Марат Сабыралиев, жогорку категориядагы ортопед-вертебролог: “Шакирттерди даярдоого Сабырбек Артисбековичтин салымы чоң”

Марат Куменович учурда БИИЦТО (мурунку №4 шаардык оорукана) ооруканасынын омуртка оорулар патологиясы бөлүмүнүн башчылыгын аркалайт. Медицина илимдеринин кандидаты, саламаттык сактоонун отличниги. Каарманыбыздын мээнети астында операция болгондор да анын колунун жеңилдигин айтып, ыраазычылыгын билдиришкенинен улам кадырлуу кесип ээсин кепке тартууну эп көрдүм.

— Марат мырза, буга чейинки дарыгерлик чыйырыңызда уникалдуу операцияларыңызды эстей аласызбы?

— Эми уникалдуу болгондо кандай? Бул жагынан аябай чоң грыжаларды операция жасаганыбызды айтсам болот. Анткени, каналдын ачылганда жүлүн жок, жалаң гана грыжа болгондо, омурткадагы жүлүндүн чон шишиктерин алганда, “сколиоз” деп коёт, омуртканын кыйшыктарын түздөгөн эмгектерибизди атасак болот. Биздин борбордо устатыбыз Сабырбек Артисбековичтин көмөгү менен дүйнөлүк деңгээлдеги көптөгөн заманбап, жаңы аппараттар алынып келинген. Ошондой аппараттардын күчү менен көп эле операцияларды жасайбыз.

— Грыжа дартынан жабыркагандардын да катары калыңдап бара жатпайбы. Мындай шартта “грыжаны операцияга бербеш керек” дегендерге кандай жообуңуз бар?

— Кызык, грыжаны операция кылбаса, эмне кылыш керек анда? Түнү-күнү уктабаса, баса албаса, мындай шартта кантип бул дарттан кутулабыз? Бул дарттын 1-көрсөткүчү мурда көрсөткөн дене тарбия көнүгүүлөрүнүн натыйжа бербегендиги, физикалык дарылоонун эффектиси болбогондугунун натыйжасынан келип чыгат да. Ошондо гана операция жасайбыз. Негизи грыжа менен жабыркаган бейтаптардын 10-15%ына гана операция жасалат. Калганын дары, физиотерапия, дене көнүгүүлөрү менен айыктырат. Айрымдар 1-2 жыл жүрө берет, көзү ачыкка, табыптарга, курортторго барып дегендей. Мындай жагдайда буларды операция кылбаганда анан эмне кылышыбыз керек? Туура, грыжаны операциялоонун түрлөрү көп болот. Кээде туруп таңкаласың, көп эле бейтаптарыбыз “атам айтты, грыжаңды операция кылдыртпа, баспай каласың” деп келишет. Бул жаңылыш көз караш. Грыжаны туура операция жасоонун эффектиси жакшы болот. Бизде микрохирургия деген грыжаны операция кылуунун түрү бар. Мында кичине 1-1,5 сантиметрге жетпегендей кесип туруп эле кылабыз. Ал операциядан кийин (эгерде ашыкча салмагы болсо арыктаса) 95% грыжанын жан кыйнаткан дартынан арылса болот. Бул өнөкөт кадимкидей натыйжа берет. Ал эми операциядан кийин дарыгердин айтканын аткарбагандардын 5-10%ына грыжа кайра чыгышы мүмкүн. Ошондо да чанда бейтаптардыкы. Ал эми операция ийгиликтүү болбой, кыймыл ойноок болуп калса, кайра оорута баштайт. Ойноокту бекитиш керек. Ошондуктан, бул дартты тыкыр изилдеп, тиешелүү аппараттардын баарына салып, туура бекитип, жакшы операция жасалса дарттан толук кутулууга болот.

— Спорт менен достошуп, грыжа менен коштошсо болобу?

— Албетте. Бир ирет күнү-түнү уктабай, оор абалдагы бейтап бизге келип калды. Ал операцияга макул болбой, грыжадан сакаюунун дагы кандай варианттары бар экенин сурайт. Биз ага күнүмдүк көнүгүүлөрдү үзбөй жасап, өзүнүн ашыкча салмагынан арылуу боюнча сунушубузду айттык. Арадан убакыт өтүп, баягы бейтап кайра келиптир. Мен аны эсимен деле чыгарып коюпмун. Көрүп кадимкидей таң бердик. Баягы ашыкча салмак жок. Көнүгүүлөрдү үзбөй жасап, жан кыйнаган дарты басаңдап, жыргап калыптыр. Көрдүңөрбү, баарыбызды беймазага салган дарттан кутулуунун жөнөкөй жолун. Грыжанын да түрү болот. Кысып калган грыжаны айыктырыш кыйыныраак. Башта айтканымдай, көнүгүүлөргө болбогон грыжаларды операция кылабыз.

— Бүгүн дүйнөлүк медицина бир мүнөт да токтобой өнүгүп жаткандыгы факт. Жеке өзүңүз да дүйнө таанымыңызды кеңейтип, медицинанын акыркы ачылыш, практикалары менен толуктап турасызбы?

— Сенин соболуңдагыдай жагдайларга Сабырбек Артисбекович абдан чоң көңүл бурат. Эл аралык деңгээлдеги медициналык илимий конференция, съезддерге өзү жалгыз барбай, бизди кошо ала барып, катыштырып турат. Өзү да ар убак биздей шакирттерине “медицинанын жаңы жагдайларынан артта калбай, билим, тажрыйбаңарды өрчүтүп, дагы да өстүргүлө” деп айтат.

 Грыжанын пайда болуу себептери:

  • Көп отургандан, кыймылдын аздыгынан (өзгөчө бул кеңседе күнү кечке отургандарга тиешелүү);
  • Белге күч келгенден;
  • Кан жүгүрбөй, кемирчектер кургай баштаганда;
  • Оор жумуштан, оор салмактагы жүк көтөргөндөн;
  • Ашыкча салмактуулуктан, булчуңдардын май басып кетүүсүнөн.

 Грыжанын алдын алуу:

  • Күнүмдүк дене көнүгүүлөрдү жасоо;
  • Бир нерсени көтөрөрдө туура көтөрүү, белди сактоо;
  • Турникке тартынып туруу;
  • Көп убакыт бирге жерге мыктай катып отурбоо, кыймылда болуу.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: Азия Ньюс 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *