Мародёрчулук, банктык уюкчаларды талап-тоноочулук фактыларына, ошондой эле улутташтырылган объекттерди сатып өткөрүүгө байланышкан маселелерди иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу

2010-жылы болуп өткөн мародёрчулук, банктык уюкчаларды талап-тоноочулук фактыларына,  ошондой эле мурда К.Бакиевдин тегерегиндегилерге (М.Бакиевге, А.Ширшовго, А.Елисеевге), К.Батыровго таандык болгон “Альфа Телеком” ЖАК-н (Мегаком), “Бишкек муӊайзат компаниясы” ЖАК-н, “Дастан” ТУК ААК-н, “Азия Универсал Банк” АК-н, “Кыргызкөмүр” МИ-н кошуп алганда бардык улутташтырылган объекттерди сатып өткөрүүгө байланышкан бүтүмдөргө жана “Кыргызтелеком” ААК тарабынан интернет кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатууга тиешеси бар маселелерди иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын КОРУТУНДУСУ

“КСДП” жана “Ата Мекен” парламенттик фракцияларынын чечимдери боюнча, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2016-жылдын  20-октябрындагы № 1006-VI токтому менен  2010-жылы болуп өткөн мародёрчулук, банктык уюкчаларды талап-тоноочулук фактыларына,  ошондой эле мурда К.Бакиевдин тегерегиндегилерге (М.Бакиевге, А.Ширшовго, А.Елисеевге), К.Батыровго таандык болгон  “Альфа Телеком” ЖАК-н (Мегаком), “Бишкек муӊайзат компаниясы” ЖАК-н, “Дастан” ТУК ААК-н, “Азия Универсал Банк” АК-н, “Кыргызкөмүр” МИ-н кошуп алганда бардык улутташтырылган объекттерди сатып өткөрүүгө байланышкан бүтүмдөргө жана “Кыргызтелеком” ААК тарабынан интернет кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатууга тиешеси бар маселелерди иликтөө боюнча  убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары –комиссия) түзүлгөн.

Комиссия өз ишин 2016-жылдын 26-октябрында баштады жана жүргүзгөн ишинин жыйынтыктары жөнүндө 30 күндүн ичинде Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кеӊешине маалымдоого тийиш. Бирок комиссия белгиленген мөөнөттө жүйөлүү себептер менен (жумуштун көлөмүнүн чоӊдугу, каралып жаткан маселелер боюнча жаӊыдан ачылып жаткан жагдайлардын бар экендиги) иликтөөнү толук бүтүрө алган жок. Ушуга байланыштуу комиссиянын ишин 2017-жылдын 1-мартына чейин узартуу жөнүндө сунуш киргизилди. Комиссия толук жана объективдүү иликтөө үчүн иштөө шарттарын түзүү жагында мүмкүн болушунча бардык чараларды көрдү.

Коюлган маселелердин санынын көп экендигине жана аларды бир корутундуга бириктирүүнүн мүмкүн эместигине байланыштуу комиссия ар бир маселе боюнча өзүнчө корутунду берүүнүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтомун кабыл алуунун зарыл деген пикирге келди.

Комиссия токтоосуз чечүү керек деп эсептеген маселе – казакстандык жеткирип берүүчү компаниялар тарабынан интернет трафиктин наркынын күтүүсүз кескин көтөрүлүшү жана жогорулатылган баа боюнча келишимдерге “Кыргызтелеком”ААК тарабынан кол коюлушу болду. Иликтөөнүн жүрүшүндө төмөнкүдөй жагдайлар айкындалды.

2016-жылдын июль айында кыргызстандык интернет провайдерлер казакстандык компаниялардан интернет трафикти берүүнүн наркын жогорулатуу жөнүндө каттарды алган. Кыргызстандык провайдерлердин көпчүлүгү баалардын кескин көтөрүлүшүнө макул болушкан жок жана 12-августта Мамлекеттик байланыш агенттигине жана Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке бул көйгөй маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Кайрылган компаниялардын ичинде “Кыргызтелеком”  ААК болгон эмес.

“Кыргызтелеком”  ААК Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнчамамлекеттик комитетке кат менен кайрылган, мамлекеттик комитеттин жетекчилиги эч кандай чара көргөн эмес. Чындыгында бул мамлекеттик комитет интернеттин баасы жана сапаты маселесин биринчи болуп көтөрүүгө жана мындай кырдаалдын түзүлүшүнө жол бербөөгө тийиш эле, анткени электрондук башкарууну киргизүү үчүн азыр өтө сапаттуу, жогорку ылдамдыктагы жана арзан интернет керек. Баанын жогору болушу өлкөдө интернетти киргизүүнү жана маалыматтык технологияларды өздөштүрүүнү мындан ары кеӊейтүүгө тоскоолдук жаратат.

Интернет трафикти берүүгө бааларды кескин көтөрүү жөнүндө өзүнүн казакстандык берүүчүлөрүнөн каттарды “Кыргызтелеком”  ААК “Глобал Квант Сервис” ЖЧК-нан 22-июлда жана “Казтранском” АК-нан 1-августта алган. “Глобал Квант Сервис” ЖЧК менен келишимге 29-июлда эле, башкарманын чечимисиз кол коюлса да,“Кыргызтелеком”  ААК-нун башкармасынын төрагасы Э.У.Ешеналиев башкарманын жыйналышын 1-августта чакырган. Буга кошумча, башкарманын мүчөлөрүда бир пикирге келе алышкан эмес, анткени башкарманын үч мүчөсүнүн бирөөсү каршы болгон. Буга карабастан Э.У.Ешеналиев өзүнүн ошол эле күнкү, 1-августтагы № 01-09/322 буйругу менен эсептешүүлөр жана келишимдер бөлүмүнүн жетечиси К.Храмцовго 2016-жылдын 1-августунан тартып бир жылга сатып алуу келишимин түзүүгө тапшырма берет жана шашылыш түрдө казакстандык компанияларга 1 Мб/с үчүн 30 АКШ доллары эсеби менен 420 миӊ АКШ долларын чегерет. Э.У.Ешеналиевдин мындай аракеттеринен кызыкдарлыкты, пайдакечтик мүдөөнү көздөгөндүктү көрүүгө болот.

“Кыргызтелеком”  ААК менен “Глобал Квант Сервис” ЖЧК-нун ортосундагы иштеп жаткан келишимдин 6.8.пунктунда “Тараптар бааларды жана тарифтерди бир тараптуу тартипте өзгөртө албайт. Кызмат көрсөтүүлөргө карата бааларга жана тарифтерге бардык өзгөртүүлөр эки тараптын өз ара макулдугунун негизинде гана киргизиле алат.” деп даана  жазылган. Бирок Э.У.Ешеналиев берүүчүлөрдүн шартына анчалык деле каршылык кылбастан макул болгон, анткени, ал өзү комиссиянын жыйналышында мойнуна алагандай, казакстандык берүүчүлөрдүн жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн эмес. Калган кыргызстандык интернет провайдерлер өз кызыкчылыктарын жактап жатканда Э.У.Ешеналиев өз аракеттери менен аларга жолто болду, казакстандык берүүчүлөргө бааны көтөрүүгө жүйө таап берди. Комиссиянын 2016-жылдын 15-ноябрындагы жыйналышында кыргызстандык башка интернет провайдерлердин жетекчилери жаӊы шарттарда келишимдерге кол коюшпагандыгын билдиришти.

Жогору баа боюнча келишимге кол койгондон кийин Э.У.Ешеналиев 2016-жылдын 10-августунда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине “Кыргызтелеком”  ААК-н транс-чек ара-транзиттик бириктирүүбоюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жападан жалгыз берүүчү катары таануу сунушу менен кайрылган. Башкача айтканда бул жерде кеп эл аралык интернет трафикти монополиялаштыруу жөнүндө болуп жатат. Бул сунуш кабыл алынган учурда Кыргызстандын провайдерлери “Кыргызтелеком”  ААК менен келишимдерди түзүүгө жана 1 Мб/с үчүн30 АКШ долларын төлөөгө милдеттүү болмок. Бул аракеттерден адамдардын тобунун пайдакечтик мүдөөлөрдү көздөгөндүгү ачык байкалат.

Комиссиянын ошол эле жыйналышында Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агеттиктин директору Б.Казаков Казакстан Республикасындагы коллегалары сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндүгү, маселе Евразиялык экономикалык комиссиянын деӊгээлинде каралгандыгы жөнүндө маалыматты айтты. 2016-жылдын 5-октябрынан тартып бааларды төмөндөтүүжөнүндө келишүүгө жетишкендик бул аракеттердин натыйжасы болуп калды.

Бул жерде Э.У.Ешеналиев Жогорку Кеӊештин комитетинин быйылкы жылдын 25-октябрындагы жыйналышында келишим түзүү компаниянын Директорлор кеӊеши менен макулдашылган болучу деп комитеттин мүчөлөрүнө жалган айткандыгын белгилеп кетүү керек. Директорлор кеӊеши бул маалыматты таптакыр төгүнгө чыгарды.

Комиссиянын суроо-талабына Э.У.Ешеналиев кол коюлбаган жана мөөр басылбаган документтерди берди. Ошондой эле Э.У.Ешеналиев коомдун иш-аракети жөнүндө маалыматты өз убагында бербестен жана өз кызматкерлерине аларды берүүгө тыюу салып, мамлекеттин акционердик коомдогу өкүлүнө – Директорлор кеӊешине өз функцияларын аткарууга тоскоолдук кылды. Комиссиянын жыйналышында бул тууралуу Директорлор кеӊешинин төрагасы Б. Үсөнканов билдирди.

Директорлор кеӊеши өзүнүн 2016-жылдын 9-ноябрындагы чечими менен “Кыргызтелеком”  ААК-нун 2016-жылдын 9 айындагы иш-аракетинин жыйынтыктарын канааттандырарлык эмес деп тапты жана Э.У.Ешеналиевге жана башкарманын эки мүчөсүнө тартиптик жаза берди.

Комиссия негизги маселени иликтөөнүн жүрүшүндө “Кыргызтелеком”  ААК-нун иш-аракетинин айрым учурларына да кызыкты. Коомдун жогорку органы – акционерлердин жалпы чогулушу 2016-жылга кирешелерди 2 млрд 97 млн 955 миӊ сом өлчөмүндө бекиткен. 2016-жылдын 9 айында кирешелердип аткарылбагандыгы 254 млн сомду түздү, анткени алардын иш жүзүндө аткарылышы  1 млрд 223 млн 523 миӊ сом болду, ал эми аткаруунун болжолу 1 млрд 477 млн 177 миӊ сом деп белгиленген болучу. Коом төлөөгө тийиш болгон кыска мөөнөттүү милдеттенмелер 700 млн сомдон ашуунду түздү. Бул сандар кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөндөп жатышын, өнүгүүнүн жоктугун, “Кыргызтелеком”  ААК-нун башкармасынын ишинин канаттандырарлык эместигин жана банкроттукка кыйшаюусуз баратканын күбөлөйт.

Өзгөчө белгилей турган жагдай, Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев бекиткен Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына киргизилген телекоммуникациялык эки долбоор ойрон болду. Бул долбоорлордун биринин интернет кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүүгө жана алардын сапатын жакшыртууга тикелей тиешеси бар. Бул долбоор Бишкек – Ош волокно-оптикалык байланыш линиясын куруу болучу, аны 2014-жылда бүтүрүү пландалган.

2013-жылдын 3-ноябрында “Кыргызтелеком”  ААК-нун башкармасынын ошол кездеги төрагасы А.А.Кадыркулов Токгогул районун борборунда, Премьер-министр Ж.Оторбаевдин катышуусунда бул долбоорду бүткөрүүнүн шаан-шөкөттүү презентациясын уюштурган. Бирок бүгүнкү күнгө дейре Б.Н.Шаршембиевдин да (азыр Мамбайланышкомдун төрагасы), Э.У.Ешеналиевдин да башкармасы курулушту бүткөрө албай жатат. Курулушту алган жеке менчик компанияга көп миллиондогон доллар төлөнгөндүгүнө карабастан,  КНжЭ көп санда бузулгандыктан улам объект иштетилүүгө алынбай турат.

“Ош – Эркечтам волокно-оптикалык байланыш линиясы” долбоорунун бир объекти боюнча Башкы прокуратура тарабынан жазыктык иш козголгон жана наркы 3,2 млн АКШ доллары болгон долбоордо акционердик коомго 900 миӊ АКШ доллары өлчөмүндө зыян келтирилгендиги тастыкталган.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына киргизилген экинчи долбоор – “Кыргыз Республикасыда санариптик телекөрсөтүүнү киргизүү” да сапатсыз аткарылган.

Ошондой эле“Кыргызтелеком”  ААК-нун башкармасы Э.У.Ешеналиев Мамбайланышкомдун жетекчисине “Тойота Лэнд Крузер 200” жол тандабас кызматтык автомобилди, мебели менен кабинетти жана акционердик коомдун администрациялык корпусунун 3-кабатындагы калган орун-жайларды  пайдаланып турууга бергендиги айкындалды. Өзүнүн кызматкерлерин жайгаштыруу үчүн бош орун-жайларды оӊдоого мурда пландалбаган чыгымдарды кылган. Ижара таризделген эмес, 4 ай өтсө да эч кандай төлөмдөр келип түшкөн эмес. Мамбайланышкомдун жана“Кыргызтелеком”  ААК-нун жетекчилиги кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянат пайдалангандыгы, компанияга жана акционерлердин кызыкчылыктарына зыян келтирилгендиги айкын болуп турат.

Депутаттык  комиссия “Кыргызтелеком” ААК тарабынан интернет кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатуу маселеси боюнча маалыматтарды иликтөөнүн жыйынтыгында төмөнкүдөйкорутундуга келди:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө “Кыргызтелеком”  ААК-нун башкармасынын төрагасы Э.У.Ешеналиевди ээлеп турган кызмат ордунан бошотуу жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Б.Н.Шаршембиевдин жоопкерчилигин кароо сунушталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Евразиялык Экономикалык Бирликтин алкагында тышкы интернет каналды ижаралоо кызмат көрсөтүүлөрүнө карата тарифтерди унификациялоо мүмкүндүгүн кароо тапшырылсын.

3. “Кыргызтелеком” ААК тарабынан интернет кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатуу маселесин кароонун жүрүшүндө алынган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлсүн.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде жанаКыргыз РеспубликасынынЖогорку Кеӊешинин Регламентинин  109-беренесине ылайык депутаттык комиссия төмөндөгүлөрдү сунуш кылат:

1. Депутаттык комиссиянын корутундусун жактырууну.

2. Депутаттык комиссиянын корутундусун Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кеӊешинин расмий сайтына жайгаштырууну.

3. Ушул маселе боюнча Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоорун талкуулоону жана кабыл алууну.

Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы            

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *