Марлен Маматалиев, депутат: Бир эле донордон алынган насыялардын көлөмү 50 пайыздан ашпасын

-«Тышкы карызды бир эле өлкөдөн алуу 50%дан ашпашы керек» деп маселе көтөрүп жатыпсыз…

– Бул маселе эмнеден чыкты? Азыр коомчулукта тышкы карыз боюнча маселелер козголуп жатат. Азыркы учурда тышкы карызыбыз 4 млрд. 300 млн. доллар болду. Бул айтылган карыздын баарын төлөө үчүн 20 млрд. сом жылына карайбыз. Бул көрүнүш барган сайын көтөрүлө берет. Доллар менен айтканда, «300 млн. доллар карызды жабабыз» деп жумшап жаткан учурубуз. Тышкы карыздын 44%ы Кытайга болгон карызыбыз. Андан кийин экинчи орунда Азия ж.б. банктары, Орусия, Жапония деп кете берет. Бирок ошол булактардын баарын алганда деле, бир Кытайдан алган карызыбыз менен бирдей болуп калат. Кытайга болгон карызыбыз 1 млрд. 700 млн. Бул өлкөбүздүн эгемендүүлүгү үчүн коркунучтуу. Карыз кечилип кетпейт. Ал үчүн жерибизди, дагы башка баалуулугубузду карматабыз. Мамлекет тышкы карызды эле ала берүүгө кызыкпай, ички экономикабызды көтөрүп, өндүрүшүбүздү өнүктүрүүгө салым кошкону дурус. Мейли алалы, бирок эффективдүү колдонолу. Тышкы карызды алып эле жатабыз. Бирок кайра кайтара тургандай, жемишин бере тургандай долбоорлорго жумшаганыбыз жок. Биздики инфраструктураларга, жолго кетип калат. Биздин талабыбыз – бир эле донордон алынган насыялардын көлөмү өлкөнүн жалпы тышкы карызынын 50 пайызынан ашпашы керек. Экономикалык коопсуздукка, мамлекеттик коопсуздукка салым кошо турган өзгөртүү киргизип жатабыз. Азыркы убакта тышкы карызды алган бир булак Кытай болуп жатат. Эч качан бир булактан алган карызыбыз 50%дан ашпашы керек.

– Жакында өлкө башчысы Кытайга болгон сапарында 100 млн. доллар грант алып келди. Бул кайтарымсыз акчабы?

-Кайтарымсыз акча. Президентибиз алып келген грант абдан жакшы. Себеби, бул бекер акча. Ал кайтарылбайт. Маселе эми «бул акча кайда жумшалат?» дегенде. «Туура жумшалабы, баягы эле инфраструктураларга кетиребизби же көрүнүктүү бир завод-фабрикаларды курабызбы?» деген маселе турат.

– Коррупция менен кармалгандардын акчасы үчүн эсеп ачылып, тышкы карыздар үчүн жумшалары айтылды эле…

– Элге чынын, ачыгын айтыш керек. Бул эч качан ишке ашпайт. Жемкорлук үчүн айыпталган адамдардын баары мүлкүн өз атына каттаткан эмес. Тууган, тааныш, досторуна каттатышат. Эч качан өз аттарына эч нерсе жаздырышпайт. Анан кантип жеген акчаларын өндүрөбүз? ХИПИКте да ошондой болгон, «ХИПИКке кирбей эле коёлу. Андан көрө фонд негиздейли» деп фонд ачылган. «Бир бөйрөгүмдү сатып акча котором» деген депутаттар болгон. Бирок, эч кандай каражат түшкөн эмес. Ал идея, пиар катары эле калып калган. Бул деле ошол көрүнүштүн кайталанышы да.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *