Машыктыруучулар менен мугалимдердин айлыктары жогорулайбы?

Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда дене тарбия жана спорт боюнча мыйзам долбоорун карап чыгышты. Анда мыкты машыктыруучулар менен мугалимдердин айлыгы 50 пайызга жогорулайт. Бул боюнча Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов билдирди. Ошону менен катар алдыңкы саптагы мы­кты спортчулардын стипендиясы да жогорулайт жана административдик курамдын айлыктары 20 пайызга көтөрүлөт деп кошумчалады агенттиктин директору. Бул жакшы жышаан экен. Канча деген машыктыруу­чулар, канча деген мугалимдер мындай жаңылыкты күтүп жүрүштү эле.

Булак: Азия Ньюс

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *