Марлен Маматалиев, “Република – Ата-Журт” фракциясынан ЖК депутаты: “МАИ кызматкерлерине, жол эрежелерине реформа кылып, анан айып пулду көбөйтүү керек эле”

– Ар кандай айып пулдардын көбөйүшүнө нааразычылыктар күч алууда. ЖКда бул боюнча талкуулар болгонбу? Сиздин көз карашыңыз кандай?

– Айып пулдар боюнча калыс, айкын ой жүгүртсөк, негизи эле мамлекетибиздин жол эрежелери сакталбай келгени анык. Анын кесепетинен көптөгөн ар кандай жол кырсыктары болот. Жол кырсыктарында, тилекке каршы, өлүм, оор кайгы менен аяктаган учурлар абдан көп. Жакында эле Ош-Баткен жолунда беш адам жол кырсыгынан каза болуптур. Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Торугарт ж.б. жолдордо болгон көп кырсыктар менен ар күнү кабардарбыз. Статистикасы айтылууда. Миңдеген адамдарыбызды жол кырсыктарынын айынан жоготуп отурабыз. Шаар ичин алсак, жөө адамдарды өткөзбөө, светофорго карабай айдоо, мас абалында айдоо, анын кесепетинен канча жарандар, жаш балдар жабыркап жатат. Араб өлкөсүн карасак, мас абалында унаа айдагандарга өлүм жазасына чейин беришет. Ал эми Европада, башка өкөлөрдө чоң өлчөмдөгү айып пул аркылуу жазалайт. «Бир ирет чоң айып пул төлөгөн адам экинчи ал катаны кетирбейт» деген ыкмада каралган. Биз дагы ошол ыкмага өттүк. Бул жерде «бул ыкма туурабы же туура эмеспи?» деген эки ача ой жаралат. Мисалы, МАИ кызматкерлери эрежени бузганда миң сомдук айып пул болсо, айдоочу менен сүйлөшүү болуп, 200 сомдон 500 сомго чейин пара сунушташат. Базардагыдай ачык айкын соода жүргүзүшөт. Протокол жаздырбай кетүү учуру көп. Эми кеп миң сомдо эмес. Беш миң сомдо болуп калды. Баягы эле МАИ кызматкерлерине бе миңдин ордуна «көшөгө артынан» 1-2 миң сом сунушташса кандай? Чоң коркунуч жаралып жатат. Биринчиден, бул мыйзам ишке ашышынан мурда МАИ кызматкерлерин, жол эрежелерин реформа кылып, элдин ишенимин кайтарып бериш керек эле. Видеокөзөмөл тегиз орнотулуп, «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашса, адам эмес, техника бул кызматты көзөмөлдөсө болмок. Мындай учурда соодалашуу болбойт эле. Адам бири-бири менен жаман-жакшы айтышпайт эле. Баарын техника болгонун болгондой аныктап, өз жазаларын берип турмак. Бул биринчи жагы. Экинчи жагы – ошол белгилер тууралуу айтсак. Мисалы, мектептин жанында «ылдамдык 40тан ашпасын» деген белги болсо, кечинде же түнкү ондо деле мектеп иштебеген убакта МАИ кызматкери туруп алат. Тосуп нааразычылыгын айтат, парасын алат. Ал белги мектеп үчүн коюлса, сааты, убактысы болушу керек. Балдарыбызга кам көргөнүбүз туура, бирок, анын артынан акча жасап коррупциялаштырып жиберүү туура эмес. Ошол эле трассаны алсак, «ылдамдык 60-90дон ашпасын» деген белги бар. Бул союз убагынан калган ыкма. Мисалы, Европада баарын жөнгө салып туруп, айып пул койгон. Чоң трассада 130га чейин айдашат. Себеби, ал белгилер азыркы учурга караштуу коюлган. Өз коопсуздуктарын, реалдуу турмушту көңүлгө алып белгилер коюлат. Кетип бара жаткан адам дагы кандай унаа болбосун тынчсызданбай кете берет. Бизге «90» менен жүрүүнү коюшат. Бирок эч бир жаран «90» менен Көлгө сапар тартып барбайт. Мунун баарын көңүлгө алып, белгилердин баарын алмаштыргандан кийин айып пул салынышы керек эле.

– Айдоочулук күбөлүк боюнча айып пулга кандай карайсыз?

– Айдоочу күбөлүктөрү тууралуу айтсак, биз адамбыз да, унутуп калышыбыз мүмкүн. Бөлөк костюмдун чөнтөгүндө калышы мүмкүн. Европада сени токтотсо, «айдоочулук күбөлүгүмдү унутуп койдум» десең ишенет. Ишенет да, базадан компьютерге салып текшерип, күбөлүгү бар экени анык болсо айып пул салынбайт. Кетирип жиберет. Бизде андай жок. Ичиң күйөт. Жиниң келтире турган нерселер бар. Ошонун баарын жокко чыгарып, анан бул айып пулдарды киргизсек болмок. Суммасыдагы акыйкатсыз. Ичимдик ичип алып айдаганга айып пулду көтөрсүн, бирок, айдоочулук күбөлүктү унутуп койгонго айып пул туура эмес. Чындап эле күбөлүгүң жок туруп айдасаң, ал башка маселе. Ушуга окшогон реформаларды жүргүзүп алып, анан айып пулду көбөйтсөк болмок да. ЖКнын 3-4 депутаты сүйлөшүп жатабыз. Жыйынга чогулганда позициябызды билдирип, өз сунуштарыбызды киргизебиз.

– Элдик бюджет боюнча жакшы сунуш алып чыктыңыз. 2019-жылы бул сунуш ишке ашчудайбы?

– Элдик сунуш боюнча ипггерди алып барып жатам. Айткан идеяларымдын артынан иш алып барганды, аягына чыкканды жактырам. «Туристтик полиция» боюнча маселени алып чыктым эле, ички иштер министрлигинен өтө көп каршылыктар болгон. Баардыгы эле түшүнбөй башка ойдо эле. Бирок, маселе жүзөгө ашты. Элдик бюджет боюнча да шаар мэри Азиз Суракматов менен сүйлөштүм. Жакында жолугушмай болдук. Бюджет кабыл алынып калды, бирок, «капложение» деген өзүнчө статья бар. Буга атайын 2 млрд. сом каралат. Мурдагы жылы 6 млрд. сом каралган. Ошол жерге киргизүүгө ниетим, тилегим бар. Бул сунушту аягына чейин чыгарганга аракет кылам. Азыр шайлоочуларыбыз, эл менен жолугушуу учурунда дагы көп идеялар жаралууда. Буюрса 2019-жылы көп максаттар орундалат деген тилектемин.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *