Медер Мырсалиев, ырчы: Кара тору молдован кыз кеттиң токой байырлай, таарынычың сезип турдум, жүр деп сени чакырбай

– Өркүнүң өсө берсин, Медер! Азыр канча жаштасың?

17 жаштамын. Мен Нарын районуна караштуу Кара-Үңкүр айылында төрөлгөм. 1-класстан 4-класска чейин Кочкордо Нинакан Жүндүбаева атындагы орто мектепте, андан кийин Нарын районуна караштуу Усупбек Түгөлов орто мектебинде окугам. Музыкага төртүнчү классымдан тартып эле кызыгып, ошондо эле комуз черте баштагам. Мектепте устатым Аида эжейим болду. Комузду, көп нерсени Аида эжейимден үйрөнүп жүрүп, «Жаш таланттар» ж.б. көптөгөн сынактарда биринчи жана баш байгелердин ээси болгом. Быйыл дагы көбүрөөк кароо сынакка катыштым.

– Эки миллион кароого ээ болгон «Кара тору модаван кыз» ырың тууралуу токтолсоң…

– Интернетте мени жылдыз кьшган «Кара тору молдаван кыз» ырын биздин Оттук айылынын тургуну Индира эже кыргызчалап берген. Кыргыз-орус тилдеринде ырдап чыккам. «Жоокер ыры» сынагына катышып, алгач ирет райондук, облустук сынактарда катышып, башкы сыйлыктардын ээси болгом. Андан кийин республикалык сынакта «Активдүү катышуучу» сыйлыгынын ээси болдум.

– Абдан жакшы үнүң, талантың бар экен. Ырчылыкты улантасыңбы?

– Алдыда көп максаттарым бар. Быйыл кыргыз-түрк «Манас» университетинин студенти болуп, окуп баштадым. Азырынча ырчылыкты хобби катары ала жүрөм. Окуумду ийгиликтүү аяктап алсам, чыгармачылыкка жакшылап киришем деген тилектерим бар.

Мунара Талипова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *