Metro Pub түнкү клубунда кыздар мушташып, алардын бири ур-токмокко алынган

Бишкектин Metro Pub түнкү клубунда мас абалындагы эки эс алуучу дагы бир кызды ур-токмокко алышкан. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИБнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 5-ноябрга караган түнү “102” номуруна  Metro Pub клубунда аялдар мушташып жаткандыгы тууралуу коңгуроо түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери мас абалындагы эки кыз клубдун дагы бир эс алуучусун сабашкандыгын аныктаган. Алар жабырлануучун iPhone 6s жана iPhone 10x үлгүсүндөгү телефондорун атайлап сындырышкан.

“Жабырлануучу шектүүлөргө карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазды. КРнын кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Милиция кызматкрлери 21 жаштагы С.Б. жана 23 жаштагы С.Мны кармашты”-деп билдиришти ШИИБда.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *