Милицияны “митедей” эзген Скандарбек Көчөрбаевдин да көзүнө “чаар чымын” конду

ИИМдин ички иликтөө кызматынын башчысы Скандарбек Көчөрбаевге кылмыш иши козголду. Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы, милициянын полковниги С. Көчөрбаев “Ички иштер органдары тууралуу” мыйзамдын, Ички иштер органдарынын катарында кызмат өтөө тууралуу Жобонун, кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн талаптарын так жана мыйзам чегинде сактабастан, аны одоно түрдө бузууга жол бергендиги, мыйзамдуулукту көзөмөлдөө жана аны көз карегиндей сактоо боюнча өзүнө бекитилип берилген кызматтык ыйгарым укуктарын жана түздөн түз милдеттерин аткарууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы, ошондой эле ички иликтөө кызматы тарабынан ички иштер органдарынын кызматкерлерин коркутуп-үркүтүү ыкмаларын жана видео-аудио жазууларды пайдалануу менен акча талап кылуу, пара алуу фактылары да орун алгандыгы ачыкталтан. С. Көчөрбаевдин үстүнөн Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасы тарабынан кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин 2 бөлүгү менен (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) иш козголгондугуна байланыштуу жана ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы катарында ишмердүүлүгүндө кетирген одоно кемчиликтери үчүн ал ички иштер органдарынын катарынан бошотулду. Акыры ушундай болмок. Милиция кызматкерлерин ашыкча эзип, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган бул эргулдун да жооп берээр күнү бар экен. Эми эң башкысы мындай мителер жазасыз калбаш керек. Булардын бултактап кетпеши үчүн соттук иштердеги окуянын өнүгүшүн коомчулук, журналистика айдыңы катуу көзөмөл кылып турушу керек.

Булак: De-Факто

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *