Март айынан тартып, «Ташкент-Рыбачье-Ташкент» поезд каттамы ачылат

№455/456 «Ташкент-Рыбачье-Ташкент» поезди Өзбек темир жолунун курамы менен жумасына бир жолу каттайт, – бул тууралу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма соз кызматы билдирет”.

Анын расписаниеси төмөндөгүчө:

Алгачкы курам 2018-жылдын 22-мартында бейшемби күнү Ташкент шаарынан чыгат жана 23-мартта жума күнү Рыбачьеге келет. Ал эми 24-март ишемби күнү Рыбачьеден кайра жөнөп, 25-март жекшемби күнү Ташкент шаарына келет.

Аталган поезд курамы ар бейшемби күндөрү Ташкенттен чыгат жана ар ишемби күндөрү Рыбачьеден кайра Ташкент шаарына жөнөп кетет.

Курамында 7 купе вагону, 3 плацкарт вагону жана вагон рестораны бар.

Басма сөз кызматы

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *