Марат Мураталиевдин ордуна көзүн кызарткандар…

Бурумда  аңдып  жаткан  бирөө- жарымы  же  жердин  жети  түбүнө жашынып алып “былгытып” жаткан ачкемер  эмей эле, ушул эле бийликтин ар кайсыл бутактарындагы шакка конушуп, ким бирөөнүн арыгын чаап жүрүшкөн, кошоматчылыкты  ийне-жибине чейин “иликтеп” супер устасы аталышкандар ичин тырмашып, көралышпай, котур ташын байма-бай ыргытышып жан далбастагандар экенин сокур деле көрүп туру.Мисалга, өткөн жылдын соңунда Талас облусунун  гүбүрнаторлугуна президент С. Жээнбековдун  макулдугу  менен  дайындалган Марат Мураталиевди таластыктар, атурсун бүткүл республика  иш билги, элдин арасында абройу зор, иштеген ишинин майын чыгарчу адис, жетекчи катары билишет.Талас УКСде  башчы болуп иштеген учурунда облусттагы көптөн бери “тоңдурулуп” келген театрга жан берип, татынакай кылып куруп, пайдаланууга тапшырышы, облустун ар кандай иштерин алга жылдырууда жасаган аракеттери бүгүн аңыз катары айтылып келет бул өрөөндө. Бирок,жакшы иш жасаган адамды баса калуу адаты өнөкөткө айланып калган кезде “Лента312” атуу аты-жыты белгисиздей көрүнгөн сайт “балп” эткизип, гүбүрнатордун үстүнөн “жугунду” куйуп калышпадыбы. Атта! Оболу эле  бул сайт кайдан чыга келди, кимдики деген собол баш катырды.  “Балп” эттиришкенден эле шекшинип калсак, туптуура чыкты.”Балп” этмейдин автору жалгыз бирөө эле дүйнөдө.Мына ошол”балпабайдын ” “Гэббельси” Фарид Ниязовдун арам акчага каржыланган жаңы бир сайты экен.

 АША айтпадыбы, “биз деген “илибой” жол менен өзүбүздүн  ордубузду кайтарабыз, анткени биз деген биз” деп…тагыраагы, ким бизге каршы болсо, ал биздин барып турган душманыбыз… Ал эми гүбүрнатор Мураталиев президенттик шайлоодо Жээнбековдун шайлоо кампаниясына активдүү катышып, президенттин багытын колдоп , элим үчүн, жерим үчүн деп кыргыздын туусун желбиреткендердин сап башында болуп, ошол   багытын өзгөртпөй, принцибин бузбай келген жетекчилердин бири болгондугу , албетте,  АШАга жакмак беле. “Да к черту его”, деген буйрук берилери менен жанагы клоун Мискенбаевы аркылуу Марат Мураталиевди шыбап киришпедиби..Албетте, аны жазууга Мискенбайдын даремети деле жетпейт дечи, Фарид өзү турду жалаң төш палвандай. Фариддин жазганын окусаң төбө чачың тик турат.Эмесе силерге мына ошол “чыгармадан” үзүндү келтирели:

КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев областын аймагындагы алтын кендерин иштетип жатышкан компаниялардын ар бирине ай сайын 25 миң сомдон салык салып жатат деген каңырыш кабар жетти.Айтылып жаткан сөздөргө таянсак бул акчаларды губернатор  өзүнүн Марслатбек Шералиев атуу кеңешчисине айлык катары берип тургула деген шылтоо менен Марслатбек аркылуу чогулттуруп жатат экен. Анткени ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктө “кеңешчи” деген штат жоктугуна байланыштуу жакын досу Марслатбек  айлыгы жок калыптыр.

Бирок,  бизге жеткен маалыматтар боюнча Марслатбек Шералиев областык өкүлчүлүктүн башка бир кызматкери катары штатка бекитилип ал жагынан 10 миң сом айлык алаары айтылууда. Мунусу аз келгенсип Мураталиев компаниялардын жетекчилерине “тигил айылдын, бул айылдын  БСРин (убактылуу суу топтоочу жай) оңдогонго 3-4 миллиондон сомдон бересиңер, мен өзүмдүн жеке техникаларым менен оңдотом аларга дагы кичине иш болсун”.Эгерде айткан сумманы бербесеңер элди көтөрүп чыгып жолдорду жаптырам, жергиликтүү тургундарды силерге каршы тукурам” деп опузалап жатканын эшиттик. Эгерде Өкмөттүн жер-жерлердеги ишенген ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кылыгы ушундай болсо, анда кайдагы инвесторлор жөнүндө сөз болот, кызык?

Кызык эмей… өтө кызык. Бирок ошол  “кызык кылык” кимдики ?Окемдер айтмакчы, причем тут  губернатор…эмне, кен иштеткен компаниянын акча жасоочу атайын  сыйкыр сандыгы  бар  бекен? Мүмкүн, компанияда жалаң келесоолор иштеп жүрбөсүн, келе акчадан десе эле чөнтөгүн чукулап  чыгарып  бере турган? Албетте жок, дагы бир ирет жок.

Калпыс жери бул маалыматты Лента312ден алып, кыргызчалатып Назарньюс маалымат сайты да жарыялап  берип ийген.Албетте, Назарньюста кандайдыр бир саясий оюндун өртүн  тутантуу  тууралуу ойу деле болбосо керек, маалымат катары эле жар кылып салышкан. Ал эми Марат Муратилиев өзү  Вести.кж  сайтына       түгүндөө жарыялаганда, сенсациянын автору Лента312 ошол замат куйругун түйүп, жазганын кетмендеп  салууга  шашылышты. Бүгүн оозуна суу толтуруп алып  “жым” гана олтурушат. “Калпың канчалык калпыраак болсо, эл ошончолук жакшыраак ишенет деген принципти туу туткан Фарид жана башка АШАчылардын башкы  максаты эле элди бөлүп жаруу, стабилдүүлүктү жок кылуу ү экендигин билүү кыйын деле эмес. Мына ошол ойлорун жүзөгө ашыруу үчүн албетте таза, эл үчүн иштеп жаткан азаматтарды  “сложный”шыбап, башынан ылдый жугунду куйуп, насилинде президенттин саясатын жокко чыгаруу…жана аталыгын колдон чыгарбай кош бийлик орнотуу…

Эми “Жерүй алтын “кенин иштетип жаткан “Восток геол.добыча “компаниясынын президенти Щубин мырза менен “Шыралжын” кенинин гендиректору В.Межеловскийдин түгөндөөсүнө кулак төшөйлү “Лента 312 сайтындагы беш өрдөктөрдү окуп, биздин да төбө чачыбыз тик турду. Кайдагы салык,кайдагы акча? Гүбүрнатор кантип салык төлөгүлө деп бизге басым жасасын? Күлкүң келет? Компаниялар мыйзамдын чегинде гана иш алып барат. Ал эми бүгүнкү гүбүрнаторду биз ишин мыкты билген, мыкты жетекчи катары билебиз жана сыйлайбыз… Бул ойун алар Вести кж. Политика.сом  сайтына жарыялашты.

Албетте, терек  жөн эле кыймылдабайт деген ойду төгүнгө чыгарбай, биз да ар тараптан иликтеп көрдүк. Оболу эле сайтка жарыяланган маалымат кадимки эле буйрутма катары жазылганы көрүнүп турат. Кайсыл булактан алынганы, ким жазганы белгисиз. Баарын партизандардай тымызын  жасашкан. Эң кызыгы, кенден салык катары алынган каражатты гүбүрнатор өзүнүн кеңешчисине маяна катары  төлөп жүрөт деп көрүп тургандай  жазышканында. Келесоо  деле  минтип  ойлобосо  керек.Кантип  бир облустун бакыйган жетекчиси ушундай  арзыбаган иштер менен  шүгүлдөнсүн? Эмне, ал далдалчыбы? Демек, ошону буйругандардын жан дүйнөсү  далдалчыдан айырмасы жоктой.

Кенди иштетүүчү компания келишимге  ылайык облусттун  өнүгүшү үчүн  салымын кошуп келет. Бул факт. Ырасмий түрдө кол койулуп, келишим күчүнө кирген. Гүбүрнатор ушул жагдайды  билбей, кадимки эле каракчыдай, тигинтип  рэкеттик  кылып  жүрөт деп башы жок чабандес деле айтпайт. Бирок, айтып, жазып атышпайбы кызарып –татарып коюшпай…Мейли, иш ушундай болду дейли, бирок андай күнү  эмне үчүн ушул маалыматтын авторлору  өзүнүн кимдигин так көрсөтүп, дарегин айтып коюшпайт көшөнүн артына жашынышып. Бул деген койон жүрөктүгүн далилдегени  эме спи…!?Ким  бирөөдөн коркушабы? Албетте, абийиринен.. Кызыгы,кайдагы  абийир, баарын эбак сатып ийишсе…

Бир сөз менен Марат Мураталиевдин ордуна көзүн арткандар Талас облустук жана райондук   администрацияларында отурганы билинип эле калды. Мына ошолордун шыбыры менен клоун Мискенбай Гэббельске шыбырап, ал АШАсынан уруксат алып, минтип “шыбап” отурушат. Бирок максатына жетпей калгандан соң, сайтынын изин кетмендешип, төө көрдүңбү-жок, бээ көрдүңбү  жок деп буттары менен жерди чукуп уялымыш этишип турушат. Уят, эй,  адамдын тагдыры менен каалагандай ойногон АШАчылар

Биз Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин  жеке  өзүнө да кайрылып, ушул маалымат боюнча  пикирин  билүүгө кызыктык.Ал  саймедиреп узун сабак деле айтпай, болгону “Ким бирөө  мени каралагысы келип жаткандай. Балким менин губернаторлук кызматым кимдир бирөөгө  абадай  зарыл  болуп  жатат”  деп  кыска бирок нуска  пикирин айтты.

Албетте, баары түшүнүктүү… Бирок, иштегенине жарым  жылдын жүзү  боло  электе эле кимдин бутун басып алды экен? Кимге жакпай калган? Соболдор биринин артынан бири келет.

Биз билгенден гүбүрнатор Марат Мураталиев КСДП партиясын эмес,  жети  жылдан бери өлкө башында туруп, саясатты ала салдырган , партияны туура жолдон адаштырган  Атамбаевди жүрөгүнө жакын ала албайт болуш керек. Президент С.Жээнбековдун бүгүнкү саясатын ырааттуу турмушка  ашырууда, стабилдүүлүктү туруктуу сактоодо ал болгон күчүн, дареметин аябай жумшап, эли үчүн, жери үчүн ак эмгегин аябастыгын биз гана эмес, Талас  эли бир ооздон айтып жатышканын күбөсү болдук. Иттин  өлүгү  кудум  ушерде  көмүлүп  жатыптыр.Таласта  жашынып  жатып алышып, компромат жыйнап жатышкандар  албетте базарда отурушпайт. Алардын баары кызматтарда. Ошон  үчүн алар Мискенбайына кайрылып, Геббельсине кайрылып, маалыматты колуна беришип, батасын алышкан.Болгону калптын казаны кайнабайт дегенди гана эсине алышпаптыр. Алып койушса бүгүн ичкени ирим, жегени желим болуп, көзүн жашырышып, бир жаныбардын  кейпин кийишмек  эмес. Анткени, кимдин  ким экенин  аныктоо  анча деле кыйын жумуш эмес.Мына ушундай бузукулардан арылуу күндүн талылуу маселеси экенин  президент  өзү  айтып, тазалоо жараянын жүргүзүп жатпайбы.Биз нечен жылдан бери  Талас элинин ынтымагы эмес, алакандай мамлекетибиздин түндүк-түштүк  ажырымын жойууга канча аракетибизди жумшап келебиз.

Ал эми АШАнын куйруктары Фаридге, Алмазга  Үсөновго, клоун  Мискенбайга айтаарыбыз, аман эле болгулачы…кукулуктап  жүрүп  бир  кургуйдун  курмандыгы болбой, адашкан жолуңардан кайтып, эл үчүн, жер үчүн  кызмат кылгыла! Анткени, адашкандын айыбы жок, кайрылып үйүрүн тапкан соң…Марат тигиндей, мындай дей  берип

өзүңөрдүн абийириңер төгүлүп жатпайбы…?! Андан көрө Мараттын кечирим сурап койгула. Кечирет эле. Абийирдүү, ыймандуу жигит.Баарын өзүңөрдөй  ойлобогула  да акыры…

Умар Анарбаев, “Акыйкат” кыймылынын  төрагасы

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *