Мэрге ак калпак эмес калем сап тапшырышты

Бишкек шаардык кеңеште жаңы келген мэрге ушуну менен салтка айланган чапан, калпак кийгизүү жөрөлгөсүнө чекит коюлгандай. Себеби 8-августта Бишкек мэри болуп шайланган Азиз Суракматовго шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев калем сап белек кылды.  Буга чейин Кененбаев жаңы мэрлерге чапан, калпак кийгизүү токтотуларын жергиликтүү кеңештерди түз шайлоо боюнча талкуулаган жыйында билдирген. Айта кетсек, 8-августта Бишкек шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер Азиз Суракматов шаардык кеңештин 43 депутатынын колдоосу менен Бишкек мэри болуп шайланды. Шаардык кеңештеги 45 депутаттын ичинен жалгыз депутат каршы добуш берди, бир депутат отурумга катышкан жок.

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *