Мээрим Догдурбекова: Кыз кишиге канчалык түйшүктүү, оор болбосун, тасма тартууну таштагым келбейт

Чита шаарында өткөн Забайкал эл аралык кинофестивалында жаш кинорежиссер Мээрим айымдын «Бакыт» тасмасы эң мыкты кыскаметраждуу көркөм тасма аталды. Аталган кинофестиваль быйыл 7-ирет уюштурулуп, анда жалпысынан 352 тасма ат салышкан. Таланттуу, келечегинен көптү үмүттөндүргөн каарманыбызга суроо узаттык.

-Мээрим, сенин жеңишиң кино дүйнөсүндө жакшы жаңылык болду окшойт…

– Тасма менин дипломдук ишим болуп саналат. Алгачкы тасмам, алгачкы ийгилигим. Жогорку профессионалдуулук менен тартылган деп мактана албайм. Бирок, чыгармачылык топ менен колдон келишинче аракет жасаганбыз.

-Тасманын сюжети кандай?

-Фильмде жандүйнөсү таза, аруу бала менен анын жаныбары – аттын ортосундагы мамиле, бекемдик баяндалат. Сценарийдин идеясы Тору-Айгыр айылынын келип чыгуу тарыхы жөнүндөгү уламыштан алынган.

-Сыйлык күтүүсүз болду окшойт…

– Сыйлыкгы алууну эч ойлогон эмесмин. Деги эле буга чейин көп эле фестивалдарда болдум, катыштым, эч качан жеңиштен үмүт кылбайм. Анткени мага күтпөй туруп жеңген күтүүсүз сыйлыктар жагат.

-Турмуштан алып, кандай окуялардан тасма жараткың келет?

– Алдыга койгон максаттар көп. Жүрөктө, жан дүйнөдө идеялар көп. Анын чети да оюла элек. Учурда улуттук киностудияда тажрыйба топтоп жүргөн учурум. Кыз кишиге канчалык оор болбосун, канчалык түйшүктүү болбосун, бул кесиптен баш тартууну ойлонгум келбейт. Кыргызстанда «кинорежиссер болом» дегендерге билим берүү жетишсиз. Кино мектебибиз жок. Эки гана университет бар. Ал жактардан теория көбүрөөк окутулуп, практика аз. Андыктан, биз өзүбүз изденип, өзүбүз аракет кылып, башка элдердин тасмаларын көрүп, көп окуп, колдон келсе чет жактан да окуп, тажрыйба топтошубуз керек. Кыргыз киносу ааламга арышын жаңы гана таштап жаткан кези. Биз дүйнөлүк актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрүп чыкканды үйрөнүшүбүз керек. Аны менен катар, элибиздин өзгөчөлүгүн жоготпой көрсөтсөк дейм. Бул сыйлыкты алганым үчүн агайым, устатым Артыкпай Сүйүндүковго ыраазычылык билдирем. Ал идеянын жаралышынан монтаж бүткүчө мени менен болду.

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *