Мас абалындагы кыз Ак үйдүн тосмосун ашып өттү

Бишкекте Ай үйдүн тосмосун ашып өткөн кыз кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда 21-июль күнү, саат 9:00 чамасында эки кыз Ак үйдүн жанынан өтүп бара жатып, алардын бирөөсү тосмону ашып өтүп, бакчаны аралап бара жатканда кароолдо турган балдар кармап, милицияга өткөрүп беришкен. Жыйынтыгында ал кыздын мас абалында экени аныкталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин бошотулган.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *