Мен сыйлаган саясатчы же Текебаевдин саясый сапары жана тагдыры

Көрүнүктүү саясый жана коомдук ишмер Өмүрбек Текеба­ев 22-декабрь күнү 59 жашка толуп, туулган күнүн абакта белгиледи. Туулган күнүндө жанында жубайы Айгүл Текебаева чогуу болсо, миңдеген партиялаштары, тарапташтары социалдык тармактарда куттуктоолорун, каалоо-тилектерин таратышты. Ар кандай уюмдар, ММКлар Өмүрбек Текебаевди «Жылдын мыкты саясатчысы», «Жылдын саясый туткуну» ж.б. деп жарыялашты.

ӨмүрбекТекебаевдин ысымын мамлекеттүүлүктүн түптөлүшү менен байланыштырышат. Ал алгач айылдык мектепте физика мугалими болуп, мектеп окуучуларынын укугун коргоп, классын пахта теримге чыгарбай коюп белгилүү болгон. (Айта кетүү керек, Өзбекстан окуучуларды пахта талаасына быйылтан тартып чыгарбай турган болду). Ал эми саясатка чыйыр жолун 1990-жылы «легендарлуу парла­мент» аталган Жогорку Кеңештин депутаты болуп баштаган. Ошондон бери эл ишенимине туруктуу ээ болуп келе жаткан жападан-жалгыз «легендарлуу» депутат.

Текебаев алты жолу депутат болуп шайланды. 2007-жылы «Ата Мекен» партиясы парла­менттик шайлоодо элдин колдоосуна ээ болуп, массалык фаль­сификация болгонуна карабай экинчи орунга ээ болгон. Бирок, Бакиев бийлиги сот аркылуу

«Ата Мекендин» жеңишин уурдап алганын эске салсак, Теке­баев эл ишенип шайлаган жети жолку депутат болот. Демек, ал саясатта толук 26 жылдан бери келе жаткан саясатчы.

Кээ бирөөлөр билип-билбей, кээ бири атайылап, «Текебаев 26 жылда Кыргызстанга эмне кылып койду?» деп, анын баркын түшүргүлөрү келишет. Мен да мурда так ушундай ойлоор элем. Бирок, азыр бул кишиге карата көз карашым таптакыр башкача…

Азыр мен 32 жаштамын. Ста­тистика боюнча Кыргызстандын калкынын жарымынан көбү менин куракташтарым. Өмүрбек Текебаев саясый жолун баштаганда биз бала бакчада элек. Ачыгын айтсам, журналист ка­тары 2010-жылдан кийин Текебаевден бир нече жолу интервью алсам да, бул киши жөнүндө көп билген эмесмин. Акыркы эки жылда Текебаев менен жакындан иштешип, анын кандай инсан, кандай саясатчы, ишмер экенин биле баштадым. Азыр ал мен сыйлаган жалгыз саясатчы, туруктуу каарманым дагы.

Өмүрбек Текебаев 1990-жылдан бери президент же өкмөт башчы эмес, жөнөкөй эле депутат, болгондо да оппозициялык депутат болуп келди. 2012-2016-жылга чейинки аралыкта гана көпчүлүк коалициянын катарындагы мүчөсү бол­ду. Көпчүлүк коалицияда болсо да, оппозициянын ишин так аткарды. Врач жакшы дарыгер мугалим жакшы устат болуш керек. Анын сыңарындай, депутат жакшы депутат болуш керек. Текебаев эң мыкты депутат болду. Муну анын душмандары да тана албайт. Жөнөкөй депутат болсо да, тарыхый милдеттерди аткарды. Алардын бири: 2005-жылы 24-мартта элдик толкун Аскар Акаевдин режимин кулатты. Өлкөкөдө мыйзамдуу бийлик – президент да, өкмөт да, Жогорку Кеңеш да жок болуп, Кыргызстан саясый туңгуюкка кептелген. Ошол татаал кырдаалдан чыгуунун жол картасын Текебаев сунуш кылып, Кыргызстанды башаламандыктан сактап калган. Ал план боюнча оболу Жогорку Кеңешти мыйзамдаштыруу керек эле. Депутаттар Текебаевди төрага кылып шайлап, ал саясый күчтөр жаңы Жогорку Кеңети таануусун камсыз кылды.

Ошентип, мыйзам чыгаруу органы пайда болду. Төрага Өмүрбек Текебаев Курманбек Бакиевдин талапкерлигин Кыргызстандын премьер-министрлигине сунуш кылып, Жогорку Кеңеш аны бекитип берген. Ошентип, мый­замдуу өкмөт, президенттин милдетин аткаруучу пайда болгон. Мыйзамдуу президенттик шайлоолорду өткөрүү үчүн кийинки кадам Аскар Акаевдин өз эрки менен кызматтан кетишине жетишүү керек эле. Текебаев Москвага өзү учуп барып, Акаевдин өз ыктыяры менен кызматтан кетүү арызын алып келген. Жо­горку Кеңеш арызды канааттандырып, мыйзамдуу президентик шайлоолорду дайындады. Мындан улам Текебаев Бакиевдин мыйзамдуу бийликке келишин, анын бийлигинин бекемделишине чоң жардам бергени көрүнүп турат. Ал кезде Текеба­ев Конституциялык кеңешменин төрагасы болуп, Кыргызстандын саясый системасын реформалоону сунуш кылган. Бакиев шайлоо алдында Жогорку Кеңеште кагаз жүзүндө бул реформаны ишке ашырам деп убада берип, прези­дент болуп шайлангандан кийин айнып кетет. Текебаев Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетип, «Реформа» кыймылын жетектейт да, 2006-жылы саясый реформаны талап кылып, Бишкекте эң масштабдуу митингдерди өткөрөт. Кыймылдын ишине тоскоолдук кылыш үчүн Жаныш Бакиев Варшавага бараткан Текебаевдин жүгүнө наркотик салдырган. Бирок, Польша соту Текебаевди актады. Оппозиция ого бетер күчөйт. Курманбек Бакиев убактылуу «макул» болумуш болуп, 2006-жылы ноябрда жаңы Конституция кабыл алды. Анан тез эле айнып, декабрда ал Конституцияны жокко чыгарды. 2007-жылы референ­дум өткөрүп, өзүнүн бийлигин күчөтө баштаган.

2010-жылы апрель айында эл кайра көтөрүлүп, Бакиевдин режимин кулатгы. Бакиев жөн кетпей элге ок атып, жүзгө жакын адам өлүп, бир тобу жарадар болду. Акүйдү таштай качкан президент Жалал-Абадга барып, каршылык көргөзүүгө даярдана баштаган. Бул жолу граждандык согуш реалдуу бллду…

Бул жолу да Кыргызстанды саясый туңгуюктан алып чыгуу планын иштеп чыгуу, саясый реформанын багытын, мөөнөтүн аныктоо Өмүрбек Текебаевге жүктөлдү. Роза Отун­баева башында турган Убак­тылуу өкмөт түзүлүп, үч айдын ичинде референдум өткөрүлүп, жаңы Конституция кабыл алынды. Бир жарым жылдык мөөнөткө өткөөл мезгилдин президенти болуп Роза Отунбаева шайланды. 2010-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңеш шайланып, декабрда мыйзамдуу өкмөт пайда болду. Ал эми 11-жылы план боюнча презиттик шайлоо өтүп, Алмазбек Атамбаев шайланды.

Өмүрбек Текебаев эки жолу: 2005-жылы жана 2010-жылы өлкөнү алааматтан сактап калган. Ушул эмгеги үчүн эле Текебаев тарыхый инсан боло алат. Президент Роза Отунбаева Текебаевдин эмгегин баалап, II даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаган. Атамбаев ушундай эле орденди өзүнүн шопуру Икрам Илмияновго берди.

Өткөөл мезгилдин жол картасын Текебаев чийген менен, аны турмушка ашырууну Роза Отунбаева аткарган. Татаал, маанилүү миссияны аткарууда Роза Исаковнанын Кыргызсандагы, эл аралык авторитети, билими, чоң тажрыйбасы, өжөр, тайманбас мүнөзү, жоопкерчиликти өзүнө ала бил­ген эрктүүлүгү чоң роль ойноду. Камырдан кыл сууругандай Кыргызстанды кыяматтан алып чыккан, аялдардын ролун Кыргызстанда эле эмес, Орто Азияда көтөргөн чыныгы лидер, Кыргызстандын айымы болгон Роза Отунбаевага Атамбаев татыктуу баасын бере алган жок.

«Соке дос, алты жыл өтүп, Роза Исаковнанын эрдигинин та­рыхый баркы, наркы көрүндү. Баатырлыкты Роза Отунбаевага бер, менин эмгегим саясый күрөштүн чаңы басылгандан кийин, 5-6 жылдан кийин билинээр. Ошондо сен, же кийинки президент, эл баалаар» десе, жигитчилик жана даанышмандык болбойт беле! Бул накта лидерлик сапаттар. Тилекке каршы, Атамбаев мындай деңгээлге көтөрүлө алган жок. Тескерисинче, тарыхты кайра жазганга аракет кылды.

Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын май айында адам укугун, де­мократия принциптерин экинчи планга койгон мамлекеттик жаңы Конституцияны сунуш кылып чыкты. Ал Конституциянын долбооруна Отунбаева баш болгон Убак­тылуу өкмөттүн мүчөлөрү, жарандык коом каршы чыгышты. Те­кебаев Венеция комиссиясынын мүчөсү катары да каршы чыгып, Венеция коммиссиясы Алмазбек Атамбаевдин демилгесин тоталитардык мамлекет куруунун айласы катары баа берди. Мындан соң Атамбаев өз планынан баш тартууга мажбур болгон. Намыстанып, 2016-жылы август айын­да Конституцияны косметикалык гана өзгөртүүлөрдү киргизген долбоорун сунуш кылды. Утулганына ызаланган, туталанган Атамбаев ошол жылдын 31-августунда эгемендүүлүк күнүндө борбордук аянттан Роза Отунбаевага жана Убактылуу өкмөткө «согуш» жарыялады… Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү «Атамбаев берген антын бузду, убададан тайды» деп аныкташты.

Тарых кайталанды. Атамбаев өзүн бийликке алып келишкен Роза Отунбаева, ӨмүрбекТекебаев жана башкаларга куугунтук уюштура баштады. Бул жолу кыргыз соту Польша сотунун деңгээлине көтөрүлө албады. Текебаевди жалган жалаа менен мыйзамсыз соттошту. Акыркы сөзүндө Өмүрбек Текебаев: «Соттун бул өкүмү мага эмес, Атамбаевдин ишмердигине чыккан өкүм» деп жарыялады.

Көрүнүктүү коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Текебаевдин туулган күнүндө сөз сүйлөп жатып, «Текебаев утулган жок, Атам­баев утулду. Бул тарыхтын берген баасы» деди.

Узаган жылдын 16-августунда сот Текебаевди «коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарды, 1-ноябрда мандатынан ажыратты. Өкүнүчтүүсү, мунун баары анын күнөөлүү экенин далилдей алышпагандыгына карабай ишке ашты.

Оор түйшүктү башынан кечирсе да, улут лидеринин эркин майтарып, сындыра алган жок. Тескерисинче чыйралтып, духун бекемдеди. Өзү да ар дайым чындык ал тарапта экенин, өзүнүн ак экенин сөзсүз далилдей аларына ишенерин айтып келет. Чындыкка жетүү кыйын, бирок, акыйкаттык эртедир-кеч орнойт! Ак ийилет, бирок сынбайт!..

Саясатчы Текебаев маектеринин биринде «жакшы партия түзүү бүтүндөй бир өмүрдү талап кылат» деп айтканы бар. Өзү айткандай, ал буга чейинки 27 жылдык өмүрүн саясатка, Конституцияга, мыйзам чыгарууга арнады. Бул анын келечекке ыроологон «белеги» болду десек да туура болор. Кийинки муун анын атын парламенттик демократиянын жүзү жана символу, акыйкаттык үчүн күрөшкөн баатыры деп тарыхтан окуур күн келет.

Текебаев бүгүн 59дун чайын ичип, тилекке каршы, абакта жатат. Тарыхый жеңишин реалдуу жеңишке айлантуу үчун түрмөдөн алты саны аман, ден соолугу чың бойдон, эң башкысы, кайратынан тайбай, эрки майтарылбай чыксын деп тилек кылгандар мындан көп.

 Журтуңдун денеси ооруп,

Жан бою сыздап турат.

Таажыдай мөңгүлөрдүн,

Тагдыры ыйлаттырат,

 

Калкыңдын шор бешене,

Көңүлү муздап турат,

Карды ток болсо дагы,

Кадыры ыйлап турат.

 

Колдон иш келбегени,

Көөдөндү кыйнап турат.

Камакта жатсаң дагы,

Калкың, бил, урмат кылат.

 

Кабарың эже айтты:

«Курчуптур, чыйрак турат,

Тулпардай таң ашырган,

Турпаты туйлап турат».

 

Калкыңдын үмүттөрү,

Канткенде бат акталат,

Айласын тапчы, кантип,

Максаттар орундалат.

 

Ким анан сенден башка,

Калкына берет жарап,

Ким анан сенден башка,

Ачкөз, сук даңгыттардан,

Мекенди сактап калат?

Төлөн Бектемир

Булак: Азия Ньюс

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *