Миграция жетекчиси Ибраимжанов качан кыймылдайт?

Өкмөткө караштуу миграция кызматындагы коррупция ордунан козголбой, дың бойдон жатканы өкүндүрөт. Чет элден келген жарандарды документтештирүү жана чет жакка барып иштөө үчүн кагаздарды даярдоо, аларды жөнөтүү жаатында олчойгон жемкорлук өөрчүгөнү кеңири айтылып келет. Бирок, мурунку жана азыркы жетекчилик тарабынан чара көрүлгөн жок. Тескерисинче ошол «кормушкага» шарт түзүп, бир күндүк өмүрүн болсо түштүгүнө жорго мин деген принцип менен иш жүргүзүп жатышат. Президент өзү келип көзгө сайганга чейин жамбаштап жатпай Болотбек Ибраимжанов кыймылдабайбы? Булар бери дегенде канча мигрант кайсы өлкөдө иштеп жатканын айта албайт экен кургур…

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *