгенде Т. Усубалиев ага жакшы көңүл бурбай, жашаганга үй бербей койгон экен. Анан айласы кеткенде ошол учурдагы Өзбекстандын лидери Шараф Рашидовго кайрылып, бул өлкөдө жашагысы келгенин айтса, ал дагы үй бербей өтүнүчүн четке кагыптыр. Өзүнүн мекенчил уулун барктай албаган кыргыздын түркөйлүгүн карабайсыңбы. Эгер учурунда анын эмгегин баалашса, анда Исхак агабыз кор болбойт эле да. Бул киши тууралуу жазылган пьесада “Эгер менин көзүм өтүп кетсе сөөгүмдү Кыргызстанга алып барып койгула. Эгер таптакыр эле ага мүмкүнчүлүк болбой калса сөөгүмдү өрттөбөстөн ак кепиндеп койгула”, — ​деп айткан сөзү бар. Демек, качандыр бир убакта сөөгүн Мекенине алып келишерин билген экен да.

— Сиз саясатты жакшы түшүнөрүңүздү маектин башында эле айттыңыз. Кыргызстандын эмдигиче өнүкпөй жаткандыгынын себебин эмнеге байланыштырасыз?

— Советтер Союзунун учурунда коммунисттик партиянын идеологиясы абдан күчтүү болчу. Кыргызстан өз алдынча эгемендүү мамлекет болгонуна 26 жылдан ашса да мамлекеттик идеологиясы жок болуп жатпайбы. Манастын жети осуяты-ал идеология эмес. Башканы койдум, жаныбыздагы эле Казакстан тууралуу айтайынчы. Бул мамлекетте идеология болгон үчүн “2030-жылы биз Азиядагы арстандардын катарына киребиз”, — ​деп ачык эле айтып жатат. Кыргызстан мамлекеттик идеологиясы жок болгон үчүн өнүкпөй жатат! Эми гана “Таза коом” деп аткаминерлер аракет кыла башташты. Биз таза коомду куруу үчүн ар бирибиз таза болушубуз керек. “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот”, — ​деп Исхак Раззаков бекеринен айтпаса керек.

— Советтер Союзунун идеологиясы сизге аябай жакса керек. Дегеним, эмдигиче коммунист катары партбилетиңизди дагы эле сактап жүрөсүзбү?

— Биринчиден, мен студент кезимден баштап Советтер Союзунун учурундагы күчтүү мугалимдерден билим алдым. Экинчиден, менин Кожоналы Шаменов деген менин бир тууган таекем бар эле. Учурунда ал киши Юстиция министри, Жогорку Соттун председатели болуп иштеген. Жаш кезинде райондук, облустук сотту да жетектеген. Анан мени кичине кезимде апам ушул таекемдин үйүнө көп жиберчү эле. Ошондо таекем: “Марат таза бол. Уурдаба. Бирөөнүн эмгегин жебе. Ичи тар болбо”, — ​деп айтчу. Демек, кичине кезиңде пир туткан адамың айткан сөз өмүр бою жүрөгүңө сакталып калат экен да. Анан кээ бирөөлөр: “Марат сен театрларда 17 жыл директор болуп иштедиң. Эмне үчүн эмдигиче особняк салбайсың?”-деп сурап калышат. А мен особняк салыш үчүн артисттердин ырыскысына кол салышым керек болуп жатпайбы. Директор болуп мен Кыргыз драма театрынан тышкары Көлдө да, Чүйдө да иштедим. Кайсы жерге барып сурасаңыз да менин таза экенимди айтышат. Ошон үчүн коммунист катары партбилетимди эмдигиче сактап жүрөмүн.

— Эми кептин нугун башкага бурсак. Соңку жылдарда мамлекеттик наамдар чыгармачыл адамдарга башаламан бериле баштабадыбы. Буга эмне дейсиз?

— Иним, сен туура суроо бердиң. Советтер Союзунун маалында артисттерге наам берүү тууралуу маселе алгач Көркөм Кеңеште, андан кийин 10 кишиден турган партиялык уюмдун бюросунда каралчу. Ал кезде мен театрдын партиялык уюмунун секретары элем. Театрда иштеген 31 коммунист бар болчу. Ошондо наамга көрсөтүлүп жаткан адамдын моралдык жагы талкууга алынчу. Эгер наамга татыктуу болсо анда мен керектүү документтерди алгандан кийин, партиянын Биринчи Май райондук комитетинин 1-секретары Валентин Богатыревге алып барчумун. Ал киши бюронун талкуусуна койгондон кийин гана наам алчу артисттердин тизмеси Маданият министрлигине жиберилчү. Акырында бул маселе борбордук комитеттин бюросунда каралгандан кийин чечим чыгарылчу. А мен дегеле наам дегенге каршымын да. Бул эми менин жеке оюм болуп эсептелет. Кытайда, Англияда, Францияда “Эл артисти” деген наам таптакыр жок. Эми мамлекеттик наамдарды учурунда Сталин амалкөйлүк менен ойлоп тапса керек. Сталин чыгармачыл адамдарга бир жагынан наам берип көтөрмөлөсө, экинчи жагынан “булар коммунисттик партиянын идеологиясына асылбасын” деп бири-бири менен “тытыштырып” коюптур да, көрсө. Ал киши орусча айтканда хитроумный болсо керек. Сталиндин доорунда капиталисттик мамлекеттерде өлкө башчылар наамга татыктуу болгон адамдардын акчасын көбөйтүп, алардын ишке болгон кызыкчылыгын арттырып койгон экен. Мисалы, Казакстанда мендей эле артисттер көркөм тасмага бир эле жолу тартылганда 30 миң доллар алышат. Дегеле биздин өлкөдө мамлекеттик наамдар материалдык жактан жардам бере албайт. Мен өзүм Эл артисти катары колума 12 миң сом алам. Бул акча менен азыркы заманда бир ай жашоо абдан кыйын да. Ал эми театрда иштеген жаш артисттер 5 миң сом эле айлык алышат. Ошон үчүн мамлеттик наамдарга татыктуу болгон адамдардын эмгек маянасы көтөрүлсө жакшы эле болмок.

— Кыргызстанга салыштырмалуу коңшулаш Казакстанда чыгармачыл адамдардын эмгегин жакшы эле баалашса керек?..

— “Ак илбирстин тукуму” көркөм тасмасындагы Кожожаштын атасынын ролун ойногон казакстандык белгилүү актёр Доскан Жолжаксыновду эле мисал катары айтайынчы. Бул киши Казакстандын Эл артисти экендигин баса белгилеп коёюн. Бул актёрдун эмгегин баалагандыктан мамлекет ага Алматыдагы “Медеонун” жанынан заңгыраган особняк берген экен. Учурда жашоосу жакшы. Айлыгы болсо бизге салыштырмалуу бир топ эле жогору экен…

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *