Мигранттар 1 миллиард 744.2 миллион доллар которушту

Кыргызстанга 2018-жылдын сегиз айында 1 миллиард 744,2 миллион доллар которулду. Бул тууралуу Улутгук банк маалымдайт. Алардын билдирүүсүндө, 2017-жылдын сегиз айына салыштырмалуу 163,4 миллион долларга көп акча келген. Адаттагыдай эле Россияда иштеген мигранттар мекенине эң көп каражат жолдошкон. Бул 1 миллиард 712,3 миллион доллар. Андан кийинки орунда АКШда иштеген мекендештер турат. Алар өлкөгө 16,8 миллион доллар которушкан. Ал эми Кыргызстандан башка өлкөлөргө 2018-жылы 336,2 миллион доллар которулган.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *