Милиция кызматкерлери тарабынан кезектеги каракчылар тобу кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 7-январь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө шаардын жашоочуларынан каракчылык болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул туурасында Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы билдирет.

Бул маалымат боюнча окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу барып иликтешкен. Тергөөнүн жүрүшүндө үч азият улутундагы 20-25 жаштардагы бейтааныш бет капчан балдар батирге кирип келишип аларды коркутушуп, “Айфон 5” үлүгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 50 миң сомун алышып, белгисиз тарапка качып кетишкен. Милиция кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада 20 жаштагы Б.у.А., Т.у.Т ., С.Т., и К.К аттуу жарандар кармалган.
Бул факты боюнча Биринчи май РИИБси тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *