Михаил Саакашвили: “Мен Грузияга президент болуп шайланганда мугалимдер $35 айлык алышчу, мен президенттиктен кетип жатканда мугалимдер $650 айлык алып калышкан”

“Эгерде өлкөнүн келечеги кандай болоорун билгиң келсе, ал мектептерине кирип көр. Мен Грузияга жаңы президент болуп шайланган кезде мугалимдердин айлык акысы 35 долларды түзчү, ал эми алардын орточо жаш курагы 55 жаш болчу. Мен президенттик кызматтан кетип жатканда мугалимдердин айлыгын 650 долларга жеткирдим, ал эми өлкөнүн көптөгөн жаштары мугалим болууну кыялданышчу.

Бирок биздин билим берүүдөгү реформабыз жалгыз гана маяналарды көтөрүү менен чектелген жок. Биз тоолуу жана райондук деген бөлүнүүнү жок кылдык. Ар бир райондо күнү-түнү иштей турчу мугалимдердин үйлөрүн курдук. Ал жерлерде алар квалификациясын жогорулатып, айлык акысы көз каранды болгон экзамендерге даярдана алышчу.

Бюджеттен каражат ар бир окуучуга каралчу жана ата-энеси балдарын бергиси келген мектептер көп акча алышчу. Ата-энелер, мугалимдер жана мектептин жетекчилиги мектептин бюджети кандай бөлүнүшү керектигин чогуу чечишчи. Биз чет өлкөлөрдөн 15000 ыктыярчы чакырганбыз, алар жада калса тоолуу айылдардагы мектептердеги окуучуларга англис тилин үйрөтүшкөн. Биринчи сентябрда ар бир окуучу белекке ноутбук алчу, анда билим берүү боюнча программалар алдына ала орнотулган. Биз муну балдар кичине кезинен жаны технологияларга айкалышуусу үчүн кылганбыз.

Бул иштердин баарына биз каражаттарды наркобарондордон жана коррупционерлерден конфискациялап, чынын айтканда, жерден сууруп чыкканбыз.

Украинада дагы дал ушуну жасоого болот. Жөн гана каалоо жана баштоо керек. Муну биздин “барыгаларыбыз” жасайт деген үмүт жок. Ошол үчүн биз бийликти өз колубузга алып, демократиянын жардамы менен керектүү кадамдарды жасоого тийишпиз. Мектептер менен бирге Украина дагы өзгөрүшү үчүн.”

Кыргызчалаган:KyrgyzToday

1 ой-пикир

  • Мин айткан менен Бизде эчнерсе озгорбойт, себеби
    Парламентте байлар Гана олтурат, аларга Эчнерсе
    Озгорбогону жакшы. Башка Чондорубуз ошондой, бизге Михаил Сдай жанычыл Киши керек, жегендерди( Акаевден баштап )четинен Кустурмайынча эч онолобойбуз!!!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *